Евробиримдик Жакынкы Чыгыш жана Африкадан келген мыйзамсыз мигранттардын чоң толкунуна кабылды. Венгриянын борбору Будапештте качкындардын нааразылык акциясы өтүүдө. Ага чейин жергиликтүү бийлик качкындарды визасы жана документи жок поездге отургузуудан баш тартып, "Келети" темир жол вокзалын жаап койгон. Венгриянын жетекчилигинин айтымында, өлкөгө август айында эле 50 миң мигрант кирген.
Европаны көздөй качуу
1
Сицилиядагы Поцалло шаарына британ кемеси менен келген мигранттар.
2
Испанияга караштуу Гран-Канария аралына келген африкалык мигранттар.
3
Македонияга Греция аркылуу келген мигранттар тамак үчүн кезекке турууда.
4
Мигранттар Сербия менен Венгриянын чек арасындагы темир тордон ашып өтүүгө аракет кылууда.
5
Венгрияга бет алган сириялык качкын.
6
Будапешттин полициясы "Келети" вокзалына келгендерге көз салып турат.
7
"Келети" вокзалындагы качкындардын акциясы. Будапешт. 1-сентябрь.
8
Венгриянын вокзалындагы мигранттар.
9
Качкындар мажар бийлигинен Германияга өткөрүүнү талап кылууда. Алардын колунда Шенген визасы жок.
10
"Келетидеги" жаш мигранттар. Будапешт.
11
Будапештин "Келети" вокзалындагы мигранттар. 2-сентябрь.
12
Германияга кетүүчү поездге отурууга үлгүргөн мигранттар. Жүздөгөн мигрант түшүп бараткан поезд Австрия менен чектеш жерде токтотулган. 31-август, 2015-жыл