Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:10

Чөккөн адамга ар бир секунда кымбат


Иллюстрациялык сүрөт.

Сууга чөккөн кишини аман алып калуунун кандай ыкмалары бар? "Азаттык" бул суроо менен адистерге кайрылды.

Бишкектеги травматология жана илим изилдөө институтунда 25 жылдан ашуун реаниматолог-дарыгер болуп иштеген Айгүл Кенжакунова чөккөн адамга кандай жардам көрсөтүү керектигин айтып берди:

Биринчи эле суудан алып чыкканда адамдын башын ылдыйлатып, көкүрөгүн тизесине коюп, оозуна эки манжаны салып, кустуруш керек.

- Биринчи эле суудан алып чыкканда адамдын башын ылдыйлатып, көкүрөгүн тизесине коюп, оозуна эки манжаны салып, кустуруш керек. Эгерде адамдын кусуу рефлекси бар болсо, 5-10 мүнөткө чейин анын көкүрөгүн, ашказанын басып, ичинде жутуп алган суунун баарын дем алуу органдарынан чыгарган оң. Бирок кусуу рефлекси жок болсо, өпкө-жүрөк реанимация ыкмасына өтөт. Ичиндеги суу чыккандан кийин капталынан жаткырып, дем алуу жолдорунун баарын бошотуп, ээгин өйдө тартып, башын 15-20 градуска чейин көтөрүп, капталдатып жаткырып коёт.

Дарыгер сууга чөккөн адам эсине келгенден кийин эки-үч күн дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек деп кеңеш берди.

- Реанимациялык жардам туура көрсөтүлүп, адам акыл-эсине келип, туруп басып калган күндө деле дарыгердин көзөмөлүндө, ооруканада эки-үч күндөй болушу зарыл. Анткени туздуу, хлорлуу жана таза сууга чөккөн кишилердин айырмасы болот. Эки-үч күндөн кийин баары бир бейтаптын абалы оорлоп кетиши мүмкүн. Мисалы, туздуу сууга чөккөн кишинин организминдеги суюктуктун баарын туз тартып алып, өпкөгө кан плазмасындагы ак суюк заттар чогулуп, оозу-мурдунан ак көбүк агып, дем алуу жолдорун суу гана эмес, көбүк да тосуп калат. Ал тургай жүрөккө массаж жасап, ооз менен дем алдырып, жада калса жасалма кычкылтек койгондо деле чөккөн кишинин өпкөсүнө аба толук жетпейт. Адамдын организминде аба болгону менен газ алмашуу жүрбөйт. Хлорлуу сууга чөккөн кишиде деле ушундай өзгөрүүлөр болгону менен организмдеги электролиттердин тең салмактуулугу бузулуп, өпкөнү сезгентет. Ошондуктан сууга чөккөн адам тирүү калганда дарыгердин көзөмөлүндө жок дегенде эки-үч күн болушу керек.

Эл аралык "Кызыл жарым ай" коомунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө бир нече жылдан бери биринчи жардам көрсөтүү боюнча сабак өтүп келе жаткан Замир Дүйшеев суудан алып чыккан кишиге жасала турган өпкө менен реанимациясы тууралуу да кеңири айтып берди. Жүрөккө туура массаж жасоонун жолдоруна ал мындайча токтолду:

Замир Дүйшеев.
Замир Дүйшеев.

- Суудан алып чыгабы же жөн эле көчөдөн адамдын эстен танып жатканын көрсөңүз, биринчи кезекте анын акыл-эс рефлексин текшеришиңиз керек. Атын билсеңер адамды атынан чакырып же "чоң кыз", "чоң жигит" деп эки далысына чапкылап, катуу кыйкырасыңар. Эч кандай реакция болбосо, анда алдыңкы эки манжабыз менен ээгин өйдө көтөрүп, чалкасынан жаткырып, аба жолдорун ачып алып, демин текшерип көрөбүз. Сол кулак менен оозун тыңшап, жылымык абанын чыгып жатканын карайбыз. Ошол эле кезди оң жактан адамдын көкүрөгү же ичи дем алуунун белгисин берип, өйдө-ылдый көтөрүлүп жатканын текшеребиз. Мына ушул нерселердин баарына 10 секунд талап кылынат. Мындайча айтканда, кишинин демин онго чейин санап текшеребиз. 10 секунддун ичинде текшерип, эгер дем жок болсо дароо эле "Тез жардамга" чалып, окуя кайсы жерде, кантип болгонун дайындап айтып, өпкө-жүрөк реанимациясын башташ керек. Анда бир алаканды көкүрөктүн үстүнө коюп, экинчисин да анын үстүнө жайгаштырып, чыканакты бүкпөй, колду түз кармап, кырсыктаган чоң киши болсо көкүрөгүн 30 жолу басабыз. Анан адамдын мурдун колубуз менен бекитип туруп, оозуна оозубуз менен эки ирет үйлөйбүз. Аба кирген-кирбегенин текшерип, кайра жүрөккө массаж жасоону уланта беребиз. Отуз жолу басып, эки жолу үйлөп, "Тез жардам" келип, адистер бизди токтотмоюнча бул иш-аракеттерди уланта берүү керек. Кээде эс-учун жоготкон адам мындай жардамдан улам өзүнө келип калат, ошого чейин же өзүң чарчап калгыча бул ыкманы колдоно берүү зарыл. Азыркы эл аралык стандарттар боюнча биздин эң негизги максат - адамдын дем алуусун калыбына келтирүү. Өпкөдөгү сууну эмес, токтоп калган канды жүгүртүүнү көздөшүбүз керек экен. Суу жутуп алса ал баары бир чыгат. Кээде суу чыкпай калышы да ыктымал.

Кандай дары керек?

"Сууга чөккөн кишиге биринчи жардам иретинде кандайдыр дарылар сайылышы мүмкүнбү?" деген суроого реаниматолог дарыгер Айгүл Кенжакунова мындайча жооп кайтарды:

Айгүл Кенжакунова.
Айгүл Кенжакунова.

- Дарылар ошол маалда муктаждык болсо сайылат. Бул чечимди биринчи жардам берген адис өзү кабыл алат. Ар бир оорулуунун жеке акыбалына жараша кайсы дарыны сайыш керек экени аныкталат. Азыр бардык жакта стандарттар менен иштешет. Маселен, "Тез жардам" кызматындагы бейтапты кароо стандарттары өзүнчө. Бишкектеги реанимобилдердин баары жасалма дем алдыруучу ар түрдүү жабдуулар менен камсыз болгон. Аймактарда кандай экенин айта албайм. Бишкектеги "Тез жардам" кызматында иштеген дарыгерлердин баары өпкөгө интубациялык жабдууну салууну толук өздөштүрүшкөн. Жабдууларды Кыргызстанда реаниматолог-анестезиолог дарыгер гана колдонушу керек. Фельдшердик "Тез жардам" кызматынын өпкөгө интубациялык жабдууну салып дем алдырууга акысы жок. Көп кишилер азыр Батыштын куткаруучулар тууралуу сериалдарынан ар түрдүү жабдууларды колдонгонун көрүп алып эле: "Эмнеге бизде мындай эмес?" деп жатышпайбы. Бизде куткаруучу-параклиник деген адистик жок. Батышта параклиниктер жасалма дем алуучу жабдууларды колдонушат. Дары-дармектерге келсек, эгер жүрөк токтосо атропин, кан басымы төмөндөп кетсе адреналин, гормондор сайылат. Аларды ийиндин алдындагы күрөө тамырга сайыш керек, себеби сууга чөгүп, кан айлануусу начар болгон адамдын тамырларын табыш өтө кыйын.

"Тоюп алып сууга түшкөнгө болбойт"

Сууга түшүүнүн коопсуздук эрежелерин айтып жатып, "Кызыл жарым ай" коомунун машыктыруучусу Замир Дүйшеев эмнелер коркунучту күчөтөрүн санап өттү:

Сууда сүзгөндү билген киши деле арак ичип алса чабак ура албай калат.

- Негизи эле тамакка чоң тоюп алып сууга түшкөнгө болбойт. Ошондой эле алкоголь ичип алып сууга түшсө, адамдын кыймылынын багыты өзгөрөт. Денесин башкара албай калат. Ал тургай сууда сүзгөндү билген киши деле кызымтал болсо чабак ура албай калат. Тоюп алып сууга чөккөн адамдын көкүрөгүн басса, жеген азыгы кайра чыгып, кусушу ыктымал. Мындай учурлар менин тажрыйбамда көп эле болгон. Суудан алып чыккандан кийин адамды түз эле жаткырыш керек. Бир гана кеңешим - суудан сүйрөп алып чыкканда жээк тарап сууну көздөй кичине эңкейип турат эмеспи. Кишинин башын ошол эңкейген суу тарапка каратып, анан биринчи жардам берген оң. Себеби суу өпкөсүнөн оңой чыгат. Анан тизелетип алып далыга чапкылайбы же көмкөрөсүнөн коюп алып ургулайбы - анын баары өпкөдөн сууну чыгаруу аракеттери. Биздин эл аралык куткаруу принциптерибиз - өпкөдөгү сууга алаксыбай, жүрөктү иштетип, кан жүгүртүп жиберүү.

Бул эл аралык уюмдун биринчи жардам боюнча сабактарына каалоочулар катышып, акысыз маалымат ала алышат. Жыл сайын жүздөгөн адамдар бул курстардан өтүшөт.

Ысык-Көлдө суучул, Чүйдө суу тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:34 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG