Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Иран космоско маймыл учурушу күмөн санатууда


Ирандын космостук программасы тууралуу ТВ берүүдөн алынган сүрөт. 28-январь, 2013.
Ирандын космостук программасы тууралуу ТВ берүүдөн алынган сүрөт. 28-январь, 2013.

Иран космоско маймыл учурганын жарыяласа, Батышта Иран баллистикалык ракетаны сынашы мүмкүн деп боолгошот.

Бул арада E3+3 Иранды февралда сүйлөшүүгө чакырды.

Иран ядролук программасы боюнча дүйнөнүн бакубат өлкөлөрү менен сүйлөшүүдөн ар кандай айла-амал менен качып жатканы тууралуу билдирүүнү 28-январда Брюсселде Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Катерин Эштондун өкүлү жасады. Анын алдында Иран бийликтери тараптар бир бүтүмгө келмейинче, сүйлөшкөнгө даярбыз деп, эмки кездешүүнү Каирде өткөргөндү сунуш кылганын, бирок Р5+1 тобу башка жайда сүйлөшүүнү каалаганын билдирген.

Батыштын ири мамлекеттери Иран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп, 10 жылдан бери тынчсызданып жүрөт. Ядролук курал боюнча АКШ эксперттери январдын ортосунда билдиргенге караганда, Иран 2014-жылдын ортосуна бир же андан көп атомдук бомбага жетчү уранды өндүрөт.

Тегеранды алаамат куралга жеткирбөө үчүн Р5+1 же Е3+3 тобу талашты дипломаттык жол менен чечүүнүн аракетинде. Аталган топко Британия, Германия, Кытай, Франция, Россия жана Кошмо Штаттар кирет. Бул топтун Иран менен акыркы сүйлөшүүсү июнда Москвада өткөн. Иран уранды тынчтык гана максатында байытканын айтып, бирок ядролук программасына тиешеси бар жайларын МАГАТЭнин инспекциялоосун создуктуруп келет.

Ошондой эле Р5+1 же Е3+3 тобу менен сүйлөшүүнү түрдүү шылтоо менен кечеңдетүүдө. Андан кийин Иран Батышты АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп, ядролук сүйлөшүү болбоду деп күнөөлөгөн. Ал эми 28-январда Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи Фарс агенттигине Тегеран сүйлөшүүнү Каирде өткөрүп, мунаса табууну кааларын билдирди.

Салехинин айтымында, Түркмөнстан, Швейцария жана Казакстан ядролук сүйлөшүүнү өз жеринде өткөргөнгө макулдук берген. Анын артынан эле Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштондун өкүлү Майкл Манн Брюсселде жасаган билдирүүсүндө Иран тараптын сөзүн калпка чыгарды жана февралда Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшкөндү сунуш кылды:

- Е3+3 декабрдын аягынан бери мартабасы бийик өкүл Эштон аркылуу сүйлөшүүнүн келерки айлампасын өткөрүүнү дембе-дем сунуш кылууда. Иран 28-29-январда Ыстамбулда чогулуу жөнүндөгү сунушубузга ынаган жок. Биз февралда жолугалы деп сунуш кылдык.

Майкл Манн ошондой эле Иранды жаңы кездешүүнүн датасы тууралуу сунушту жоопсуз калтырууда деп күнөөлөдү:

- Е3+3 сүйлөшүүнү кийин өткөрөйлү деди деген ар кандай сөз, ачык айтканда, натуура. Биз декбардан бери сүйлөшчү күндү сунуш кылып жатабыз. Ирандын мындай сүйлөшүүгө макул болбой жатканы биздин көңүлүбүздү калтырды.

Дүйшөмбү күнү ырасмий Москва да дүйнөнүн бакубат өлкөлөрүн жана Иранды жаңы сүйлөшүүнү өткөрчү жайды создуктурбай тактап алганга чакырды. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 28-январда Москвада болгон маалымат жыйынында:

- Биз мүмкүн болушунча тез арада каалаган жайда кездешкенге даярбыз. Биздин сүйлөшүүнүн мазмуну сунуш кылынчу ар кандай жердин ыңгайына караганда алда канча маанилүү деп эсептейбиз. Жалпы иштин кызыкчылыгы жеңет жана жаш баладай кылыктанганды токтотулат деп ойлойм, –деп билдирди.

Иран ядролук ишмердүүлүгүн токтотууга макул болбой, ошол эле мезгиле БУУнун санкциясын алып салууну талап кылууда.

Дүйшөмбү күнү өкмөттүк ИРНА агенттиги Иран маймылдарды космоско ийгиликтүү учурганын, ракета жерге аман - эсен кайтып келип конгонун жарыя кылды. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташпады.

Батышта Иран ядролук бомба менен дүрмөттөлчү баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөн болушу мүмкүн деп боолгошот.

XS
SM
MD
LG