Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Египет: Укук коргоочулар бөөдө өлүмгө кабатыр


Египет -- Жол полициячысы көчөдө. Каир, 19-август, 2013.
Египет -- Жол полициячысы көчөдө. Каир, 19-август, 2013.

Адам укуктарын коргогон жергиликтүү жана эл аралык уюмдар Египетте "Мусулман агайындар" кыймылынын 36 жактоочусунун өлүмүн тергөөнү талап кылышууда.

Өлкөнүн ички иштер министрлиги билдиргенине караганда, алар Каирдин четиндеги абактан качууга аракеттенгенде бир полициячыны барымтага алышкан. Аны бошотуу үчүн тартип коргоочулар жаш агызчу газ колдонуп, 36 кишинин бардыгы газга ууланган.

Башка бир булактар болсо "Мусулман агайыңдарынын" тарапкерлери полициянын машинесинде, түрмөгө жеткирилип бараткан жеринен тумчугуп каза табышканын ырасташууда. Окуянын алдында куралдуу күчтөрдүн башчысы мындан ары зордук-зомбулукка жол берилбестигин билдирген. Абдел Фаттах ал-Сиси муну менен бирге исламчылар саясий процесстерге камтылууга тийиш деп кошумчалады.

Өкмөт жарыялаган маалыматка ылайык, өткөн шаршембиден бери өткөн ай башында бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагны кагылышууларда бери дегенде 830 киши набыт кетти.

Ал тапта Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Сауд ал-Файсал Батыш Египет армиясына кысым көрсөтпөөгө тийиш деп эскертти:

- Биз соңку окуялар боюнча ой бөлүштүк. Ал жалпы ой-пикирлер кырдаалдан чыгуу үчүн керектүү позицияга алып келет деп ишенем. Кандайдыр бир кысым жемиш берет же Египетте тынчтыкты, коопсуздукту калыбына келтирүүгө жардам берет деп ойлобойм, - деди министр жекшембиде Франция президенти Франсуа Олланд менен Париждеги жолугушуудан кийин.

Рияд 2011-жылы элдик көтөрүлүштүн натыйжасында кулатылган мурдагы президент Хосни Мубарактын жакын өнөктөшү болчу. Ыңкылаптан кийинки шайлоо "Мусулман агайыңдар" кыймылынын жеңиши менен аяктаган.

Франция мамлекет башчысы Франсуа Олланд Египетте жаңы шайлоо өткөрүүгө үндөдү:

- Араб өлкөлөрү, Европа, Франциянын орток милдети бар. Бардыгыбыз кан төгүүнү токтотуу үчүн аракет көрүшүбүз керек. Египеттин саясий жетекчилиги жол картасын иштеп чыгып, элге көз карашын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берип, шайлоо уюштурууга тийиш.

Европа комиссиясынын жана Европа кеңешинин төрагалары биргелешкен билдирүүдө зордук-зомбулукка чекит коюу озуйпасы армия менен өткөөл өкмөткө жүктөлөрүн белгилешти.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери ушул аптадагы жыйынында Египеттеги окуяларды талкуулашмакчы. Ал арада Синай жарым аралында египеттик 24 полициячы буктурмага кабылып окко учту.

Коопсуздук күчтөрүндөгү булактар ырастагандай, тартип коргоочулар бараткан эки автобуска Газа тилкеси менен чек арага жакын жерден куралчан адамдар кол салган. Египет президенти Мурси кулатылган 3-июлдан бери бул чөлкөмдө египеттик аскерлерге чабуулдар көбөйдү.

XS
SM
MD
LG