Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Эпидемия Европанын айласын курутууда


Кеминде 16 кишинин өмүрүн алган e-coli кайдан чыкканын Германиянын окумуштуулары таба албай жатышат. Бул инфекция адам өмүрүнө, саламаттыгына эле эмес, Евробиримдик өлкөлөрүнүн экономикасына да таасир этип, ич ара дипломатиялык чыңалууга кириптер кылууда.

Евробиримдиктин азык-түлүк коопсуздугуна жооптуу адистер бузулган жашылчадан тарады деп болжолдонуп жаткан коркунучтуу е-coli бактериясынын булагын табуу менен алпурушууда. Майдын ортосунда башталган бул жугуштуу илдеттен кеминде 16 киши мерт болду. Алардын он беши - Германиянын жарандары.

Жалпысынан эпидемияга Германия, Швеция, Австрия, Улуу Британия, Чехия, Дания, Франция, Нидерланды, Норвегия, Испания өлкөлөрүнөн 1400дөн ашык киши кабылган жана алардын 400дөн ашыгынын абалы оор. Дүйнөлүк Саламаттык Уюмунун айтымында, бейтаптардын 86 пайызы чондор жана алардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Илдеттен жабыркагандар Германиянын өзүндө басымдуу болуп жаткандыктан, бийлик өз жарандарын бадыраң, помидор жана салаттарды жебей турууга чакырды.

Германияда 1996-жылдан бери белгилүү e-coli бактериясы ири мүйүздүү малдын ичеги-карынында жашайт, бирок уй андан жабыркабайт. Тезек аркылуу жашылчага, андан адамга жугат. Бирок бул инфекциянын азыр эпидемияга айланып турган коркунучтуу түрү сейрек жолугат. E-coli илдетинин HUS деп аталган бул түрүнөн адатта кан аралаш ич өткөк пайда болуп, андан ары бактериялар бөйрөктү ууландырат жана иштен чыккан бөйрөк өлүмгө кирептер кылат. Дарыгерлер бул илдетти антибиотиктер менен дарылоо мүмкүн эмес деп жатышат. Ошондуктан, эпидемиянын очогу саналган Гамбургда илдетке чалдыккандар канга өзгөчө муктаж болуп жаткандыгы айтылууда.

Эпидемиянын айынан Европа өлкөлөрүнүн мамилелери да чыңалып турат. Немис бийлиги адегенде өлүмгө алып келип жаткан бактерия Испаниядан ташылган булганыч бадырандан чыкты деп жарыялаган. Мындай дооматты испан бийлиги такталган далил жок деп, четке каккан.

Германиянын айыл чарба министри Илс Эйгнер (Ilse Aigner) өткөн аптадагы божомолду кечээ негиздөөгө аракет кылды:

- Гамбург догдурларынын айтканына карата Испаниянын дооматы негиздүү. Бирок мен кайталап коюшум керек, Гамбург чынында эле текшерилген испаниянын эки бадыраңынан е-сoli илдетинин өзгөчө түрү табылган жок деп эсептеди. Бирок алар - булганган бадыраңдар, ошондуктан, чукул тынчсызданууга негиз болду, бул Европа мыйзамдарына дал келет.

Мадрид өз кезегинде чыгымдар үчүн Евробиримдиктен, Гамбургдан компенсация талап кыларын эскертти. Испаниянын жашылча-жемиш федерациясынын маалыматына караганда, жалпы Европанын испан жашылчасынан баш тартуусу аптасына 200 млн. долларга турууда.

Каталуниядагы айыл чарба биримдигинин жооптуу өкүлү Джоан Мэнель Мезэдо (Mesado) мындай жагдайга жакында жемиштер да кириптер болобу деп чочулады:

- Бул эми бадыраң экспортуна гана байланыштуу болуп атат. Жакында башка жашылчаларга, андан тышкары Испаниянын жайкы жемиштерине да жетет.

Ушуга үндөш билдирүү менен Нидерланды да чыкты. Маалыматка караганда, инфекциянын ыктымал булагы аталганга чейин голландиядан 8 миллион евролук бадыраң Германияга апта сайын ташылып турган.

Немис өндүрүшчүлөрү өз кезегинде шектүү азыктардын айынан күнүнө аз дегенде 2 миллион евро чыгым тартып жатканын айтышууда.

Испания менен Германиядан чыккан бадыраң жана томат азыктарына Москва да тыюу салды. Адистер инфекциянын булагы табылмайынча мындай чектөөлөр Евробиримдиктин бардык мүчөлөрүнө жайылыш ыктымалдыгын белгилөөдө.

Азык-түлүктөрдү жана дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча Америка Башкармалыгы Испаниядан чыккан бадыраң жана башка азыктарды текшерүүнү АКШ саламаттык сактоо кызматкерлери иликтешин каалады. Бул аралыкта Гамбург окумуштуулары инфекциянын мизин кайтаруу аракеттеринин алгачкы тыянактары эки аптадан кийин белгилүү болорун айтышууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG