Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Газадагы жаңы кагылыш


Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы демонстранттар. 5-ноябрь, 2018-жыл.
Газа сектору менен Израилдин чек арасындагы демонстранттар. 5-ноябрь, 2018-жыл.

Газа секторундагы жаңы кагылыштардан жети палестиналыктын жана бир израилдиктин өмүрү кыйылды.

Соңку кыянатчылыктарга байланыштуу Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Франциядагы сапарын токтотуп, мекенине кайтып барган.

Газа сектору менен Израилдин чек арасында кагылыштардын азыркы толкуну быйыл марттын аягынан бери токтобой келатат. Израилдин коопсуздук күчтөрү менен палестин согушкерлеринин кезектеги кагылышуусу Газа секторунун ичинде болду.

Газа секторун башкарган ХАМАС кыймылынын маалыматына караганда, жети палестиналык, анын ичинде кыймылдын командирлеринин бири аймакка кирип келген жөөт аскерлери менен атышуу учурунда каза тапты. Мындан тышкары Израилдин аба күчтөрү жекшемби күнү Газа секторунда ХАМАСтын турумдарына сокку урган. Күбөлөрдүн эсебинде, абадан 40ка жакын ракета атылган.

Газа секторунда Израилдин аба соккусунан талкаланган автоунаа. 12-ноябрь, 2018-жыл.
Газа секторунда Израилдин аба соккусунан талкаланган автоунаа. 12-ноябрь, 2018-жыл.

Израил армиясы операция учурунда бир офицерин жоготконун билдирди. Газа секторунан болсо Израилдин түштүк бөлүгүн көздөй жекшемби күнү кеминде 17 ракета атылган.

Кырдаалдын күтүүсүздөн чыңалуусу Израилдин өкмөтү менен Газа секторун башкарган ХАМАС кыймылы чек арадагы тирешүүнү басаңдатуу багытында айрым бир аракеттерге бара баштаган убакка туш келди.

Өткөн аптада эле Израил камоодо турган Газа секторуна Катар мамлекети 15 миллион долларлык гуманитардык жардам киргизишине жол берген эле. Ага жооп катары ХАМАС чек арадагы нааразылык акцияларынын ургаалдуулугун азайткан.

Газа сектору менен Израилдин чек арасында ондогон, жүздөгөн, кээде миңдеген палестиндер быйыл 30-марттан бери утур-утур демонстрацияларды өткөрүп, анын жүрүшүндө Израил тарапка таш жана кол гранаталарын ыргытып, аймакта кара түтүндү уюлгутуп, дөңгөлөктөрдү өрттөп келатышат.

"Reuters" агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, андан бери чек арадагы кагылыштарда Израил аскерлеринин огунан 220дай, "Associated Press” агенттигинин маалыматы боюнча 170тей палестиндин өмүрү кыйылды.

Израил тарап болсо өз аракеттерин чек араны коргоо жана терроризмден сактануу деп түшүндүрөт.

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

- Биз Газадан кеттик эле, ал эмне болду? Бул кичинекей аймак радикал исламдын Иран колдогон турумуна айланды. Алар бизди карай 4 миңдей ракета атышты, - деген эле премьер-министр Биньямин Нетаньяху өткөн айдын соңунда Тел-Авивдеги жыйында. Бирок Нетаньяху 4000дей ракета кайсы убакыт аралыгында атылганын тактаган эмес.

Палестин автономиясынын эки аймагы: Иордандын Батыш жээги менен Газа сектору 2007-жылдан бери өз-өзүнчө башкарылат.

Газадагы палестиндер Израил мамлекет катары түзүлгөнүнүн 70 жылдыгы быйыл майда белгиленишине утурлай башталып, али уланып жаткан нааразылык акциясын 1948-жылкы окуяларды эске салуу менен ошондо Израилдин аймагында калган жерлерине “Кайтуунун улуу жүрүшү” деп аташкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Газа секторунун 2 миллион калкынын 1,3 миллиону - качкындар же качкындардын урпактары.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG