Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Франция: терактты токтоткондор сыйланды


Франсуа Олланд чет өлкөлүк 4 жаранды Франциянын эң жогорку Ардактуу Легион ордени менен сыйлап жаткан учуру. 24-август, 2015-жыл
Франсуа Олланд чет өлкөлүк 4 жаранды Франциянын эң жогорку Ардактуу Легион ордени менен сыйлап жаткан учуру. 24-август, 2015-жыл

Президент Франсуа Олланд Амстердам - Париж каттамындагы поездде ок атууга аракеттенген кишини куралсыздандырган төрт чет өлкөлүк жаранды Франциянын эң жогорку Ардактуу Легион ордени менен сыйлады.

Радикал исламчы деп шектелген Аюб Хаззани ушу тапта сурак берип жатат. Ал жөн гана жүргүнчүлөрдү карактоону көздөгөнүн айтууда.

Бала кезден берки үч дос - америкалык Алек Скарлатос, Спенсер Стоун жана Энтони Садлер Европага эс алууга аттанып жатып, каарман болуп кайтышаарын, албетте, ойлобосо да керек. Өткөн жума күнү Амстердам - Париж каттамындагы поездде Калашников автоматы менен куралданган исламчыл радикал деп шектелген адамдын жасамакчы болгон теракттын алдын алгандан бери жаш уландар гезиттердин беттеринен, жаңылыктардан түшпөй калды. Президент Барак Обама өзү телефондон ыраазычылыгын билдирип, алардын “эр жүрөктүгү бардык америкалыктарды сыймыктандырарын” айтты.

Дүйшөмбү күнү болсо алар дагы бир британиялык жаран менен кошо Париждеги Елисей сарайында президент Франсуа Олланддын колунан Ардактуу легион белгисин алышты.

- Франциянын атынан кылган ишиңер үчүн рахматымды айтам. Жума күндөн бери бүт дүйнө эрдигиңерге, жоопкерчилик сезимиңерге суктанууда. Жылаңач колуңар менен, муну баса белгилейт элем, жылаңач колуңар менен куралданган адамды зыянсыздандырууга жетиштиңер. Эрдигиңер калың эл үчүн дем берүүчү үлгү болууга тийиш, - деди президент Олланд сыйлыктарды тапшырып жатып.

Ал эми Аюб Хаззани деген адамды биринчи болуп токтотууга аракеттенген 28 жаштагы француз жана жарадар болгон дагы бир жүргүнчү кийинчирээк сыйланмакчы.

Обама менен Олланд поезддеги окуяга байланыштуу телефон сүйлөшүүсүндө “терроризмге каршы мындан ары да биргелешип күрөшөрүн” белгилешти.

21-августта Голландиянын баш калаасынан 17.45те чыккан поезддин жүргүнчүсү бир нече убакыт өткөн соң дааратканадан Калашников автоматын көтөрүп чыгат. Аны байкап калган башка бир жүргүнчү үстүнө секиргенде ал бир нече ок чыгарууга үлгүрөт. Бир ок терезеге, экинчиси бир кишиге тиет. Кийин Аюб Хаззани деп аныкталган адам алдыга жыла баштаганда АКШ куралдуу күчтөрүнүн жоокери, Ооганстандагы миссиядан жаңы кайтып келген 23 жаштагы Алек Скарлатос аны байкап калып, досу, жоокер Спенсер Стоунга кайрылып: “Алдыга! Кеттик!” деп кыйкырат.

Скарлатос өзү кийин айтып бергендей, андан аркысы кинону элестетет. Стоун автоматын октоого аракеттенип жаткан Хаззанини жерге жыгууга жетишет. Бирок ал бычагын алып чыгууга үлгүрөт жана бир нече ирет мойнуна жана колуна саят.

Ар кайсы жагынан курал алып чыгып жаткан Хаззанинин колдорун бурап, бир нече жолу муштап, эс-учун жоготкудай кылып муунтушат.

Британиялык 62 жаштагы Крис Норман аларга жардам берип, колдорун байлайт.

Өзү жарадар болгонуна карабай, Спенсер ок жеген кишинин кан атып аткан жерин колу менен басып, өмүрүн сактап калды.

Үч америкалык тең теги марокколук Хаззанинин жүргүнчүлөрдү карактайын дегем деп айтканына ишенишпейт.

“Ал үчүн автоматтын сегиз ок чөнтөгү кереги жок, мынча ок-дармекти да эмне кылмак. Анын максаттары айдан ачык болчу” – дешет алар. Бирок жоокерлер Хаззанинин куралды колдонгонду жакшы билбегенин белгилешүүдө.

Француз атайын кызматтары аныкташкандай, исламчыл экстремист деп шектелген 26 жаштагы Хаззани Сирияга согушка аттанууга аракет көргөн болушу мүмкүн. 2007-жылы ал ата-энеси жана бир тууган агасы менен Испанияда отурукташат. Үч жылдан кийин Мадридден Гибралтардын боюндагы Алхесира шаарына көчүп кетишет. Калаа падышалыкта жихадчылардын очогу катары белгилүү.

El Mundo гезити жергиликтүү полицияга шилтеп жазганына караганда, Хаззанилердин үй-бүлөсү өтө жупуну, өз эмгеги менен тапкан акчага жашачу.

Аюбдун атасы The Telegraph басылмасына берген интервьюда уулу “эч качан саясатты сөз кылбаганын, адатта футбол же балык уулоо жөнүндө” гана сүйлөшкөнүн айтат.

Ошол эле маалда алар барган салафилердин Таква мечити эң радикалдуу болуп эсептелет.

Алхесирастагы Маданий ассоциациянын мүчөсү Мохаммед Али Мустафа Амар Аюб Хаззаниден мындайды күтпөгөнүн айтат:

- Бул биз үчүн эч күтүлбөгөн кабар болду. Чынын айтсам, ал жигит ушундай ашынган аракетке бара алат деп ойлогон эмесмин. Эми эмне деп айтам элем? Теракттар кайда болбосун биз андай иштерди айыптайбыз. Андайга толеранттуу мамиле кылбаш керек.

Аюб үч ирет маңзат аткезчилигине байланыштуу испан полициясынын назарына түшүп, бир жолу атүгүл кыска мөөнөткө кармалган.

2013-жылдын этегинде бир нече жолу мечиттин жанында ашынган маанайдагы сөздөрдү сүйлөп жаткан жеринен атайын кызматтар көрүп калгандан кийин жакындан байкоо салып жүрүштү. 2014-жылдын февралында болсо Мадрид Парижге Аюб Францияга кайтышы мүмкүн деп эскерткен.

Ал ушу тапта сурак берип жатат жана поездде жөн гана карактоого ниеттенгенин айтууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, жыл башында Франция ири террордук чабуулдарга туш болгон.

XS
SM
MD
LG