Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Египет: Сот президенттин жарлыгына "капкан салды"


Каирдин атактуу Тахрир аянты кайра толкууда. Бул ирет аянтка президент Мухаммад Мурсинин парламент кайра чогулсун деген жарлыгын жокко чыгарган Конституциялык соттун жарлыгын колдобогон он миңдеген египеттиктер чыкты.

Бир ай мурда Египеттин Конституциялык соту парламенттин ылдыйкы палатасына бир мандаттуу округдар боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган жана депутаттардын үчтөн биринин мандатын мыйзамсыз деп таап, Элдик жыйынды тараткан.

Аны ээрчий эле Куралдуу күчтөрдүн Жогорку аскерий кеңеши өзүнө парламенттин милдетин кайра алган. Армияны айбат туткан генералдар башындагы кеңеш өлкөнү 2011-жылы февралда Хосни Мубарак президенттиктен элдин кысымы астында кеткенден тарта башкарып жаткан.

Мухаммад Мурси 17-18-июндагы президенттик кайра шайлоодо жеңип, ай соңунда тактыга отурар алдында генералдар шахматтык жүрүш жасап, “конституциялык декларация” менен бийлик укуругун узарткан. Анын негизинде президент куралдуу күчтөрдүн командачылык укугунан ажырап, Аскердик кеңеш Конституцияга вето жарыялоо укугуна ээ болгон.

Президент Мурси жекшемби күнү Жогорку Соттун чечимин четке кагып, жаңы Конституция даярдалып, жалпы элдик референдумда кабыл алынганча парламент өз функциясын улантсын деген жарлык чыгарган. 10-июлда Конституциялык сот президенттин жарлыгын Баш мыйзамды бузат деп, аны жокко чыгарды жана соттун чечими талкууга жатпайт деген билдирүү жасады.

Ошол эле күнү парламент бир нече мүнөткө чогулуп, акыркы парламенттик жана президенттик шайлоолордун жыйынтыгына жараша бийликти баланстоо зарыл дешип, сотко доо арыз менен кайрылмак болушту.

Парламентте “Мусулман агайындар” кыймылынын саясий канаты - "Эркиндик жана адилеттик" партиясы көпчүлүк мандатка ээ.

Парламент мүчөсү Мухаммад Сахир өлкө президентинин Элдик жыйын боюнча жарлыгын колдоду. Себеби депутаттар элдин эрки боюнча шайлангандыктан, президент аларга “өз үндөрү шайлаган депутаттарын ордуна кайра отургузду” дейт:

- Президенттин декрети элдин укугун калыбына келтирет жана бийликтердин укуктарын баланстап-теңдейт. Президенттин эл шайлаган парламентти калыбына келтиргенин Каир университетиндеги ант берүү аземинде жарыялаганы кокустук эмес. Ал өлкөдөгү бийликтерди жана башкарууну убадасына ылайык калыбына келтирди. Биз мыйзам чыгаруу укугу армиянын колундагы бир дагы өлкөнү билбейбиз.

Дүниябый партиялар президент Мурсинин кадамын жана парламенттин сессияга чогулуусун колдошкон жок. Ошон үчүн алардын өкүлдөрү же депутаттардын үчтөн бири парламенттик жыйынга барышкан жок.

Ошентип президент Мурсинин жарлыгы өлкөнү кайра эки жаатка бөлдү. Анын аягы кайра ыңкылап менен бүтөбү же Мурси генералдар менен тил табышабы, аны убакыт көрсөтөт.

АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон Египеттин исламчыл президентин жана армияны ортодогу келишпестиктерин мунаса менен чечкенге үндөп, эч бир жактын талабын жактаган жок. Бирок Мурси өлкө тарыхында биринчи жолу эл шайлаган президент экенин, шайлоо ачык-айкын жана атаандаштык жагдайында өткөнүн белгилей кетти.

XS
SM
MD
LG