Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Бажы биримдиги ЕAЭБге айланат


Казакстан, Орусия жана Беларус президенттери Астанадагы жыйында, 29-май, 2014.
Казакстан, Орусия жана Беларус президенттери Астанадагы жыйында, 29-май, 2014.

Астанада Казакстандын, Орусиянын жана Беларустун президенттери Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча келишимге кол койду.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев эми бул келишимге коюлган соң аны үч өлкөнүн парламенттери ратификациялашы керектигин билдирди. Бул союз Бажы биримдигинин кийинки кызматташтык уюму катары түзүлүүдө. Союз ага мүчө өлкөлөр ортосунда төрт негизги эркиндикти камсыз кылууну максат кылууда. Алар: капиталдын, жумушчу күчүнүн, кызмат көрсөтүүнүн жана товардын эркин жүргүзүлүшү.

Орусиянын үстөмдүгүн күчөтүү амалыбы?

Канткен менен дүйнө коомчулугунда Украинадагы кризистен кийин Евразия экономикалык союзуна ынтызарлардын деми сууй түшкөнү айтылууда. Буга Евразиянын Жогорку экономикалык кеңешинин бир ай мурда Минскиде өткөн жыйыны да далил. Жайында Беларус президенти А. Лукашенко: “Биз бүгүн даяр болбогондон кийин Евразия экономикалык союзу жөнүндө 10 жылдан кийин сөз кылышыбыз керек,” - деп түз эле айткан болчу.

Астанада кол коюлган келишимге ылайык, 2015-жылдын январынан тартып Бажы биримдиги Евразия экономикалык шаркетине, кыскача, ЕAЭБге айланыш керек. Бажы биримдигине болочокто Армения менен Кыргызстан да кошулса, алар ЕAЭБге мүчө болуп кирери талашсыз.

Бажы биримдигине азыр Орусия, Беларус, Казакстан мүчө. Бирок Орусиянын Крымга аскер киргизип, референдумга шылтоо менен аймакты Украинадан тартып алуусу бул уюмга “ынтылгандарды” чочулатып койду.

Беларус талдоочусу Юрий Чусов ЕAЭБ боюнча Беларус менен Казакстан сүйлөшүүнү мүмкүн болушунча создуктурууга аракеттенишкенин Минск саммити көрсөттү дейт жана анын себебин мындай чечмеледи:

- Евразия биримдиги оболу мунасага жетишүүнүн платформасы катары каралып жаткан. Бирок Украинадагы окуялардан кийин Биримдик “товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн орток мейкиндигинен” башка да “кичинекей жашыл адамдардын же сылык адамдар жүрчү орток мейкиндик, жаңжалдарды сөзсүз жаратчу жалпы мейкиндик” экени айкын болууда.

Көпчүлүк байкоочулар жаңы экономикалык союзду түзүүнүн артында президент Путиндин постсоветтик мейкиндикте Орусиянын саясый үстөмдүгүн кайра-кайра тирилтүү дымагы жатат дешет.

Брюсселдик эксперт Нику Попеску ЕAЭБ соода-экономикалык байланышты жакшыртууну көздөгөнү менен анын башатында турган үч өлкө арасындагы соода өспөй, тескерисинче, начарлап баратканын айтат:

- Бул саясый долбоор экени анык. Экономика жагы түшүнүксүз. Эгер Бажы союзунун мүчөлөрү арасындагы сооданын динамикасын карасаңыз, Орусия, Беларус жана Казакстан ортосундагы соода былтыр 7 процентке кыскарганын көрөсүз. Казак экспорту Орусияга акыркы эки жылда азайды. Былтыр Бажы союзуна мүчө үч өлкөнүн Евробиримдик менен соодасы 2, 5 процентке өстү. Канткенде да орустардын же казактардын Евробиримдик менен соода байланышы алардын өз ара соодасына караганда жакшыраак.

Нику Попеску Европа Биримдигинин Стратегиялык изилдөөлөр борборунун улук талдоочусу.

Москванын шашылыш кадамы

ЕAЭБди түзүүдө Москва ашыкча эле шашып жатканына Минск саммитинде Александр Лукашенко менен Нурсултан Назарбаев да көңүл бурушканы талдоочулардын көз жаздымында калбады. Орусия менен колтукташ бул эки өлкөнүн чечүүчү учурда кетенчиктей баштаганын себеби эмнеде?

Алардын негизгилерине токтолсок, отун энергия булактарынын, темир жолдо тейлөөнүн, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн орток рыногу жок; айыл чарба өндүрүшүн колдоонун бирдиктүү эрежеси иштелип чыккан эмес; атаандаштыктын бирдиктүү шарты жок, улуттук компаниялар өзгөчө статуска ээ. Ошондой эле кабыл алынган мелдеттенмелерди аткартуунун механизми жок.

Андыктан алматылык ишкер Алтай Сандыбаев жаңы союздан орусиялык компаниялар менен ишкерлер гана пайда табат деген ойдо:

- Көптөгөн ишкерлер Бажы Биримдигине карабай, Орусияга экспорт, өзгөчө, алкоголь ичимдиктери катуу чектелгенин айтып даттанышууда. Алар бул тууралуу дайыма даттанышат, бирок өзгөрүү жок. Орусия менен Беларустун товарлары үчүн Казакстандын рыногу кенен ачылган, бирок биздин рынок өтө кичине болсо да алар өз рыногун ачканга шашып жаткан жок. Биздин ишкерлер Орусиянын рыногуна чыгабыз деп ойлошкон. Алардын убадасы куру сөз экен.

Беларустун премьер-министри Владимир Семашко да 2013-жылы Орусия Бажы союзуна карабай Беларустун айыл чарба техникалары үчүн чектөө киргизип салганына даттанган.

Ал эми Англиянын Бирмингем юридикалык университетинин профессору Рильке Драгнева-Льюерс “Азаттыкка” ЕAЭБ тууралуу келишимде “ала жерлери” көп экенин айтты:

- Кызыгы, алар көп нерсенин аныктамасын тиркемеде аныкталсын деп калтырышты. Жалпылоочу биринчи бөлүктүн көп деталдары да тиркемеге тепчилмек болду. Андан да кызыгы: Назарбаев башынан каршы турган Евразия парламенти сыяктуу жогорку орган жөнүндө сүйлөшүүдө эч ким ооз ачпады.

ЕAЭБ уюштуруучулар айткандай, Европа Биримдигинин үлгүсүндө түзүлүп жатканы менен улуттук институттар азырынча Евробиримдиктегидей болуп түзүлөрү жөнүндө эч кандай сөз боло элек.

XS
SM
MD
LG