Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Германияда билим алгың же иштегиң келеби?


Германиядагы Вильгельм Лейбниц университети
Германиядагы Вильгельм Лейбниц университети

Мага Германияга кантип окууга же жумушка барса болот деп кайрылган жаштар көп. Бул суроо башка да бир катар кыргызстандык жаштарды кызыктырса керек. Учурда мен Германияда окугандыктан өзүм билген маалыматтар менен бөлүшкүм келди.

Башка өнүккөн өлкөлөрдөгү журтташтар да өздөрү окуп же жашап жаткан мамлекетте билим алуу мүмкүнчүлүгү кандай экенин жазып, баяндап, бул шеринеге үн кошот деп үмүттөнөм.

Жалпысынан алганда Германияга келүүнүн төрт жолун айтсак болот. Булар: билим алуу, ау-пэйр, социалдык кызмат жана жумуш.

Окуйм деген жаштарга кеңеш

Стипендия менен окуу. Мен билгенден Германияда көптөгөн стипендиялык программалар бар. Бул изилдеген багытка жана окуган окуу жайга жараша болот. Көбүнчө стипендия магистратурага жана докторантурага берилет. Кээ бир багыттарда (мис. медицинада) бакалаврга да алса болот.

Стипендиянын булактары мамлекеттик программалардан (ДААД ж.б.) же окуу жайдан берилиши мүмкүн, андан тышкары көптөгөн фонддор (Фридрих Эберт фонду, Ханиел фонду, Фридрих Науман фонду ж.б.) каржылаган стипендиялар бар. Алар тууралуу маалыматты интернеттен оңой эле таап алса болот.

Өз каражатың менен окуу. Германияда башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу ЖОЖ, кесиптик окуу жайлар мамлекеттин карамагында, андыктан, бул жакта окуу акысыз. Болгону студенттик билетке аз гана тыйын (жарым жылга/250-500 евро) сарпташ керек жана күнүмдүк жашоодогу чыгымдарды жапкандай каражат болушу зарыл. Өз арабамды өзүм сүйрөйм дегендер кошумча иштеп, өзүн камсыздаса да болот. Чоң шаарларда студенттерге жумуш жетиштүү, болгону ал окууга бир аз тоскоол болушу мүмкүн.

Германиядагы Саарланд университетинде иштеген Айсада Үчүгөнова өзү иштеген университеттеги кыргыз студенттер менен
Германиядагы Саарланд университетинде иштеген Айсада Үчүгөнова өзү иштеген университеттеги кыргыз студенттер менен

Немис окуу жайына билим алууга келүү үчүн биринчи окуу жайды таап, багытты аныктап алуу зарыл. Анан ал окуу кайсы тилде экенин тактап (немис же англис тилинде болот), ошол тилди керектүү деңгээлде үйрөнүп, тиешелүү тил сертификатын (DaF/DSH, TOEFL) алуу керек болот.

Эң башкысы, эгер тил сертификаты болсо, калган формалдуу документтерди топтоп жиберүү өтө деле олуттуу маселе эмес.

Тилди бир аз эле үйрөнүп, анан калганын ошол жактан үйрөнөт элем дегендер да болушу мүмкүн. Андайлар немис тилин жок дегенде А2 деңгээлинде (немис тилинде А1, А2, B1, B2, С1,С2 деңгээлдери бар) билсе, Германияга келип кээ бир университеттердеги тил курсуна жазылса болот.

Андан сырткары, төмөндө сөз боло турган Аu pair жана FSJ программалары да немис тилин үйрөнүүгө жакшы шарт түзөт.

Аu pair - жакшы мүмкүнчүлүк

Бул программа бир жыл же алты ай немис үй-бүлөнүн кичинекей бөбөктөрүн каралашып, ошол жерде жашап, анан немис тил курсуна барып, тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берет. Аu pair программасына 18-26 жаштагылар кайсы бир ЖОЖдо экинчи курс болгондон кийин тапшырса болот.

FSJ-ыктыярчы болом дегендер үчүн программа

Берлиндеги көргөзмөгө катышкан кыргыз уздары
Берлиндеги көргөзмөгө катышкан кыргыз уздары

FSJ (Freiwilliges Soziales Jahr), кыргызчалаганда волонтерлук социалдык жыл болуп которулат. Бул программага 18-27 жашка чейинки жаштар тапшырса болот. Бул багыт менен келген жаштар алты айдан бир жарым жылга чейин Германияда ар кайсы тармактарда волонтер болуу менен бирге немис тилин практика кылса болот. Алар талап боюнча жумасына 40 саатка чейин иштөөсү керек. Жатакана, тамак-аш берилет жана кылган жумушуна жана жашаган аймакка жараша кошумча төлөмдөрү болот. Бирок бул программа немис жаштарына багытталгандыктан чет өлкөлүктөргө орундар чектелүү санда жана кээ бир гана багыттарда иштесе болот.

Жумуш

Жогорудагы жолдордон сырткары, Германияга жумушка да келсе болот. Көбүнчө бул жакка адистер жетишпеген багыттарга (мис. медицина, IT) иштегени келгендер бар.

Айта кетчү нерсе, жогорудагы программаларга тапшырам дегендер немис тилин аз дегенде А2 деңгээлде билүүсү зарыл болот.

Кыскача ушундай. Ал эми башка өнүккөн өлкөлөргө окууга барууга кандай жолдор бар болду экен? Журтташтар, ой-пикириңиздер менен бөлүшкүлө.

Баатыр Алымкулов, Германия

XS
SM
MD
LG