Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Азия кубогу: Кыргызстандын атаандашы ким?


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учурунда.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учурунда.

Кыргызстандын курама командасы – «ак шумкарлар» өз тарыхында Азия кубогунда биринчи жолу ойноп жатканына карабастан, плей-оффко чыгып, 16 команданын катарына кошулду.

Эми кыргыз футболчулары өз күчүн финалдын 1/8 бөлүгүндө сынап көрөт. Алардын атаандашы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) курама командасы болмокчу.

БАЭнин курама командасынын башкы машыктыруучусу Альберто Дзаккерони Кыргызстандын курама командасы орус футболуна стили жагынан окшош ойной тургандыгын, бир топ футболчулар Орусиянын, Германиянын жана Азия өлкөлөрүнүн чемпионаттарында ийгилике жетип жатышканын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстандын курама командасы бүгүнкү оюнда коргонууга басым жасайт.

- Кыргызстан - күчтүү атаандаш. Бизди оор оюн күтүп турат. Бирок бул бизге майданга чыгып мыкты оюн көрсөткөнгө түрткү берет, - деди Альберто Дзаккерони.

Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы машыгуу учурунда. Абу-Даби шаары.
Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы машыгуу учурунда. Абу-Даби шаары.

Атаандаш команданын машыктыруучусу Альберто Дзаккерони айрым кыргыз футболчуларынын оюнун кунт коюп карап чыгып, Виталий Люкстун оюнуна жакшы баа берди. Ал эми биз атаандаштардын курама командасына назар салып көрөлү.

Эгер ФИФАнын рейтингине таянсак, Бириккен Араб Эмираттарынын командасы тайпалык оюндарда өзүнөн кыйла алсыз командалар менен беттешти. Ал тайпалык баскычта үч оюн өткөрүп, Индиянын курама командасын 2:0 менен жеңсе, Таиланддын жана Бахрейндин курама командалары менен 1:1 эсебинде тең ойноду.

Альберто Дзаккерони командага Азия чөлкөмүндө аты чыккан бир топ оюнчуларды топтогон. Эки голу менен өзгөчөлөнгөн Али Ахмед Махбут Азия кубогунда бомбордирлердин тизмесинде бешинчи орунда турат.

Али Ахмед Махбут 2015-жылы Австралияда өткөн Азия кубогунда 5 гол киргизип, "мыкты чабуулчу" наамын алган. Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы 2015-жылы үчүнчү орун үчүн болгон беттеште Ирак курама командасын 3:2 эсебинде жеңип, Азия кубогунун коло байгесин уткан.

Бириккен Араб Эмираттарынын эң атактуу футболчуларынын катарында 27 жаштагы жарым коргоочу Омар Абдулрахман Ахмед бар. Ал 2012-жылы "Манчестер-Сити" командасына чакырылып, машыгууларды өтүп, бирок айрым маселелерден улам команда менен келишим түзбөй калган.

Эң башкысы - чемпионат өткөрүү, анда мүмкүн болушунча утуп чыгуу - мамлекеттин намысы. Бул жагынан алганда Азия кубогу бай мамлекет - Бириккен Араб Эмираттары үчүн чоң улуттук долбоор.

Спорт эчак эле саясатка да айланып калганын эске алганда, оюн өткөрүп жаткан өлкө жеңишке жетиш үчүн башка да ыкмаларды, анын ичинде “көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрдү” да жүргүзүүгө аракеттениши мүмкүн.

БАЭнин курама командасы машыгуу учурунда.
БАЭнин курама командасы машыгуу учурунда.

Өз үйүндө өтүп жаткан Азия Кубогу БАЭнин курама командасы үчүн өтө маанилүү экенин адистер жакшы билишет. Күйөрмандарынын колдоосу менен БАЭнин курама командасы жеңишке жетет деп көпчүлүк ишенүүдө. Бирок буга Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кошулбайт.

Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

- Биз үй ээси БАЭнин курама командасы менен ойнойбуз, - деди ал. - Баарыбызга белгилүү, 2015-жылы өз үйүндө ойногон Австралия Азия кубогун жеңип алган. Бирок мелдеш өткөргөн өлкө сөзсүз түрдө кубокту утат же дүйнө, Европа чемпионаттарында чемпион болот деген эч кандай кепилдик жок. Ооба, өз оюн талаасы, күйөрмандарынын колдоосу сөзсүз түрдө Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасына жардам берет. Бирок биздин да күйөрмандар бар. Аларга ыраазычылык билдиргим келет. Алардын колдоосу биздин жеңишке жетишибизге жакшы жардам берет.

Кыргыз футболчулары.
Кыргыз футболчулары.

​Башкы машыктыруучу БАЭнин командасы күчтүү атаандаш экенин айтып, анын оюндарын кунт коюп карап чыкканын да кошумчалады.

- Бириккен Араб Эмираттарынын машыктыруучусунун тактикасы башкача. Менин тактикам - чабуул менен коргонуудагы балансты сактоо. Бул эң башкысы. Чабуулда жакшы ойноп, жеңишке жетүүгө аракет кылабыз. Атаандашыбыз оңой эмес, күчтүү команда. Бирок биз өзүбүзгө ишенебиз. Эртең баарын таң калтырабыз, - деди Александр Крестинин.

Антон Землянухин машыгуу учурунда. Абу-Даби шаары.
Антон Землянухин машыгуу учурунда. Абу-Даби шаары.

Кыргызстан менен БАЭнин курама командаларынын оюну 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG