Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Тез өнүгүп бараткан экономиканын "кесели"


Жолоочу адам баалуу кагаздардын рыногундагы акциялардын сатылышын көрсөткөн электротаблону карап турат. Токио. Декабарь 2013
Жолоочу адам баалуу кагаздардын рыногундагы акциялардын сатылышын көрсөткөн электротаблону карап турат. Токио. Декабарь 2013

Жаңы 2014 - жыл келгенден тарта инвесторлордун тез өнүгүп бараткан өлкөлөрдөн салган акчасын чыгарып кете баштаганы байкалат.

Бул тенденция байкоочулар арасында ылдам өнүгүп бараткан мамлекеттердин экономикасы ишенимдүү өспөй калдыбы жана саясий бейстабилдүүлүктөр башталбайбы деген күдүк ойду жаратууда.

Себеби, казынанын кирешеси азайган шартта финансылык тартыштыкты жабуу үчүн улуттук өкмөттөр сырткы кредитти же кирешенин жаңы булактарын издөөгө мажбур. Болбосо, элге жага бербөөчү катаал финансылык чараларга барып, социалдык чыгымдарды азайтууга тийиш.

24-январда орус рубли АКШ долларына салыштырмалуу 10 процентке арзандады. Акыркы беш жылда рубль куну мынчалык качкан эмес. Түркиянын лирасы кунун бир күндө 1,6 процентке жоготту.

Президент Барак Обама (ортодо) Жанет Йеллен айым (солдо) АКШнын Борбордук банкынын жаңы төрагасы болуп көрсөтүлгөнүн жарыя кылууда. Банктын кызматтан кетчү төрагасы Бен Бернанке (оңдо). Ак үй, 9-октябрь, 2013
Президент Барак Обама (ортодо) Жанет Йеллен айым (солдо) АКШнын Борбордук банкынын жаңы төрагасы болуп көрсөтүлгөнүн жарыя кылууда. Банктын кызматтан кетчү төрагасы Бен Бернанке (оңдо). Ак үй, 9-октябрь, 2013
2008-жылдан бери биринчи жолу Түштүк Африка Республикасынын улуттук акчасы пендонун наркы качты. Мексиканын валютасы да акыркы алты айда биринчи мертебе долларга салыштырмалуу арзандады. Болбосо, Мексика песосу экономикасы тез өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн ичинен эң кубаттуусу эле. Эмне үчүн мындай болууда? Суроого Лондондогу Capital Economics компаниясынын башкы экономисти Найл Ширинг мындай деп жооп берди:

- Биринчиден, Кытай экономикасынын багытына жана өсүштүн кескин төмөндөө мүмкүндүгүнө байланыштуу чочулоо кайра жанданды. Экинчиден, инвесторлор АКШнын Борбордук банкынын буроону катуулатып жатканына жана Кошмо Штаттарда монетардык саясатты катаалдатууга багыт алганына көңүл бурушту.

Capital Economics - макроэкономиканы иликтөө боюнча дүйнөдөгү эң кадырлуу бейөкмөттүк изилдөө компанияларынын бири.

Инвесторлор тез өнүгүп бараткан дүйнөнүн локомотиви саналган Кытай экономикасы кандай өсөт деп кооптонууда. Андай чочулоолорго 2013-жылдын төртүнчү кварталында ички дүң жыйымдын 7, 7 процентке өскөнү шыкак болду. Бул үчүнчү кварталдагыдан 0, 1 процентке аз, бирок акыркы 14 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Буга өндүрүштүн жана инвестициянын жайлашы да салым кошту. Дүйнөлүк банктын боолгошунча, быйыл Кытай экономикасы 7,7 процентке, 2015-16-жылдары 7,6 процентке өсөт. Эл аралык валюта фонду - МВФтин эсебинче, быйыл өсүш Кытайда 7,3 процентти түзсө, андан аркы жылдары 7 процентке түшөт.

Мындай эки ача прогноз инвесторлорду ого бетер камтамага салды.

АКШнын Борбордук банкы болсо улуттук экономиканы стимулдаштыруу чарасы азайтыларын жарыя кылды. Атап айтканда, мамлекеттик жана ипотекалык баалуу кагаздар февралдан тарта 10 миллиард долларга аз сатып алына баштайт. Бул өз кезегинде тышкы инвестициянын эсебинен өсүп жаткан Бразилия, Түркия, Индия, Түштүк Африка, Индонезиянын экономикасынын таскагы басаңдайт, бул өлкөлөр экономикалык өсүштү төмөндөтпөө үчүн жаңы булактарды издөөгө тийиш дегенди түшүндүрөт.

Тышкы факторго катар ички проблемалар да алардын экономикасына тескери таасир эткенин айтты Найл Ширинг:

- Мунун баарындагы маанилүү нерсе: өнүгүп бараткан түрдүү рыноктор ортосундагы айырмачылыктарда жана алардын кемчиликтеринде. Мисалы, Орусия үчүн эң чоң түйшүк: АКШ Борбордук банкынын буроону катуулатканында эмес, өсүштүн жаңы булактарын табуу.

Орус рублинин жаңы жылда 10 процентке арзандаганы экономиканын келечеги кандай болот деген кооганы пайда кылды. Алтурсун Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев 2015-жылдан рублду рынокко эркин коё берүү жана валюта коридорун алып салуу планы кийинге калтырылышы мүмкүн экенин кыйытты.

Орусия. Кышкы Олимпиада оюндарынын символдору бар жаңы 100 рубль.
Орусия. Кышкы Олимпиада оюндарынын символдору бар жаңы 100 рубль.
Ички көйгөлөр демекчи, Түркияда премьер-министр Эрдогандын жакын союздаштарын коррупцияга аралашты деп, аларга каршы 17-декабрда прокуратура иш козгогондон бери лира 20 процентке жакын наркын жоготту. Лираны колдоо үчүн Түркиянын борбордук банкы 29-январда проценттик төлөмдөрдү жогорулатты. Индия менен Түштүк Африка да ушундай кадамдарга барды. Украин гривнасы антиөкмөттүк нааразылыктарга байланыштуу декабрдан бери 3 процентке алсырады.

Экономикасы тез өнүгүп бараткан өлкөлөр девальвация экспортту арзан кылып, болочокто экономикалык өсүүгө чыйыр салат деген үмүттө. Бул түркиялык жана украиналык болот өндүрүүчүлөр үчүн да мүнөздүү. Бирок, өндүрүш токтобосу үчүн дүйнөлүк финансылык кризистен оңолуп бараткан Батыш өлкөлөрүндө керектөө өсүшү абзел.

XS
SM
MD
LG