Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Капчыктуунун багын ачкан шайлоолор


Шайлоо участкасы.
Шайлоо участкасы.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеште 2020-жылга чейинки шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы жактырылды.

Бул документ кандай укуктук актыларды ичине камтыйт? Негизги өзгөрүүлөрдүн өзөгү эмнеде? Шайлоо мыйзамдарынын стратегиясы парламенттик башкарууну тереңдетет десек болобу? “Арай көз чарай” берүүсүндө ушул тууралуу кеп кылдык.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов жана юрист Ахунбай Кошой катышты.

“Азаттык”: Абдыжапар мырза, кечээ Улуттук кеңеште 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясын кабыл алуунун максаты эмнеде болду? Анын өзөгүндөгү негизги багыттар кайсы?

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

Абдыжапар Бекматов: Акыркы эки-үч жылда Кыргызстандагы шайлоо системасы жакшы деңгээлге чыгып калганы дүйнөлүк коомчулукка белгилүү.

Биздин максат - ошол жетишкендикти токтотпой, акыркы технологиялык, инновациялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, таза шайлоо өткөрүү. Ошол негизде президенттин жарлыгы менен стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топ алты айда бир нече багыттарда иш алып барды. Айталы, жергиликтүү кеңештер боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча, ошондой эле Жогорку Кеңешке жана президенттик шайлоо боюнча бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, нормаларды даярдоо, жаңы технология менен шайлоо өткөрүүнү өркүндөтүү жагынан сунуштарды даярдады.

Анын негизинде жумушчу топ стратегиянын долбоорун иштеп чыгып, Улуттук кеңешке сунуш кылган. Ошол документ кечээ Улуттук кеңеште жактырылып, кабыл алынды. Бизде көп жылдан бери эле шайлоочулардын тизмеси өзүнчө маселе болуп келет.

Мисалы, расмий статистикада 18 жаштан улуу адамдардын саны 3 миллион 900 миң болсо, шайлоочулардын тизмесинде 3 миллион 100 миң болуп, ортодо 800 миң адам шайлоого катыша албай жүрөт.

Анын көп себептери бар экенине карабай биз бул маселени чечишибиз керек. Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиз 30-40 жерде эле добуш беришет. Бир миллиондон ашык биздин жарандар үчүн бул сандар жетишсиз, аларды да көбөйтүү маселеси турат. Чет өлкөлөрдө жашаган биздин жарандардын конституциялык укуктарын коргоо боюнча сунуштар даярдалды. Бул жумушчу топ беш кичи топторго бөлүнүп, аймактарды кыдырып чыгышты, облустардын борборлорунда коомчулуктун, партиялардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен жолугушууларды өткөрүштү. Алардан түшкөн сунуш-пикирлер эске алынды, андан кийин гана Улуттук кеңешке берилди.

“Азаттык”: Исхак мырза, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү стратегиясын ишке ашырууда Жогорку Кеңештин орду чоң деп ойлойбуз. "Депутаттар бул документти иштеп чыгууга кандай салым кошту, төркүнү менен таанышпы?" деген суроолор жаралууда…

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Исхак Масалиев: Мен аталган жумушчу топтун иштеп чыккан стратегиясы менен тааныш эмесмин. Канткен күндө да шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизген – бул Жогорку Кеңеш. Бул документти иштеп чыгууда эмне үчүн Жогорку Кеңеш сыртта калганы боюнча маалыматым жок. Эң негизгиси - биз Конституцияга кайрылышыбыз керек. Бизде депутаттар партиялык тизме менен шайланышат, ал жерде да маселе жаралып келет. Жогорку Кеңештин жалпы сапаты жөнүндө сөз көп. Тизме боюнча депутат болуп алып, өз милдеттерин аткарбай жүргөн эл өкүлдөрү боюнча сын көп айтылууда. Мүмкүн бир мандаттуу округдарга кайтып келебизби деп ойлойм. Депутаттардын кол тийбестигин алуу боюнча сунуштар айтылууда. Айтор, чече турган маселелер көп.

“Азаттык”: Ахунбай мырза, "шайлоо системасын жакшыртуу" дегенде кайсы мыйзамдарды кабыл алыш керек, кайсыларына алымча-кошумчалар ккиргизилиши зарыл? Айталы, "Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоодо партиялык жана аймактык кызыкчылыктар тең сакталбай калган" деген пикирлер көп эмеспи...

Ахунбай Кошой.
Ахунбай Кошой.

Ахунбай Кошой: Жогоруда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары "Кыргызстандагы шайлоолорго дүйнө коомчулугу суктанып жатат" деп айтты. Алар биздеги кайсы жетишкендигибизге суктанып жатканын билбейм. Бирок, Кыргызстанда шайлоонун түпкү маңызы - демократиянын принциптери бузулуп жатканын билем. Демократия - бул эл бийлиги. Шайлоодо элдин мүдөөсү чечилип, эл ишенген адамдар депутат болушу керек эле. Иш жүзүндө андай болбой жатпайбы. Партиялык тизмеге кимдер кирип жатат?

Эл мүдөөсүн эмес, өз чөнтөгүн ойлогон олигархтардын тобу кирип жатпайбы! Өз аймагында эл ишенген, ошол чөлкөмдүн көйгөйүн жакшы түшүнгөн, бирок чөнтөгүндө акчасы жок адамды тизмеге киргизишпейт. Депутат болуу - өз байлыгын андан ары көбөйтүүчү мүмкүнчүлүк болуп калды. Парламентте акылы жана кесипкөйлүгү менен жогору турган адамдар отурушу керек эле. Мыйзамдык талаптарды ушул жагынан күчөтүш керек.

Абдыжапар Бекматов: Бизде 15-20 жылдан бери саясий партиялар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизиле элек. Ал эми шайлоо системабыз бир топ алдыга кетип калды, булардын шайкештигине жетишүүбүз зарыл. Депутаттарды шайлоодо партиялык жана аймактык кызыкчылыкты эске ала турган бир топ сунуштар айтылууда. Мисалы, персонификациялык добуш берүүнү колдонууну сунуш кылгандар бар. "Партиянын өзүнө эмес, тизмедеги адамдарга жеке добуш берилсе" дегендер бар. Тизмеге кирген талапкердин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча пикирлер келип түшүп жатат. Айтор, ушундай ой-пикирлердин баарын чогултуп, мыйзам долбоору катары Жогорку Кеңешке сунуш кылынат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Шайлоо мыйзамдары жакшырабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:12 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG