Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Грузия: Эки "дөөнүн" тиреши


Тирешип келген жана тирешип жаткан эки саясатчынын парламенттик шайлоодон кийин кездешүүсү. 9-октябрь, 2012-жыл.
Тирешип келген жана тирешип жаткан эки саясатчынын парламенттик шайлоодон кийин кездешүүсү. 9-октябрь, 2012-жыл.

Грузияда жаңы өкмөт бийликке келгенине 100 күн болду. Премьер-министр Бидзина Иванишвили буга байланыштуу кечээ Тбилисиде өткөн басма сөз жыйынында президент Саакашвилини өлкөнү дестабилдештирүүнү көздөп жатат деп айыптады. Өкмөт башчынын ырастоосунда, Саакашвилинин Бириккен Улуттук кыймыл партиясы “жарандык карама-каршылык жаратууга” умтулууда.

Премьер-министр Иванишвили бийликтеги жүз күнүнө арналган басма сөз жыйында белгилегендей, ал президент Саакашвили алдыдагы жума күнү парламентте жылдык кайрылуусун жасаган кезде жыйынга катышпайт.

Өкмөт башчы мунун себебин Саакашвилинин “калптарын” уккусу келбегени менен түшүндүрдү:

- Биз кырдаалды көзөмөлдөп турабыз, Грузияда эми эч ким өлкөнү ары-бери чайкай албайт. Ишенип койгула, Саакашвилинин доору, Грузиядагы калптын доору аяктады. Андыктан мен сиздерди сабырдуулукка, бушайманга түшпөй көңүлүңөрдү тынчтантууга чакырам.

Бидзина Иванишвили Грузия Орусия менен алакасын калыбына келтирерин да кошумчалады:

- Бизде чоң коңшубуз менен алака-катышты жөнгө салгыдай бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мен дагы бир жолу кайталайын, бул тез эле ишке аша койбойт. Биз буга чейин эмне болгонун жакшы билебиз, бирок биз муну мүмкүн болушунча тез жасоого аракеттенүүбүз абзел. Бизде өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн жана Орусия менен достук мамилени калыбына келтире алабыз деген үмүт бекемделүүдө.

Орусия менен Грузиянын мамилеси Түштүк Осетиядан улам 2008-жылы августта эки тарап кыска убакытка согушкандан кийин бузулган.

Бул жаңжалдын артынан Москва Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз өлкө катары тааныган. Грузия жооп кылып, Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөн, КМШнын курамынан чыккан.

Эми премьер-министр Иванишвили ырастагандай, анын өкмөтү ажырап кеткен аймактарды кайра кайтаруу, Түштүк Осетия менен Абхазия калкынын Грузияга мамилесин өзгөртүү үчүн колдон келгендин баарын жасайт.

Президент Саакашвили болсо өз тарабынан Орусия менен катар премьер-министр Иванишвилинин саясатын да айыптоодо.

Ал жакында эле Европанын парламенттик ассамблеясы - ПАСЕнин кеңешинде сүйлөгөн учурунда буларды айтты:

- Биз массалык маалымат каражаттарынан уккан ырастоолорго караганда, жаңы өкмөттүн миссиясы – Бириккен Улуттук кыймылды сот аркылуу талкалоо экен. Биз буга чейин көз карандысыздыгын сактоого умтулган сотторго күн сайын кол салынышына, Грузиянын коомдук телесинен баштап көз карандысыз маалымат каражаттары куугунтукталышына күбө болдук.

Саакашвили ПАСЕдеги сөзүндө Иванишвилинин өкмөтүнүн тышкы саясатын да сындап, премьерди өлкөнүн НАТОго кирүү мүдөөсүнөн кылчактап жатканы үчүн айыптаган.

Бирок Иванишвили бийликтеги жүз күнүнө арналган басма сөз жыйынында Грузиянын Европага ык алган саясаттан баш тартышы мүмкүн эместигине да токтолду.

Тбилисилик саясат таануучу Сосо Цискаришвили “Азаттыктын” грузин кызматы менен маегинде эл жаңы өкмөттөн берилген убадалардын аткарылышын али күтүп жатканын белгиледи:

- Реалдуу эсептегенде азыркы өкмөттө өз идеяларын ашыруу үчүн жүз күн болгон жок. Кеминде 50 күндү алар шайлоо өнөктүгү учурундагыдай күрөшкө коротушту. Анткени Улуттук кыймыл тарабынан чыгарылган ушактарга жооп берүүгө, демагогия менен күрөшүүгө туура келди.

Президент Саакашвилинин “Улуттук кыймыл” партиясы азыр парламентте оппозицияда турат. Анын өзүнүн президент катары экинчи бийлик мөөнөтү быйыл аяктоодо жана шайлоого катыша албайт.

Грузиянын буга чейин жактырылган Конституциясына ылайык, президенттик шайлоодон кийин премьер-министр ыйгарым укуктары азыркыдан да кеңейип, президенттики азайуусу керек.

XS
SM
MD
LG