Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

ЕБ Иранга каршы санкциясын күчөттү


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери кечээги жыйынында Иранга каршы экономикалык санкцияларды мурдагыдан да күчөттү. Биримдик өз кадамын Иран талаштуу өзөктүк программасынан баш тартпай жатканы менен түшүндүрүүдө.

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Люксембургдагы жыйында жактырган санкцияларга ылайык, эми Ирандан газ импорттоого тыюу салынат. Мындан сырткары жаңы санкциялар боюнча шаркетке мүчө өлкөлөрдүн компаниялары Иранга кеме курууга байланышкан технологияларды бербөөсү керек, мунай сактоочу жайлар менен камсыздабайт, Ирандын кара май тарткан танкерлерине тейлөө кызматын көргөзө албайт.

Ошондой эле Иранга металл жана графит сатууга да тыюу салынат.

Буларга кошумча активдери тоңдурулуучу жана Евробиримдикке келүүсүнө тыюу салынгандардын тизмесине жаңы 34 ишкана жана бир жеке адам кошулду.

Гуманитардык жардам, азык-түлүк жана дары-дармек сатып алуудан башка максаттагы акча которууларга да тыюу салынды.

Өкмөткө кысым

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг санкциялар жактырылгандан кийин Люксембургдан “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун фарси кызматы менен маегинде алардын күчөтүлүшүн расмий Тегеранга кысым көргөзүүнүн аргасы катары мүнөздөдү:

- Биздин максат, биздин Иранга каршы саясат - режимди өзгөртүү эмес. Биз Иран элининин кандай чечими болбосун урматтайбыз жана келечектеги демократиялык жараянга үмүттөнөбүз. Бирок биздин максат - өзөктүк программага байланышкан маселени жөнгө салуу. Эгер өзөктүк маселе жөнгө салынса, санкциялар, Батыштан Иранга кысым болмок эмес. Биздин биринчи максат - карапайым адамдарга оорчулук келтирүү эмес, өкмөткө кысым көргөзүү.

Британ тышкы иштер министри санкциялардан карапайым адамдарга да кандайдыр бир деңгээлде таасири тийерин моюнга алды, бирок өзөктүк программага байланышкан талаштын чечилиши ирандыктардын кызыкчылыгындагы маселе экендигин белгиледи.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон болсо Люксембургдагы басма сөз жыйынында санкциялар Иран өкмөтүнүн өзөктүк жана баллистикалык ракета программаларды каржылоо булагын олуттуу кыскартарына токтолуу менен төмөнкүлөрдү айтты:

- Биз мурдагыдай эле бул маселенин дипломатиялык жол менен чечилишин көздөйбүз. Мурдагыдай эле Иран биздин сунуштарга олуттуу мамиле жасайт деп үмүттөнөбүз.

Евробиримдик Иранга каршы буга чейин да санкциялардын бир нече айлампасын киргизген. Алардын эң таасирдүүсү быйыл 1-июлдан тарта күчүнө кирген мунай эмбаргосу болду окшойт. Ага ылайык, Евробримдик өлкөлөрүнө Ирандан мунай сатып алууга тыюу салынган.

Базарга таасир

Мунай - Иран үчүн чет элдик валюта алуунун башкы булактарынын бири. Мунай эмбаргонун таасири жакындан бери даана сезилип, өлкөдө АКШ долларынын таңкыстыгы жаралды, акыркы апталарда улуттук акча - риал бери деген 30% нарксызданды.

Уран байытуу программасы тынчтык максатты гана көздөйт деп ырастаган Иран бийликтери санкциялар аларды беттеген жолдон тайдыра албасын айтып келүүдө. Президент Махмуд Ахмадинежад 2-октябрда Тегеранда чет элдик журналисттер үчүн уюштурулган басма сөз жыйында:

- Алар (душмандар) биздин мунай соодабыздын бир бөлүгүн кыскарта алышты. Бирок мен биз мунун ордун толуктайбыз деп үмүттөнөм. Тышкы соода Ирандын аласа-бересесинде анчалык чоң мааниге ээ эмес. Бирок бул чоң психологиялык согуш катары колдонулуп жатат, андыктан анын базарга тийгизген таасири да жогору болууда.

Энергия боюнча эл аралык агенттиктин маалыматтарына караганда, АКШ менен Евробиримдиктин санкцияларынан улам Иранда азыр мунай өндүрүшүнүн күндөлүк көлөмү соңку жыйырма үч жылдагы эң төмөнкү чекке түшкөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG