Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Египет: Утурумдук президент ант берди


Адли Мансур
Адли Мансур

Египетте Конституциялык соттун төрагасы Адли Мансур бүгүн өлкөнүн убактылуу президенти катары ант берди. Кечээ мамлекеттеги аскерий жетекчилик исламчыл президент Мухаммед Мурси бийликтен кулатылганын жарыялаган.

Адли Мансур бүгүн Жогорку Конституциялык соттун имаратында өлкөнүн утурумдук президенти катары ант берди. Окуяны мамлекеттик телеканал көрсөттү.

"Азыркы ыңкылаптын улантылып жатканы жөнүндө сезим бизге бул революциянын баалуулуктары сакталат, аткарылат деген үмүттү жаратат, - деди өз сөзүндө Мансур. - Биринчи кадам бир адамга сыйынууну, аны жарым кудай катары таанууну токтотуудан, алсыздар башкаруучуларга, президенттерге тартуу кылышы лаазым деген ойдон кетүүдөн башталат".

Мамлекетти эми жаңы шайлоо өткөнгө чейин Конституциялык соттун төрагасы Мансур башкарып турат. Шайлоонун өтөр күнү али белгисиз.

Мухаммад Мурси "аскерий төңкөрүш" менен президенттиктен кулатылды. Бул көңүлдү иренжитет
Ахмет Давутоглы
Кечээ бул өлкөдө аскерий жетекчилик президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулаткан жана, азырынча тактала элек кабарларга караганда, президенттин «Мусулман агайындар» кыймылындагы бүт санаалаштарын камады. «Ал-Ахрам» мамлекеттик басылмасы аталган кыймылдын 300 лидери менен мүчөлөрүн камоого буйрук чыгарылганын жазды. Мурсинин өзүн да айрымдар үй камагында отурганын, башка бир кабарларда аскерий базада кармалып турганын айтышууда.

Былтыр демократиялык шайлоолордо президенттикке келген Мурси бийликтен оодарылганы жөнүндө кабарды шаршембиде Египет армиясынын командачысы, генерал Фаттах Сиси жарыялап, "ал элдин үмүтүн актай албаганын", ошон үчүн исламчыл кыймылдын таасири астында жазылган Конституция да эми иштебей турганын айткан.

"Биз Египет элинин стабилдүү коопсуздугуна коркунуч келтирген зордук-зобунду токтотуш үчүн улуттук мунаса таба алабыз го деп үмүттөндүк. Бирок өткөн түнү президент өзүнө чегерилген 48 сааттык убакыт бүтпөй жатып жасаган жоопкерсиз билдирүүсү бизди, аскер күчтөрүн, улуттук жана саясий лидерлер жана жаштар менен сүйлөшүүгө мажбур кылды. Жолугушууда биз күчтүү, бирдиктүү Египет коомун куруп, жумурияттагы кан төгүүлөрдү токтотуунун жол-жобосуна токтолдук", - деди армия жетекчиси Сиси.

Шаршембидеги окуянын алдынан мамлекеттин бир топ шаарларында президентке нааразы жүз миңдеген эл демонстрацияларга чыгып жатышкан. Аскерий жетекчиликтин жарыясын Каирдеги борбордук Тахрир аянтына чогулган демонстранттар сүйүнүч менен кабыл алып, түнү бою майрамдашты. Бирок айрым шаарларда президенттин тарапкерлери менен кагылыштарда кеминде тогуз адам набыт болду.

Мурси өзү мурдараак соңку окуяны “аскерий төңкөрүш” деп атап, элди ага каршылык көрсөтүүгө чакырган.

Дүйнө демократияга чакырат

Дүйнөдөгү өкмөттөрдүн ичинен азырынча Түркия гана Египеттеги окуяны "аскерий төңкөрүш" деп атады. Мамлекеттин Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглы бүгүн Стамбулдагы маалымат жыйынында сүйлөп: "Демократиялык шайлоонун жыйынтыгында президенттикке келген Мухаммад Мурси Египет армиясынын төңкөрүшүнүн айынан бийликтен кулатылды. Египет ыңкылабын, анын жыйынтыгын эске алганда, азыркы окуя көңүл иренжитет", - деди түрк министри.

Калган дүйнө лидерлери азырынча Египеттеги соңку окуяларга камтамачылыгын гана билдирип жатышат.

АКШнын президенти Барак Обама окуяга “катуу тынчсызданып” жатканын айтып, Вашингтон тезинен өлкөдө демократиялык жол менен тандалган өкмөт ишине киришүүсү керек деп эсептээрин билдирди. Мындан сырткары, АКШ азыр Египетке сырттан колдоону да караштырып жатканын кошумчалады Обама.

Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун элди бардык тараптарды “тынчтанууга, зомбулуктан алыс болууга, тынч сүйлөшүүлөргө” чакырды. Евробиримдиктин Тышкы иштер министри Кэтрин Эштон да “баарын кайрадан тезинен демократиялык процесске кайтууга” үндөдү. Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон бүгүн журналисттерге сүйлөп: "Биз эч бир өлкөдө армиянын аралашканын колдобойбуз. Бирок азыр Египеттен күткөнүбүз – эртерээк өлкө демократиялык жолго түшүшү керек жана буга бардык тараптар кошулушу абзел", - деди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG