Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

09:32 25.11.2022

Президент Садыр Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган. Жарлыкка кол койгон күнү мамлекет башчы курултай тууралуу пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, анда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жана бийлик делегат тандоого кийлигишпесин билдирген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган.

09:33 25.11.2022

Мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин башчысы Сүйүнбек Касмамбетов "Биринчи радиого" курган маегинде элдик курултайдын сайты ачыла турганын билдирген. Анда курултайда көтөрүлгөн маселелер, сунуштар жазылып, иш-чаранын программасы жарыяланарын, анда кабыл алынган сунуштар, мыйзамдар тууралуу да маалыматтар чыгып турарын айткан.

"Мурдараак курултайдын жыйынтыгы боюнча кандай иш жүрөт деген суроо көп берилчү. Айрымдар курултайды жылына бир өтүп, анан унутулуп калчу жыйын катары түшүнчү. Курултай - бийлик менен элдин эч кандай ортомчусуз, түз байланышы", - деген Касмамбетов.

09:35 25.11.2022

Элдик курултайды уюштуруу комитети 3-ноябрда жыйынга чогулуп, курултайдын күн тартибин бекиткен. Президенттин басма сөз кызматы буга чейин жер-жерлерде уюштуруу маселелери, делегат шайлоого байланыштуу бир катар жыйындар болгонун кабарлаган.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жана чет өлкөлөрдөгү мигранттар арасынан делегат шайлоого байланыштуу жыйын 5-ноябрда өткөн.

"Курултайдын максаты - президенттин эл менен түз байланышуусу, анда делегаттар менен пикир алмашат. Мурдагыдай даярдалган "дүжүр" делегаттар болбойт. Бийлик менен элдин ортосунда эки тараптуу байланышты түзүү жана өлкөнүн өнүгүүсү боюнча берилген өзөктүү сунуштарды эске алуу менен мындан ары кадам таштоо",- деген мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

Маалыматта курултайда делегаттардын суроолору каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланары белгиленген.

"Аймактардан шайланып келген 1074 делегаттын суроо-талаптары, сунуштары жерде калбайт. Курултайда берилген сунуштар, каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Чечим мамлекеттик бийлик бутактарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш иретинде жиберилет",- деп көрсөтүлгөн.

09:36 25.11.2022

5-ноябрда Бишкек шаарында Элдик курултайга шаардан делегаттарды бекитүүдө Октябрь району боюнча талаш жаралган. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн жергиликтүү курултайда Октябрь районунан 16 делегат сунушталган. Бирок айрымдар тизме макулдашылбай түзүлгөнүн айткан.

“Азыркы берилген тизме эч ким менен макулдашылган эмес. Бул мэриядан келген тизме. Дүжүрлөр. Биз да жаңы тизме беребиз”, - деген катышуучулардын бири.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG