Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Шенген зонасында текшерүү күчөтүлүшү мүмкүн


Сесилия Малмсторм, 4-май, 2011
Сесилия Малмсторм, 4-май, 2011

Ортодо чек аранын ачыктыгы Европа биримдигинде соңку жылдардагы интеграциянын эң эле башкы жетишкендиктеринин бири катары таанылып келди. Бирок соңку мезгилдерде Тунистен жана Түндүк Африканын башка өлкөлөрүнөн агылган мигранттардын саны өскөндүктөн, Еврокомиссия “зарыл учурда” шенген зонасында чек арадагы текшерүүнү убактылуу киргизүүнү пландап жатат.

Евробиримдиктин ички иштер боюнча комиссары Сесилия Малмстром шаршембиде билдиргенине караганда, “зарыл учурларда” чек аралардагы паспорт текшерүүнү убактылуу киргизүүгө болот.

“Өтө зарыл маалда биз ушул механизмди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөбүз, - деди ал.

Бул чара эркин каттамды кепилдеген шенген зонасынын негизги жетишкендигин чектеп коюшу мүмкүн.

Убактылуу чара

Еврокомиссия азырынча кайсыл учурларда текшерүү болушу мүмкүн экенин ачык айта элек. Бирок Малмстром бул өңдүү чектөөнү киргизүү зарыл деп ишенет.

“Менимче, бул жалпы шенгендин идеясын жокко чыгарат деп ойлобош керек. Маселе бир тараптуу чечилди деп ойлогон да жаңылыштык болуп калмак, - дейт комиссар. - Мындай чара өтө жакшы ойлонулган план менен жалпы европалык деңгээлде көтөрүлүп жатканын эске алалы. Андай болбосо, ал бүтүн системага коркунуч келтирет”.

Евробиримдикте Болгария, Ирландия, Румыния жана Британиядан сырткары баардык жумурияттар шенген зонасына кирет. Аларда чек арадагы эркин каатоону чектөө буга чейин деле өтө зарыл болгон учурларда, маселен, футбол мелдеши болгондо же падышалардын тойлорунда, киргизилип келген.

Бирок азыр алгачкы жолу чек арада текшерүүнү убактылуу күчөтүү демилгеси мигранттардын агымынын айынан көтөрүлүүдө.

Күчөгөн агым

Шенгенде эрежелерге өзгөртүү киргизүү суранычын өткөн аптада Франциянын президенти Николя Саркози менен Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони айтышкан эле.

Италиянын бийликтери Лампедуза аралына келген тунистик мигранттардын агымын башкаруу оңой болбогонун айтышты, 30-март, 2011
Италия Тунистен келген мигранттардын саны кескин көбөйүп кеткенде аларга өзүндө убактылуу жашоого укук берген. Анын негизинде мигранттар шенген аймагында эркин саякаттай алышат. Чечимди Франция айыптап, Италия менен чек арасында көзөмөлдү күчөттү.

Түндүк Африкадан Европага кирген 25 000 адамдын басымдуу бөлүгү Италиянын Лампедуза аралына жана Мальтага жайгашышты.

Бул эле эмес, Ливиядагы согуштан качып келген 650 000 кишинин көпчүлүгү ушул аймактарга киришти. Мындай учурда башкалардан колдоо көрбөгөн Италия Евробиримдикке жана андагы башка мамлекеттерге тилектештигин билдиришпегени үчүн наарызылык билдирген.

Эми сунуш этилип жаткан жаңы демилгени 12-майда Евробиримдиктин юстиция жана ички иштер минстрлери талкуулашат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG