Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Eвропа лидерлери Грекияны аймактан чыгаргысы келбейт


Евромейкиндиктеги кризис глобалдык экономикадагы өсүш үчүн эң ири коркунуч бойдон калууда. Мындай эскертүү Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму жаңы жарыялаган баяндамада айтылат.

Бул аралыкта Брюсселге чогулган Европа лидерлери акыркы айларда эң башкы көйгөйгө айланган Грекия евроаймактан кетпешин көздөшөрүн, бирок убада кылынган реформалар аткарылышы керектигин белгилешти.

Европа лидери Брюсселдеги бул жолку саммитке бюджеттик каражаттарды үнөмдөө чараларын улантуу керекпи же экономикалык өсүштү стимулдаштыруучу кадамдарга баруу учурдагы карыз кризисинен кутулуунун эң жакшы аргасыбы деген маселе боюнча талаш-тартыштар күчөгөн кезде чогулган эле.

Бирок бул маселе Грекия 17 өлкө мүчө евроаймактан чыгууга аргасыз болушу мүмкүн деген кооптонуулардын көлөкөсүндө калды.

Грекияга үмүт артуу

Евробиримдиктин президенти Херман ван Ромпейдин саммиттен кийин айтканына караганда, Европа лидерлери Грекиянын евроаймактан кетпешин көздөшөт, бирок убада кылынган реформалар аткарылышы абзел:

- Карызды ылайыктуу деңгээлге кайра кайтаруу үчүн турмушка зарыл реформаларды улантуу, жеке инвестицияларга стимул берүү, Грекиянын институттарын чыңдоо - евроаймактын жаркын келечегинин кепилдиги. Биз жаңы шайлоодон кийин Грекиянын өкмөтү ушул жолду тандайт деп үмүттөнөбүз.

Майдын башындагы шайлоодон кийин карыз кризисинен кутулуунун жолдору боюнча пикир келишпестиктеринен улам саясий партиялардын бири да өкмөттү курай албаганына байланыштуу Грекияда кайра шайлоо 17-июнга белгиленген.

Эми бул шайлоодо туура тандоо жасалып, андан кийин бийликке келүүчү өкмөт эл аралык кредиторлор менен буга чейин эле макулдашылган үнөмдөө чараларынан баш тартпайт деген үмүттөр менен катар Грекия евроаймактан чыгууга аргасыз болот деген кооптонуулар да бар.

Айрым кабарларга караганда, еврону колдонгондордун калган он алтысы Грекия евроаймактан чыгып кеткен учур үчүн да өз пландарын дайындап жатышат. Маселен, Германиянын Борбордук банкы "Грекиянын евроаймактан кетиши оорчулук алып келет, бирок бул жараянды башкарууга болот" деген ишенимин билдирди.

Евро сакталышы керек

Америкалык таанымал экономист, Нобел сыйлыгынын лауреаты Пол Кругмандын пикиринде, акыр аягында Грекия евроаймактан чыгат. Бирок Европа бирдиктүү валюта катары еврону сактап калышы абзел, бул үчүн али убакыт да бар:

- Менимче, евро мүмкүн болсо сакталыш керек. Мен евронун киргизилгенин ката деп эсептегениме карабай, анын кыйроосу Европа долбоору үчүн абдан жаман деп эсептейм. Анткени ал акыр аягында тынчтык, гүлдөп өнүгүү, демократия жөнүндөгү долбоор эле. Андыктан биз баарыбыз мүмкүн болушунча еврону сактоо тарабында турушубуз абзел.

Болочогунун белгисиздигинен улам евронун башка чет элдик валюталарга карата курсу дагы төмөндөп, бейшембиде бир евро 1 доллар 25 центке бааланды. Бул акыркы 22 айдагы эң төмөнкү чек.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун соңку божомолуна караганда, евроаймакка кирген 17 өлкөнүн экономикасы быйыл 0,1% төмөндөйт. Ал эми келерки жылы өсүш 1% жетпейт. Ошол эле учурда Кошмо Штаттардын экономикасы быйыл 2,4%, келерки жылы 2,6% өсөрү күтүлүүдө.

Эриш-аркак эки чара

Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросонун саммиттен кийин айтканына караганда, экономиканын кургуйга кулашын алдын алуу үчүн биримдик үнөмдөө, ага катар экономиканы стимулдаштырган чараларга да муктаж:

- Туруктуулук жана өсүш тандоо катары каралбашы керек. Биз экөөнө тең муктажбыз. Бул маселе боюнча бизде так мунаса бар.

Франсуа Олланд
Франсуа Олланд
Бюджет таңкыстыгына каршы күрөшүү жана экономикалык өсүштү колдоо бири-экинчисине атаандаш эмес, чогуу каралышы абзелдигин британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон да белгиледи.

Франциянын саммитке алгач ирет келген жаңы президенти Франсуа Олланд Германия башкалардан талап кылган үнөмдөө чараларын баланстоо үчүн экономикалык өсүштү колдоочу саясатка көбүрөөк ыктоодо.

Ал евробонддорду чыгаруу маселеси да күн тартибине коюлушу керек деп эсептейт. Бирок немис канцлери Ангела Меркел бул демилгеге каршы. Евробонддор кризиске кабылган мамлекеттер үчүн кредиттерди азайтат, бирок Германия сыяктуу кубаттуу экономикалар үчүн насыяны кымбатыраак кылат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG