Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:43

Нотр-Дам калыбына келтирилет


Париждин Нотр-Дам чиркөөcү күйүп жаткан учур. 15-февраль, 2019-жыл.

850 жылдык тарыхы бар Париждин Нотр-Дам чиркөөнүн кыл чокусу жана чатыры 15-апрелдин кечинде башталган өрттөн урап түштү.

Байыркы имараттагы өрткө байланыштуу дүйнө лидерлери француздарга көңүл айтып, алар менен чогуу кайгырып жатканын билдиришти. Француз президенти Эммануэл Макрон чиркөөнү калыбына келтирүүгө убада берсе, ага каражат чогултуу иштери да башталды.

Париждин символу болгон Нотр-Дам католик чиркөөсүнүн XIX кылымда кайра тургузулган найза сымал мунарасы өрт башталгандан кийин эки сааттан соң кыйшайып барып, бир убакта урап түштү. Эмен жыгачынан жасалып, коргошун чапталган мунаранын кулап түшкөнүн дүйнөдөгү негизги телеканалдар көрсөтүп жатты. Кийин маалым болгондой, чиркөөнүн чатыры да толук күйүп кеткен.

Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

Дүйнөдөгү байыркы деп эсептелген жана эл эң көп барган кооз жана тарыхый жайдагы кайгылуу окуяга миңдеген париждиктер жана туристтер жаны кейип көз салып, өрттүн эрте бүтүшүн тилеп жатышты. «Абдан өкүнүчтүү. Бул - Франциянын эң белгилүү тарыхый мурастарынын бири. Ушундай мурастын күйүп жатканы абдан өкүнүчтүү», - деди Колумбиянын Эми аттуу жараны.

Чиркөө өрттү өчүргөндөн кийин. 16-апрель, 2019-жыл
Чиркөө өрттү өчүргөндөн кийин. 16-апрель, 2019-жыл

Собор кечки саат алтыда жабылган. Ошондуктан өрт учурунда анын ичинде көп адам болгон эмес. Кийин чиркөөнүн ичиндеги кишилердин жана тегерек четинде жашаган адамдардын баары эвакуацияланды.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн чиркөөнүн чокусун өчүрүү аракеттеринен майнап чыккан эмес. Имараттын бийиктиги 35 метр болсо, анын мунарасы 69 метрге жеткендиктен, өрт өчүрүүчүлөрдүн техникасы чиркөөнүн чокусуна жеткен жок. Кырсыкты жоюуга 500дөй адам тартылды.

Өрттү тик учактар менен асмандан суу чачып өчүрүү боюнча чечимден имарат толук кыйрап калышы мүмкүн деген себептен улам баш тартышты.

Ошентсе да байыркы имараттын негизги конструкциялары жана ичиндеги баалуу реликвиялар сакталып калганы кабарланды. Окуя болгон жерге 16-апрелге караган түнү дароо барган Франциянын президенти Эммануэл Макрон чиркөөнү калыбына келтирүүгө убада берди.

Эммануэл Макрон (ортодо) чиркөөгө барган учурда.
Эммануэл Макрон (ортодо) чиркөөгө барган учурда.

«Мен жан дилимде бардык католиктер жана француздар менен биргемин. Бардык менин мекендештерим сыяктуу эле мага биздин бир бөлүгүбүз күйүп жатканын көрүү абдан оор. Нотр-Дам – бул биздин тарых, биздин адабият, биздин жан дүйнөбүздүн бөлүгү, улуу окуялар өткөн жер, эпидемия, биздин согуш, боштондук болгон жер. Бул биздин жашоонун борбору» деген Макрон өрттү «үрөй учурган трагедия» деп баалады.

Дүйнө лидерлери Париждин Нотр-Дам чиркөөсүндө болгон катуу өрткө байланыштуу француздарга көңүл айтып, алар менен чогуу кайгырып жатканын билдиришти. АКШ президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына «Кудай, Франция элин сакта» деп жазды.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин кеңсеси тараткан билдирүүдө «Нотр-Дам - Франциянын жана Европа маданиятынын символу. Биз француз досторубуздун кайгысын тең бөлүшөбүз» деп жазылат.

Полиция өрттүн тутанышына эмне себеп болгону азырынча так белгисиз экенин айтса, Париждин өрт башкармалыгы тилсиз апрелде башталган жоо имараттагы оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди. Тилсиз жоо менен күрөшүү маалында бир өрт өчүрүүчү катуу жабыркаганы айтылды. Өрт менен тогуз саат күрөшүп, таңкы саат төрттө гана өчүрүүгө мүмкүн болгон.

Франциянын Маданий мурастарды сактоо боюнча мамлекеттик фонду чиркөөнү калыбына келтирүү боюнча жалпы улуттук акча каражатын топтоо ишин жарыялай турганы кабарланды.

Ал арада француз бизнесмен Франсуа-Анри Пинонун үй-бүлөсү 100 миллион евро которууну убада кылды. Ал эми франциялык «Louis Vuitton» компаниясы жана анын президенти Бернар Арно үй-бүлөсү менен чиркөөнү оңдоп-түзөөгө 200 миллион евро бере турганын жарыялады. Башка да ондогон компаниялар менен ишкерлер, ошондой эле ЮНЕСКО уюму католик храмы жана Париждин символу болгон Нотр-Дамды калыбына келтирүү ишине катышарын билдиришти.

Орусия Интернетин дүйнөдөн бөлөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:16 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG