Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:39

Түркия Евробиримдикке киреби?


Түркиянын Берлиндеги элчилигинин жаңы имаратын ачуу аземи. 30-октябрь, 2012-жыл.
Түркиянын Берлиндеги элчилигинин жаңы имаратын ачуу аземи. 30-октябрь, 2012-жыл.

Түркия Евробиримдик менен шаркетке кирүү боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруусу мүмкүн. Сүйлөшүүлөрдү жандандыруу демилгеси бул ирет Германия тараптан чыкты. Ал эми түрк өкмөт башчысы эгер өлкөсү 2023-жылга чейин кошулбаса, Евробиримдик Түркияны жоготорун айтууда.

Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр расмий түрдө 2005-жылы башталган. Бирок Евробиримдикте чечүүчү мамлекеттер катары саналган Германия менен Франциянын каршылыгынан улам сүйлөшүүлөр алга жыла алган эмес.

Буга ошондой эле Греция менен Түркиянын экиге ажырап калган Кипр аралы боюнча талашы жөнгө салына электиги да олуттуу таасир берген.

Анткени Кипрдин грек бөлүгү - Евробиримдиктин мүчөсү. Мындан сырткары сүйлөшүүлөрдүн алга жыла албашына Түркия адам укуктары жана сөз эркиндиги жаатында Евробиримдиктин стандарттарына жооп бере албайт деген дооматтар да салым кошкон болчу.

Андыктан соңку кездери Түркиянын Еврошаркетке кошулуу мүдөөсү унутулгандай таасир калтырып калган.

Эми бул багыттагы сүйлөшүүлөрдү туңгуюктан чыгаруу керек деген демилге немец тараптан айтылды.

Атап айтканда, немецтердин тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Түркиянын Берлиндеги элчилигинин жаңы имаратын ачуу аземинде сөз сүйлөп, келерки жылы сүйлөшүүлөрдө “жаңы башталыш” болоруна ишеним билдирди:

- Биримдикке кошулуу боюнча европалык сүйлөшүүлөрдө акыркы эки жылдан ашуун мезгилден бери жаңы барак ачылган жок. Бул дурус абал эмес, бул эки жак үчүн тең жаман. Бул туңгуюуктан чыгыш үчүн келерки жылы биз жаңы башталыш жасагыбыз келет.

Берлиндеги түрк элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш аземине түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган да келген.

Рейтер агенттиги жазгандай, Эрдоган шейшемби күнкү талкуу учурунда эгер анын өлкөсүнө мүчөлүк 2023-жылга берилбесе, Евробиримдик Түркияны жоготорун айткан. Муну менен түрк лидери өлкөсү мүчөлүктү канчага чейин күтө аларын биринчи ирет ишара кылды.

Ангела Меркел жана Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйында. Берлин, 31-октябрь, 2012-жыл.
Ангела Меркел жана Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйында. Берлин, 31-октябрь, 2012-жыл.
​2023-жыл демекчи, анда Түркия республика болуп курулганына туура жүз жыл толот. Өлкөсүнүн Евробиримдикке кошулуусунун тууралыгын бекемдөөчү аргументтердин бири катары Эрдоган азыр шаркеттин аймагында 6 миллиндой түрк жашап жатканын атаган.

Бул маселеде Германияда канцлер Ангела Меркел жана анын
Христиан-демократиялык союз партиясы Түркия Евробиримдикке толук кандуу мүчө болушуна мурдатан эле каршы чыгып келе жатат.

Түркия Германиянын НАТО боюнча союздаш экендигине карабай, Меркелдин пикиринде, мусулман өлкөсү катары ал Евробиримдикке толук кемелдүү мүчөлүктүн ордуна артыкчылык берилген өнөктөш маккамын алганы оң болот.

Бирок христиан-демократтардын коалиция боюнча өнөктөшү, Эркин демократиялык партиянын өкүлү, немец тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгүн колдоодо.

Ал Берлиндеги сөзү учурунда өз турумун Түркиянын Евробримдик менен соода байланыштары, Германиянын теги түрк жарандары бардыгы менен негиздеди:

- Германия - Түркиянын эң маанилүү соода өнөгү. Германияда жашаган теги түрк адамдардын саны дээрлик үч миллион. Алардын көпчүлүгү Германиянын жарандары. Алар биздин маданиятты байытууда, биздин коомдун ажырагыс бөлүгү. Алар биздин бир бөлүгүбүз.

Байкоочулардын баамында, эгер келерки жылы чын эле сүйлөшүүлөр кайра жанданса, Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү боюнча Германиянын болочок туруму көп жагынан кайсыл саясий күч бийликте турарына көз каранды болот.

Анткени келерки жылы Германияда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт.

Маселен христиан-демократтардын саясий атаандашы, социал-демократтардын өкүлү, мурдагы канцлер Герхард Шрөдөр бийликте турган кезинде Түркиянын Еврошаркетке мүчөлүгүн кызуу жактачы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG