Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

Эл аралык кылмыш сотуна мүчө өлкөлөр башкы прокурор Ханды кызматтан четтетүүнү колдошту

Карим Хан.
Карим Хан.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна мүчө мамлекеттер Карим Ханды бул соттук органдын башкы прокурору кызматынан четтетүүнү колдоп добуш берди. Бул тууралуу алгачкылардан болуп Reuters агенттиги эки дипломатиялык булагына таянып жазды.

Алардын айтымында, мындай чечимди 125 өлкөнүн 82си колдоду. Кайсы өлкөлөр “макул” деп добуш бергени беймаалым.

Кийинчерээк бул маалыматты Эл аралык кылмыш соту ырастады. Соттун маалыматында Хан кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда олуттуу тартип бузууга жол бергени белгиленди.

2024-жылы Ханга карата сексуалдык ыдык көрсөтүүгө байланыштуу айып коюлган. Ал бул айыптоолорду четке кагып келет. 2025-жылдын май айында ал өргүүгө чыккан, быйыл июнь айында тергөө иштери аяктаганга чейин анын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.

Хандын тушунда Эл аралык кылмыш соту бир нече резонанстуу ордер чыгарган. 2023-жылдын март айында сот Орусиянын президенти Владимир Путинди жана балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы украиналык балдарды Киевдин көзөмөлүндө болбогон аймактарга мыйзамсыз алып чыгуу тууралуу айыптоо боюнча камоо ордерин чыгарган.

2024-жылы ноябрда сот Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху менен мурунку коргоо министри Йоав Галланды, ХАМАС (АКШда жана Еврошаркетте террордук деп жарыяланган) топтун үч лидерин Газадагы кылмыштар үчүн айыптап, аларды камоого ордер берген.

Шерине

XS
SM
MD
LG