Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

10:32 25.11.2022

10:38 25.11.2022

Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин курамы бекиди жана анын төрагасы болуп Кадыр Кошалиев шайланды.

10:38 25.11.2022

25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда. Бул тууралуу мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Баткенден 71, Жалал-Абаддан 147, Нарындан 128, Оштон 179, Таластан 76, Чүйдөн 218, Ысык-Көлдөн 127, Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 26 жана диний конфессиялардан 10 делегат шайланды. Башта курултайга 1074 делегат катышары айтылган.

Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өкмөттүн мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышууда.

10:44 25.11.2022

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG