Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

"Сары кемселчендер" Макрондун башын маң кылды


Париждеги "сары кемселчендердин" акциялары. 8-декабрь, 2018-жыл.
Париждеги "сары кемселчендердин" акциялары. 8-декабрь, 2018-жыл.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон бүгүн кечинде өлкөдөгү нааразылык акцияларына байланыштуу кайрылуу жасайт.

Өлкөдө “сары кемселчендердин” акциялары төрт жумадан бери токтой элек. Өткөн ишемби күнү полиция менен демонстранттар кагылышып, 1400гө жакын адам кармалды. Франциядагы экономикалык талаптар менен башталган акциялар саясий талаптарга өсүп жетти.

Франциянын бийлиги 5-декабрда нааразылык акцияларынын башталышына себеп болгон күйүүчү майга салыкты көтөрүүдөн баш тартып, электр энергиясын жана газды кымбаттатууга мораторий киргизген. Ушундан кийин үч жумадан бери уланып жаткан, “сары кемселчендердин демонстрациясы” деген атка конгон нааразылык акциялары токтойт деген ишеним болгон эле. Бирок демонстрациялар 8-декабрда да өттү жана талаптар мурдагыдан да күч алды.

- Биз өкмөттү алмаштырышыбыз керек. Элдин көбү ушуну каалап жатат. Аларга эми мындан ары ишеним жок. Сиздер азыр көрүп тургандай, тынч эле турабыз, бирок алар бизге жаш агызуучу газ чачып жатат. Биз өзүбүз да өз ара сүйлөшүп, эмне кыларыбызды талкуулап жатабыз. Бизде азыр лидер жок. Бул кризиске чекит коюш үчүн бизге лидер керек, - деди нааразылык акцияларынын катышуучусу.

“Сары кемселчендердин” акциялары чачыранды өтүп жатат. Бийлик алардын акыркы талаптары радикалдашып баратканын билдирүүдө.

Парижде 8-декабрда бир катар белгилүү туристтик жайлар, дүкөндөр, музейлер, алардын ичинде Эйфел мунарасы да жабык болду. Ал күнкү “сары кемселчендердин” акцияларынын маалында өлкө боюнча 1400гө жакын, ал эми Парижде 970 адам кармалды. Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанердин айтымында, акция учурундагы кагылышууларда 118 демонстрант жана 17 полиция кызматкери жабыркаган. Анын маалыматына караганда, акцияларга өлкө боюнча 125 миңден ашык адам катышкан. Биринчи нааразылык жүрүштөрү 17-ноябрда өтүп, ага өлкө боюнча 300 миңдей адам катышкан. Париждеги эмерек дүкөнүнүн ээси Григорий Карей:

- "Сары кемселчендерди" да түшүнсө болот. Бирок азыр болуп жаткандар нерселерге жол берилбеши керек. Үч жума катары менен болуп жатат. Тегеректи караңыздарчы, баары талкаланган. Дүкөндөр жабылууга аргасыз болуп жатат. Баары бизнесин жоготууда. Бул өтө оор, бирок эч ким эмне болуп жатканын, алар эмнени кааалап жатканын түшүнгөн жок. Болуп жаткан иштер үрөй учурат, - деди.

Жума күнү жүргүзүлгөн сурамжылоолор акцияларды уюштуруп жаткан радикал кыймылды колдогондор азайганын көрсөтүүдө, бирок аларды жактагандар азыр деле 60 пайыздын тегерегинде. Өкмөт башчы Эдуард Филипп өткөн жума күнү “сары кемселчендердин” өкүлдөрү менен жолукту. Бирок азырынча мунаса табыла элек. Экономика министри Бруно Ле Майер акыркы акциялар экономиканы кыйраткыдай чыгым алып келгенин айтты:

- “Сары кемселчендердин" француз экономикасына тийген кесепети өтө оор. Мен азыр сиздерге так сандарды айта албайм, бирок ишканалардын кирешесине, Франциянын жалпы ички дүң өнүмүнө тийгизген таасири туралуу маалымат берем. Бирок биз азыркы окуяларды эске алганда, жыл аягында экономиканын өсүшү солгундашын күтө берсек болот.

Нааразылык токтобогонуна байланыштуу Франциянын президенти Эммануэл Макрон 10-декабрда элге кайрылганы жатат. Ал профсоюздар жана бизнес-лидерлер менен да жолугат. Бул анын экономикалык талаптар менен төрт жума мурда башталган нааразылык акцияларынан берки биринчи кайрылуусу болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG