Дүйнө чемпиону болгон Франциянын улуттук курама командасы 16-июлда мекенине кайтты. Жекшемби күнкү матчтын каармандары түшкөн автобус Париждеги Елисей талаасын аралап өтүп, он миңдеген күйөрмандарга баалуу трофейди тартуулашмакчы. Финалда Хорватияны 4-2 эсебинде уткан француздар ушуну менен экинчи жолу дүйнө чемпиондору болушту.
Франция түнү бою футболчулардын жеңишин майрамдады. Финалдык беттешүү аяктаарына саналуу мүнөт калганда, арбитрдин акыркы ышкырыгы угула электе эле Парижден баштап алыскы шаар-кыштактарга чейин бүтүндөй өлкө бир чоң фан-зонага айланып, шаан-шөкөткө бөлөндү.
Жер-жерлерде “Алга, Франция!”, “Биз – чемпионбуз!” деген ураандар, "Марсельеза" жаңырып, мамлекеттик желектер желбиреп турду. Жаш муун үчүн бул биринчи ушундай чоң майрам болуп калды. Бир нече жылдан бери француздар өз желеги астында кайгылуу окуяларда гана биригип келишкен.
Борбор шаардагы Триумфалдык аркадагы дисплейде жаңы чемпиондордун сүрөттөрү көргөзүлүп, Эйфел мунарасы мамлекеттик туунун көк-ак-кызыл түскөрүнө боелуп турду.
Француз күйөрмандарынын майрамы.
Парижде коомдук тартипти сактоого 4 миңдей полиция кызматкери тартылган. Кээ бир жерлерде элдик майрам тополоң менен коштолду. Фанаттар полиция кызматкерлерине таш, бөтөлкө ыргытып жатышты. Тартип коргоочулар аларды жаш агызчу газ менен кууп таркатканга аракеттеништи.
Дүйшөмбүдө гезиттерде “Дүйнөнү багындырган жаш команда”, “Таланттардын жеңиши”, “Сыймык күнү келди” деген өңдүү аталыштагы макалалар жарык көрдү.
Москвадагы Лужники стадионунда өткөн Хорватия менен финалдык оюн кызыктуу, күтүлбөгөн жагдайларга бай болду. Акыр аягында француздар 4-2 эсеби менен жеңип, мындан 20 жыл мурунку ийгилигин кайталашты.
1998-жылы чемпиондукту жеңгендердин арасында азыркы башкы машыктыруучу Дидье Дешам да бар болчу. Эми ал дүйнө чемпиону болгон жана чемпиондорду тарбиялаган тарыхтагы үчүнчү машыктыруучу болуп калды. Дешам оюндан кийинки басма сөз жыйынында 2020-жылдагы Европа чемпионатына чейин команданын башында калаарын билдирди.
Француз күйөрмандарынын кубанычы.
Франциянын азыркы командасы Орусиядагы турнирге катышкандардын арасынан эң жаш курама команда - алардын орточо курагы 26 жаш. Килиан Мбаппе болсо 19 жашында дүйнө чемпионатында гол киргизген оюнчу катары даңазалуу Пеледен кийинки орунда тарыхка кирди.
ФИФАнын кубогу тапшырылып, медалдарды моюндарына тагынган футболчуларды кийим алмаштырган жайына барып Франция менен Орусиянын президенттери Эммануэл Макрон жана Владимир Путин барып куттукташты.
Бүгүн болсо күйөрмандар Франциянын каармандарын тосуп алыш үчүн кайрадан Елисей талаасына чогулушту. Андан кийин чемпиондорду президенттик сарайда мамлекет башчы Макрон кабыл алмакчы.
Франциянын жеңиши. Финалдан көз ирмемдер
1/13Оюндун 18-мүнөтүндө Хорватия командасынын оюнчусу Марио Манжукич биринчи голду өз дарбазасына башы менен киргизип алып, атаандашына пайда алып келди. 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңөөгө жетишти. 38-мүнөттө Антуан Гризман тепкен пенальтиден кийин француздар алдыга чыгышты. 2-таймдан соң Поль Погба (59) жана Килиан Мбаппе (65) гол киргизип франциялыктардын артыкчылыгын бекемдеди.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
2/13Пенальти. Голду Антуан Гризман киргизди.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
3/13Франциянын президенти Эммануэль Макрон трибунада.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
4/13Трибунада: Франция менен Хорватиянын президенттери.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
5/13Cүрөттө Лука Модрич менен Килиан Мбаппе. Франциялык Килиан Мбаппе "мыкты жаш оюнчу", хорватиялык Лука Модрич "мыкты оюнчу" аталып "алтын топ" алса, Бельгиянын дарбазачысы Тибио Куртуа "мыкты дарбазачы", англиялык Харри Кейн алты гол киргизип "мыкты чабуулчу" аталып, "алтын бутсы" алды.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
6/13Матчтан кийин.

8/13Хорватиянын курама командасы оюндан кийин.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
9/13

10/13Pussy Riotтун финалдык матч учурундагы акциясы.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
11/13Командасынын жеңишин майрамдаган Париж.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
12/13Командасынын жеңишин майрамдаган Париж.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
13/13Дүйнөнүн Футбол чемпионаты жыйынтыкталды.
Франциянын футбол боюнча улуттук курама командасы Орусияда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында хорватиялык атаандаштарын жеңип, экинчи жолу дүйнө чемпиону болду.
Артка
Алдыга
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.