Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

Египеттиктерди президенттик шайлоо каршылаштырууда


Египет -- Президенттикке талапкер Ахмед Шафиктин штабынын жанындагы нааразылык. Каир, 28-май, 2012.
Египет -- Президенттикке талапкер Ахмед Шафиктин штабынын жанындагы нааразылык. Каир, 28-май, 2012.

Каирдин ортолугундагы Тахрир аянтына бүгүн таң азанда 2 миң чамалуу адам чогулду.

Алар президенттик кайра шайлоого мурдакы президент Хосни Мубарактын өкмөтүн жетектеген Ахмед Шафиктин катышуусуна нааразы жана добуштар ага кошуп саналган деп эсептешет. Кечээ дүйшөмбү күнү караңгы түшкөндөн кийин белгисиз адамдардын тобу президенттикке талапкер Ахмед Шафиктин штабынын алдында нааразылык билдирип, андан соң кеңсеге өрт коюп жиберишти. Өрт тез өчүрүлдү. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Өрт жөнгөрүлгөн соң Ахмед Шафиктин жактоочулары чогулуп, ал үчүн жанын бергенге даяр экенин айткан ураандарды чакырышты. Алардын бири Ройтерс телеканалына берген интервьюда Шафиктин штабына бейбаштар кол салганын айтты:

- Кээ бир бейбаштар келип, имаратка өрт коюшту. Эмне үчүн билбейм. Алардын ким экенин эч ким билбейт. Баарын шайлоо чечиш керек. Алар эмнеден коркот? Баарын шайлоо чечиш керек.

Каирден башка да Александрия, Дакалия, Мансура шаарларында да Шафиктин кайра шайлоого катышуусуна каршы нааразылык жүрүштөр болгону маалымдалды.

Андан мурдараак Египеттин шайлоо комиссиясынын төрагасы Фарук Султан эки айлампа менен өткөн шайлоонун жыйынтыгын жарыялаган болчу:

- Президенттик шайлоодо бир дагы талапкер көпчүлүк добушту албагандыктан кайра шайлоо болот. Президенттик шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 40-беренесине ылайык, эң көп добуш алгандар: доктор Мухаммед Мурзи мырза жана доктор Ахмед Мухаммед Шафик кайра шайлоого түшөт.

Көпчүлүк египеттиктер былтыр февралдагы элдик толкундоолорго туруштук бербей президенттиктен кеткен Хосни Мубарактын акыркы өкмөтүн жетектеген Ахмед Шафик кокус президенттикке шайланса, ал Мубарактын заманын кайра тирилтет деп кооптонушат.

Мубарак өлкөнү 30 жыл башкарган. Шафикти 5, 5 млн. адам же шайлоого катышкандардын 23, 3 проценти колдоду. Экинчи талапкер Мухаммед Мурзи - "Мусулман агаиндер" кыймылынан. Аны шайлоочулардын 24, 3 проценти же 5,76 миллиону жактады. Саясый өнөктүккө 50 миллион шайлоочунун 46 проценти гана катышты. Кайра шайлоо 16-17-июнда болот.

Эгерде президенттик шайлоодо консервативдүү исламчы катары белгилүү Мурзи жеңсе, "Мусулман агайиндердин" мамлекеттик бийлик бутактарындагы орду дагы бекемдейт. Себеби, азыр аларга парламенттеги орундардын теңине жакыны таандык. Египеттин жаңы конституциясы бекитилгенче, жаңы президенттин бийлик укугу кандай болору беймаалым. Бирок көпчүлүк египеттиктерде өтмө өкмөт башындагы генералдар бийликти жарандык өкмөткө өткөрүп бергенден кийин да мамлекетти башкаруудагы таасирин сактап калат деген чочулоо күчтүү.

XS
SM
MD
LG