Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Депутаттарды мушташтырган уят тасма


Грузия парламенти
Грузия парламенти

Грузияда саясатчылардын интимдик жашоосу интернетке тарап, акыркы жумада катуу ызы-чуу жаратты. Мунун айынан парламентте оппозиция менен бийлик депутаттары мушташты.

Чуулгандуу видео боюнча саясатчылар бири-бирин, атургай кээ бирлери Орусияны да айыпташууда.

11-мартта грузиялык оппозициячыга окшогон киши катышкан интимдик мүнөздөгү видео, андан аз өтпөй башкаруучу партиядагы саясатчы делген ушундай эле видео чыккан.

Бул грузин коомчулугун катуу дүрбөлөңгө түшүрүп, чатак боюнча президент Георгий Маргвелашвили да үн катып, бийлик аңдыгандарды кармоо боюнча бардык аракеттерди көрүп жатканын, жеке адамдын интимдик турмушу уят эместигин айтты.

Бул видеолорго катар эле автордун бир нече грузин саясатчыларын жана журналисттерин коркуткан билдирүү калтырышы ызы-чууга алдырууга дагы бир себеп болду. Анда 31-мартка чейин кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кетпесе алардын да видеолору жарыкка чыгып кетери айтылган.

Тергөө, маалымат каражаттары андагы адамдардын аты-жөнүн таптакыр атаган да, жазган да жок. Ошентсе да “Пирвели ТВ” телеканалынын журналисти Инга Григолия түз эфирде мындай билдирүү жасады.

- Мен, Инга Григолия – бирөөлөрдүн кызы, аялы, энеси жана курбусумун. Менин эң сонун сүйгөнүм бар. Интимдик жашоом өз нугунда. Менин жашоомдун аки-чүкүсүн жарыялайм деп коркутуп, мени өлкөдөн чыгып кет деп талап кылгандарга айтарым - өз укугумду жана башка адамдардын укугун коргоо үчүн башымды саям.

Мурдагы башкаруучу, азыркы оппозициядагы “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынан депутат Георгий Барамидзе интимдик видеонун тарашына бийлик да көмөктөш болуп жатат деп айыптады. Ал 2013-жылы кайсы бир журналистке байланыштуу интимдик видеону жарыялап жиберип, иштен айдалган ички иштер министринин орун басары Гела Хведелидзенин окуясын эске салып мындай деди:

- Бийлик мына ушундай булганч иштерди кылган адамдарды тапканыңарда башынан сылап же жөн эле Хведелидзе сыяктуу иштен айдап ийбеш керек эле. Аны башкаларга сабак болчудай кылып жазалаш керек болчу, - деп сөзүн бүтө электе арт жакта отурган башкаруучу "Грузин кыялы" менен оппозициядагы улутчулдар фракциясы мушташып кетишти.

Бийликчил депутат Нукри Кантария кинелерди четке кагып, тергөө бүтүшүн күтүүгө чакырды.

Бул арада тасма боюнча шектелип кармалган Ираклий жана Зураб аттуу эки грузин жаранын Тбилиси шаар соту тергөө бүткөнчө абакта калтырмай болду.

Айрым укук коргоочулар бийлик мурдагы ушул сыяктуу видеолорго жетиштүү чара көрбөгөндүн натыйжасы десе, окуяга “Ачык коом - Грузия” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Кети Хуцишвили Орусияны күнөөлөдү:

- Бул Грузиянын бийлигиндеги да, оппозициясындагы да батышчыл күчтөргө карата чабуул. Ал коомчулукта башаламандык жаратып, жагдайды көзөмөлдөн чыгаруу максатын көздөйт. Биз азыр муну тастыктай албайбыз, бирок бул биринчи кезекте кошунабыздын кызыкчылыктарына кирет деп эсептейбиз.

Жергиликтүү IT-адистер атайын кызмат видеону жүктөгөндөрдү кармай албасын, алар болгону видео чыккан шилтемени гана блоктой алышканын айтышат. Мындан улам дагы башка тасмалар чыгышы мүмкүн, ал айрым саясатчылардын беделин түшүрүүгө багытталат деген чочулоолор күч. Ал эми Грузияда күздө парламенттик шайлоо өтөт.

Грузия сыяктуу эле түстүү ыңкылапты башынан өткөргөн Кыргызстанда деле мындай чуулгандуу видеолор жарыяланып келет. Буга коомчулук көп учурда өлкөнүн атайын кызматтарын, бийликти айыптаган. Бирок кыргыз бийлиги бир дагы окуяда грузин жетекчилери сыяктуу жеке турмушту аңдыгандарга каршы чечкиндүү күрөшөрүн билдирген эмес.

XS
SM
MD
LG