Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:08

Жон Керри Каирде болду


Мурсинин жактоочулары көчөгө чыккан учур. Каир, 1-ноябрь, 2013-жыл.
Мурсинин жактоочулары көчөгө чыккан учур. Каир, 1-ноябрь, 2013-жыл.

АКШ мамкатчысынын Египеттеги сапары бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин сотунун алдына туш келди.

Жараянга Египеттин учурдагы бийлиги, “Мусулман агайындар” кыймылы, алардын жактоочулары да даярдык көрүп жаткандай. Каирге Мурси бийликтен кулатылгандан бери АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри кечээ алгач ирет келип, египеттиктерди “демократияны көздөй жүрүшүн” улантууга чакырды.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн соң кабарчыларга сүйлөп жаткан кезинде Каирдеги ислам университети алдында Мурсинин жактоочулары менен каршылаштары кайрадан кагыша кетти. Мурсини колдогон студенттер анын бүгүнкү сотуна каршы ал-Азхар университетинин алдына жыйналышса, армияны колдогон студенттер аларга атаандаш демонстрация менен чыгышкан.

Жон Керри Египеттин тышкы иштер министри Набил Фахми менен жолугууда. 3-ноябрь, 2013-жыл
Жон Керри Египеттин тышкы иштер министри Набил Фахми менен жолугууда. 3-ноябрь, 2013-жыл
АКШ Мамлекеттик катчысы Египетте исламчыл президент Мурсини армия бийликтен кулаткандан бери орун алган зордук-зомбулук көрүнүштөрүнүн баарын айыптады. Бирок Мурсинин өзү жана анын бүгүнкү соту тууралуу эч нерсе айткан жок. Болгону ар бир египеттиктин үстүнөн сот адилет жана ачык-айкын өтүүсү керектигин белгиледи.

Баяндамачылар АКШ Мамлекеттик катчысы Египетке демократиялык жол менен шайланган президент Мурси быйыл 3-июлда бийликтен четтетилгенден бери алгач ирет келгенине көңүл бурушту.

Мурси бийликтен кулатылгандан бери анын нааразы болгон жактоочуларынын демонстрацияларын күч менен басуулар учурунда жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылган.

Өткөн айдын башынан тарта Вашингтон Египетке жылына берилүүчү 1,5 миллиард доллардык аскерий жана башка жардамдын кезектеги бөлүгүн токтотуп, мунун себептери катары өлкөдө демократиялык реформалар жоктугун, Мурсинин жактоочулары зордук-зомбулукка кабылганын да атаган эле.

Жон Керри Каирдеги сөзүндө Кошмо Штаттардын Египетке жардам берүүнү токтотуу чечиминин маанисин басаңдатып, алака-катыш жардам менен эле аныкталбашы зарылдыгын белгиледи:

- Албетте, биз белгилүү бир мезгил аралыгына токтотулуп коюлган жардамга байланыштуу чечим айрым жерлерде жакшы кабыл алынбай турганын түшүнгөнбүз. Бирок бул жазалоо эмес. Бул биздин саясаттын АКШ мыйзамдарына ылайык чагылдырылышы. Өлкөдө өкмөт алмашкан учурда эмне кылуу керектиги боюнча АКШ Конгресси кабыл алган мыйзам бар. Биз аны аткарууга милдеттүүбүз.

Египеттин азыркы бийликтери президенттиктен кулатылган Мурсини жана “Мусулман агайындар” кыймылынын 14 өкүлүн 2012-жылдын декабрында демонстранттардын президент сарайы алдындагы өлүмүнө байланыштуу айыпташууда. Америкалык расмий өкүлдөр мамлекеттик катчынын Каирге сапарынын бул сот иши менен байланышы жоктугун билдиришти.

Керри өз сөзүндө Египет оор өткөөл учурду баштан кечирип жатканын моюнга алып, египеттиктерди кыянатчылыктардан баш тартып, “демократияны көздөй жүрүшүн” улантууга чакырды.

АКШ мамкатчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Египет тышкы иштер министри Набил Фахми эки тараптын алака-катышы нормалдаша баштаганынын белгилери бар деген ишенимде:

Набил Фахми менен Жон Керри, 3-ноябрь,2013-жыл
Набил Фахми менен Жон Керри, 3-ноябрь,2013-жыл
- Саналуу күн мурда мен АКШ –Египет алакасы чыңалууну баштан кечирип жатканын айткам. Бирок бүгүн мамлекеттик катчы менен жабык сүйлөшүүлөрдөн кийин мен АКШнын Египетти жана анын жол картасын колдоосу оң белги деген ишенимде калдым. Биз экөөбүз тең алака-катышты оң нукта калыбына келтирүүнү көздөйбүз. Керринин эки өлкө ортосунда стратегиялык диалогду баштоо жөнүндө айтканы да оң өнүгүш.

Египеттин тышкы иштер министри айткан жол картасы боюнча Конституция реформаланып, 2014-жылдын жазына карата шайлоолор өтүүсү керек.
Маалыматтарга караганда, АКШ мамлекеттик катчысы Египеттин жарандык коомунун өкүлдөрү менен да жабык сүйлөштү.

АКШ Мамлекеттик департаменти Керринин сапарын анын учагы Каирге конгонго чейин ырастоодон баш тартып келген эле. Египеттин мамлекеттик медиасы бул тууралуу бир нече күн мурда эле кабарлаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG