Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Качкындар Хорватияга карай агылууда


Сербиянын чек арасында турган качкындар
Сербиянын чек арасында турган качкындар

Сербия-Венгрия чек арасына топтолгон миңдеген качкындар эми Хорватияны көздөй агылып жөнөштү.

Венгрия чек арасын жаап, көзөмөлдү күчөткөн соң эми алар Батыш Европага Хорватия аркылуу жол тартууну көздөп калышты. Бул өлкөнүн бийлиги согуш оту өчпөй жаткан өлкөлөрдөн чыккан бозгун-мигранттарга жол берүүгө даярдыгын билдирген.

Венгрия өлкөгө кирип жаткан качкындар агымын тосуу үчүн жаңы эрежелерди киргизип, 15-сентябрдан тарта Сербияга чек аралаш эки облуста чукул кырдаал жарыялаган. Аны менен эле тим болбой Сербия менен чек арасына тикен зым тартып, тосмодон өтүп кетмекчи болгон мигранттарды камай баштады. Мындан улам шаршембиге караган түнү Сербиянын чек арадагы Хоргос деген айылына жакын жерде миңдеген мигранттар топтолуп калды. Алар Венгриянын мындай мамилесине нааразы болуп, кыйкырып да турушту.

Чек арада турган сириялык качкындардын бири аларга Венгриядан жолдон башка эч нерсе керек эместигин айтат:

- Биз эч нерсеси жок, көчөдө калдык. Айрым социалдык кызматкерлер тамак-аш, суу алып келип беришүүдө. Бирок биз ага муктаж эмеспиз. Биз Венгрия аркылуу андан ары жолубузду улап кетүүнү гана каалайбыз. Бир тобубуз Германияга, дагы бирлерибиз Швецияга барууну көздөп турабыз. Бирок Венгрия чек арасын жаап алды. Биз баары бир Венгрияда калбайт болчубуз, бул өлкөдөн жол берүүдөн башка эч нерсе, керек болсо бир бөтөлкө суу да сурабайбыз.

Ошентип Сербия-Венгрия чек арасында таң тосушкан бозгун-мигранттар тосмо ачылбашына көзү жеткен соң шаршембиде кошуна Хорватияны көздөй агылып жөнөштү. Сербиянын маалымат каражаттары бул күнү түшкө жуук бери дегенде мигранттарга толгон 10 автобус Хорватия менен Сербиянын чек арасына жакын жайгашкан Сид шаарына келгенин жазып чыгышты.

Бул арада Хорватиянын премьер-министри Зоран Миланович парламентте сүйлөп жатып, бозгундарга өлкө аркылуу өтүп кетүүгө жол берилерин билдирди: "Хорватия бул адамдарды тосуп алып, аларды каалаган жагына узатып коюуга даяр, - деген премьер-министр андан ары бийлик өкүлдөрү алардын өлкөдөн өтүп кетүүсүнө жардам берерин да кошумчалады. - Биз бул ишке даярбыз. Алардын өңүнүн же диний ишениминин биз үчүн айырмасы жок. Көпчүлүгүн аялдар менен балдар түзгөн бул бозгундар ансыз деле Хорватияда калууну каалашпайт".

Хорват өкмөт башчысы бул сөзүн Венгриянын премьер-министрине жооп кылып айткан шекилдүү. Анткени мунун алдында венгр премьери Виктор Орбан "континенттин борборуна умтулган мусулман качкындардан христиан Европасын сактап калууну көздөп жатканын" айткан эле.

Хорватия Евробиримдикке кирген менен, Шенген аймагына кошула элек. Мындан улам качкындарга Шенген аймагына өтүү үчүн документ керек. Ушул максатта өлкөнүн полициясы качкындардын алгачкы тобун каттоого ала баштады. Каттоодон соң алар баш калаа Загребге жакын жердеги кабыл алуу борборлорунда убактылуу баш калкалап турушат.

Хорватия президенти Грабар-Китарович болсо качкындар маселесине байланыштуу коопсуздук кеңешин чакырып, мигранттар агымынын өлкө коопсуздугуна жана социалдык-экономикалык абалына тийгизчү ыктымал таасирин талкуулоо зарылдыгын айтты.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлери болсо 22-сентябрда чукул жыйынга чогулуп, качкындар кризисин талкуулаганы жатат. Алар бул маселени 14-сентябрда да карап, бир пикирге келе алган эмес.

Европаны көздөй агылган качкындар негизинен согуш жүрүп жаткан Сирия, Ирак жана Ооганстандан келгендер. Евробиримдиктин чек арсынан быйыл жыл башынан бери эле 500 миңден ашык качкын өткөн.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG