Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Евро-2012: Лидерлердин көңүл жоошуткан амалы


Бүгүн Евро-2012 футбол чемпионаты башталганы турат. Мелдеш бир айга жакын созулуп, Европанын мыкты улуттук командасы 1-июлда аныкталат.

Мелдешти коноктоочу Польша менен Украинанын лидерлери Еврочемпионатты көргөнү келген футбол күйөрмөндары расалык жана башка кемсинтүүлөргө кабылат деген кооптонууларга каршы аракеттерди жасашты.

Беттешүү учурунда күйөрмандар ынды кары футболчуларды маскаралап, кемсинткен сөздөрдү айтат деген сынчыларды жоошутуу максатында Польшанын премьер-министри Дональд Туск 7-июнда өлкө парламентинин мүчөсү Жон Годсон менен чогуу нанүштө кылды. Ынды кара Жон Годсондун теги Нигериядан.

Берегидей тынчсыздануулар жүйөсүз экенин Варшавада миңдеген футбол фанаттары менен чогуу бийлеп-ырдап жүргөн француз мушкери, ынды кара Дуди Нгомби “Азаттыктын” кабарчысына айтты:

- Мен адамдардын жаман мамилесин сезбедим; алар инсандын расасына көңүл бурушкан жок. Мен Польшаны деңгээли бийик өлкө деп ойлойм. Мен африкалыкмын. Эч ким мени антип-минтип тынчсыздандырган жок. Элдин меймандостугун сезип көрдүм.

Дуди Нгомбинин теги Конго Демократиялык Республикасынан.

Польшанын спорт министри Иоанна Муха айым Евро-2012 чемпионатын өлкөдө мурда-кийин өткөрүлгөн өтө жооптуу окуя дейт. Ал агылып келген чет элдик футбол ышкыбоздорун тейлегенге мейманкана, ресторандар, унаа компаниялары, ал эми тартипти сактоого 12 миң полициячы даяр экенин баса белгиледи.

Украинага мартабалуу футбол фанаттары азыраак барат деп болжолдонууда. Буга биринчиден, мейманканалардын кымбат баасы, экинчи жактан, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун абакта отурганы себеп болчудай.

Тимошенко айым бийлик укугун натуура пайдаланган деп, жети жылга соттолгон. Көпчүлүк Батыш өлкөлөрү Тимошенко саясий жүйөдөн улам соттолгон деп эсептейт. Андан улам Британия бир да министри Украинада өтчү таймаштарга барбасын 7-июнда кулак какты кылды. Бул, арийне, украин президенти Виктор Януковичтин эл ичиндеги жана эл аралык коомчулуктагы кадыр баркына доо келтирүүдө.

Ошондуктан Янукович 7-июнда улуттук каналдан өлкө жарандарына кайрылып, аларды эгемен Украинанын тарыхындагы тарыхый футболдук таймаштар өтүп жаткан күндөрү меймандос болууга үндөдү.

- Биздин өлкө алдыдагы күндөрү дүйнөнүн көңүл чордонунда болот. Мен сиздерди конокторго украиндердин меймандостугун, айкөлдүгүн жана доскерлигин көрсөтүүгө чакырам. Биз конокторду жана мелдештин катышуучуларын татыктуу тосуп алууга тийишпиз. Украина менен сырт дүйнөнүн мамилеси алардын эсинде биз кандай калганыбызга жараша болот.

Еврочемпионат Польша-Грекия жана Орусия-Чехиянын улуттук командаларынын беттеши менен башталат. Бул эки таймаш Польшанын Вроцлав жана Варшава шаарында өтөт.

9-июнда Украинанын Харьков жана Львов шаарларында Нидерландия менен Дания, Германия менен Португалия беттешет.

Харьковдук күйөрман, 22 жаштагы Александр таймаш алардын шаарында да болоруна чоң кубанычта:

- Евро-2012 биздин шаар үчүн тарыхый окуя. Шаарда экинчи жолу мындай таймаш болбойт. Биз тарыхтын улуу окуясына катышкыбыз келет. Мындан да жакшы даярдансак болмок. Бирок баары биздин каалообузга жараша болот. Азыр баары көзөмөл астында.

Бул жолку чемпионатка акыркы жолу 16дан команда катышат. Келерки 2016-жылкы Еврочемпионаттан тарта мелдешке өз топторунда жеңген 24 өлкөнүн курамасы катыша баштайт.

XS
SM
MD
LG