Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Грузияда “Рустави-2” каналынын талашы күчөдү


“Рустави-2” каналын колдогон акция. 2-март. Тбилиси.
“Рустави-2” каналын колдогон акция. 2-март. Тбилиси.

Адам укуктары боюнча Европа соту Грузия Жогорку сотунун “Рустави-2” телекомпаниясын мурдагы кожоюна өткөрүү чечимин ишке ашырууга белгисиз мөөнөткө чейин бөгөт койду.

Адам укуктары боюнча Европа соту Грузия Жогорку сотунун чечимин аткарууну токтото туруу атайын көрсөтмөгө чейин узартылаарын кат аркылуу билдирди. 3-мартта сот бул чаранын мөөнөтүн ушул шаршембиге чейин белгилеген.

“Рустави-2” телекомпаниясынын башкы директору Ника Гварамия бул иш Грузиянын гана эмес Европанын тарыхына кирип калат деди:

- Өткөн жумада өлкөнүн Жогорку соту компания акцияларынын 60 процентин мурдагы ээси Кибар Халвашиге өткөрүү чечимин кабыл алган. Калган 40 процент анын “Панорама” компаниясына берилүүгө тийиш. Халваши 2006-жылы Михаил Саакашвили башындагы ошол кездеги бийликтин кысымы менен өз үлүшүнөн баш тартканын айтууда.

Бирок телекомпания жетекчилиги бул иштин артында бийликке айтылган сын сөздөр үчүн өч алууну көздөгөн өкмөт турат деп эсептейт. Каналдын башкы директору Ника Гварамия Жогорку соттун чечимин Грузиядагы "демократиянын жана сөз эркиндигинин жаназасы" деп атап, журналисттер жамааты телекомпанияны сатып алууга даяр деген.

- Биз Кибар Халваши жана анын өкмөттөгү чоңдоруна кайрылабыз. “Рустави-2” каналын бүт 100 процентин ушул адамдарга бергиле. Биз силердин коммерциялык кызыкчылыктарыңарды канааттандырабыз. Биз эфирге чыга беребиз, биздин ишибизди токтото албайсыңар.

Компаниянын кызматкерлери бир нече жолу нааразылык ацияларын өктөрүштү.

Оппозициялык "Рустави-2" каналынын жактоочулары Жогорку Соттун алдында турушат. 2-март, 2017-жыл
Оппозициялык "Рустави-2" каналынын жактоочулары Жогорку Соттун алдында турушат. 2-март, 2017-жыл

“Рустави-2нин” айланасындагы соттук талаш-тартыш 2015-жылдан бери уланып келатат. Оппозиция жана айрым укук коргоочулар өкмөт аны ээсин алмаштыруу менен каналдын редакциялык саясатын өзгөртүүнү көздөөдө деп шектенишет.

Буга чейин 30дан көп бейөкмөт уюмдар Европа сотун жогоруда сөз болгон чечимди токтото турууга үндөшкөн.

Кайрылууда белгиленгендей, Грузияда бул иш мүлк талашы катары сыпатталып келгени менен өкмөт негизги оппозициялык маалымат каражаттарынын үстүнөн көзөмөл орнотууга аракеттенүүдө деген шек пайда болду. Бул болсо өлкөдөгү демократияга жана сөз эркиндигине көлөкө түшүрөт.

“Рустави-2” телеканалы.
“Рустави-2” телеканалы.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму “Рустави-2нин” айланасындагы талаш өкмөттүн медиа жана соттун ишине ыктымал аралашуусуна байланыштуу тынчсыздануу жаратаарын билдирди.

Грузин оппозициясынын өкүлдөрү болсо Европа сотунун каналды эски кожоюна өткөрүүнү токтото туруу чечими Страсбургда бул иш Грузиядагы сөз эркиндигине коркунуч катары бааланганын көргөздү дешет.

Грузия бийликтери телеканалды бир тараптуулук үчүн айыптап келген, бирок бул таза чарбалык талашка тиешеси жоктугун ырастоодо.

Парламент төрагасы Ираклий Кобахидзенин айтымында, бийликтин бул сот процессине саясий же башка болобу, эч кандай кызыгуусу жок.

Премьер-министр Георгий Квирикашвили өкмөт европалык институттардын чечимдерин жана сунуштарын урматтаарын буга чейин айткан. Ошондой эле медиа абалды, анын ичинде "Рустави-2нин" талашын көзөмөлдөй турган медиа омбудсмен институтун түзүү демилгесин көтөргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG