Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 19:46

АКШ чалгынчыларынын 20 жылга "төлгөсү"


Жакынкы Чыгышта окуялардын динамикалуу өнүгүшү аймакты бейстабилдүүлүктүн чордонуша айлантышы мүмкүндүгү айтылды

АКШнын чалгын кызматтары 2030-жылга чейинки глобалдык өзгөрүүлөр жөнүндө божомолун жарыялашты. “Глобалдык тенденциялар” докладында АКШ эң күчтүү держава катары күчүн жоготоору, Азиядагы экономикалар, Түндүк Америка жана Европадагыларга караганда, алда канча алдыга чыгаары айтылды.

“Анткен менен глобалдык кризистерди чечүүдө айрым маданий атрибуттары жана технологиялык жетишкендиктери менен Кошмо Штаттары баары бир ааламдагы эң таасирдүү өлкөлөрдүн катарында кала берет”, - деп айтылат Улуттук Чалгын Кеңешинин жаңы докладында.

Документ дүйшөмбүдө жарыяланды. Американын чалгын кызматтарынын божомолуна караганда, 2020-жылдары Кытай АКШны озуп, “дүйнөдөгү эң ири экономикага” айланат. Кытай менен Индиянын дарамети өсөт, АКШ менен Жапонияныкы, тетирисинче, басаңдайт.

Кытай акыркы жылдары экс-советтик Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде өзгөчө Казакстан менен Түркмөнстандын отун-энергетика секторуна жана Орусияга активдүү инвестиция салууда. Бул аталган мамлекеттердин Бээжин алдындагы экономикалык көз карандылыгын күчөтөт деген пикирлер арбын. Тажикстандагы Стратегиялык изилдөөлөр борборунун аналитиги Худойберди Холикназаров андай ойлорго кошулбайт.

"Кытай сыяктуу зор инвесторду башка бирөөгө алмаштыруу мүмкүн да эмес. Анткени Кытайда бар акча башка өлкөлөрдө жок. АКШ жана Европа мамлекеттери негизинен Борбор Азиянын мунай жана газ өндүрүү сыяктуу кирешелүү тармактарына капитал салышат. Алар биздин өлкөлөргө зарыл инфраструктураны өнүктүргөнгө каражат анча беришпейт, - дейт эксперт. - Ошон үчүн Кытай сыяктуу дүйнөдө таасири бар чоң коңшу менен кызматташуубуз - Кудайдын ыкласына ылайык иш. Биздин өлкөлөр үчүн кызматташуу өсүп-өнүгүүбүз үчүн маанилүү. Батыштын, атүгүл Орусиянын экономикага салынган инвестицияны кайтаруу керек болот, насыя көбөйүп отуруп, моюнга камыт болот деген тейдеги кеп-сөздөрүн дүйнөлүк державалардын Борбор Азия үчүн болгон атаандаштыгы деп түшүнөм".

Европада, Жапонияда жана Орусияда экономика мурдагыдай ыкчам өнүкпөй калышына алардагы калктын картайышы да себеп болоору айтылды. Аларда демографиялык кризис күчөйт. Өзгөчө, Орусия мындан катуу жабыркай турганы, 20 жылда бул өлкөнүн калкынын саны 10 млн. адамга кыскараары божомолдонду.

Бирок экономикалык өнүгүү темпин жана иммиграциялык саясатын азыркыдай сактай алса, өлкө баары бир глобалдык күчтөр ичинде маанилүү орунду ээлей берээри прогноздолот.

2030-жылга чейин дүйнөдө исламчылардын террористтик чабуулдары азайып, анын ордуна киберчабуулдар күчөшү мүмкүн. Таза суу өңдүү зарыл жаратылыш ресурстары үчүн күрөш да жалпы стабилдүүлүккө оор залакасын тийгизе тургандай деңгээлге чыгышы ыктымал.

Бирок АКШда альтернативдүү отун катары “сланц газын” өндүрүү келечекте бул өлкөнү азыркыдай “эң ири импортер” макамынан арылтып, экономикасы мунай жана жаратылыш газынан түшкөн кирешеге байланган мамлекеттерди оор абалга калтырат, деп айтылууда.

Ошентсе да, 20-кылымда дүйнөдөгү эң таасирдүү, эңгезер өлкөгө айланган Кошмо Штаттардын глобалдык таасири азаят. Европада болсо экономикалык өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү кең Германия жалпы Еврошаркеттеги калган 26 жумурияттын лидери бойдон кала бермекчи.

ЦРУ, Пентагон, Улуттук коопсуздук агенттиги жана АКШдагы башка чалгын топторунун божомолунда айтылгандай, алдыда Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия бейстабилдүүлүктүн чордонуна айланышы мүмкүн. Стабилдүүлүктүн жоголушуна Ирандагы кырдаал өзгөрбөй, ядролук куралга ээ болуш мүмкүнчүлүгү да себеп болуп калышы ажеп эмес.

Дүйнөдө энергиянын башка булактары өнүккөн сайын Жакынкы Чыгыштын экономикалары да өнүгүүнүн альтернативдүү жолдорун тандай башташат.

Баяндамада Ооганстан менен Пакистан алдыдагы эки он жылдыкта “мамлекеттүүлүгүн жоготушу мүмкүн делген 15 өлкөнүн” катарына кириши мүмкүн экени айтылды.

Индия ондогон жылдар бою Кашмир аймагы үчүн Пакистан менен чечише албай келатат. Ушул тапта Индиянын экономикасы Пакистандыкынан сегиз эсе чоң, алдыдагы 20 жылда 16 эсе өсүшү мүмкүн. Мунун өзү расмий Делиге айланасына Пакистанга каршы күчтөрдү чогултушуна кеңири жол ачат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG