Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Германияда улутчулдар азчылыкта калды


Берлиндеги митингдер. 27-май, 2018-жыл.
Берлиндеги митингдер. 27-май, 2018-жыл.

Германиянын ашкере оңчулдары 27-май күнү Берлинде жөө жүрүш уюштурду. Ага 5 миңдей адам катышкан. Ал эми Германиянын полициясынын маалыматына караганда, улутчулдардын бул жөө жүрүшүнө каршы уюштурулган антимитингге чыккандардын саны 20 миңге жетти.

Германияга мигранттардын, өзгөчө мусулмандардан агып келишин токтотуу жана Германиянын кызыкчылыктарын жалпы Европаныкынан алдыга коюу сыяктуу ураандар менен былтыркы шайлоодо Бундестагда үчүнчү чоң фракция болгон "Alternative für Deutschland" ("Германия үчүн альтернатива") партиясы өзүнүн аймактардагы колдоочуларын Берлинге чогултту.

Сириядагы качкындар каптап келгенден бери эл арасында бийликке нааразылык күчөп, соңку жарым кылымда Бундестагда алгачкы ирет ашкере оңчул партия отурат. Беш миңге чукул оңчулдар баш калаанын башкы автобекетинен Германия парламентинин жанындагы Бранденбург дарбазасына чейин жөө барып, өзүнүн саясий позициясын дагы бир сыйра эскертишти.

"Германия үчүн альтернатива" партиясынын лидери Александр Гауланд аны мындайча туюндурду:

Берлиндеги митинг. 28-май, 2018-жыл.
Берлиндеги митинг. 28-май, 2018-жыл.

- Биздин балдар, биздин өлкө, биздин келечек – биздин бүгүн чогулганыбыздын себеби ушул. Бул жөнүндө ойлонгон бизден башка эч ким жок. Биздин балдар, биздин өлкө, биздин келечек. Бул биздин ата-энебизден калган өлкө. Биз муну ушундай сактап калышыбыз керек. Биз баары менен макул боло берген Христиан-демократтар же Жашылдар сыяктуу партияларга кошулбайбыз. Биз өлкөбүздү бүгүнкүдөй сактап калабыз.

Берлин Германиянын ашкере оңчулдарын улутчулдукка каршы антимитинг менен тосуп алды. Антимитингге чогулган 20 миңге жакын демонстранттар оңчулдарды сөгүп, нацисттик идеяларга Германияда орун жок экенин кыйкырып турушту.

“Сол” партиясы өкүлү Ферат Кочак эл алдында мындай деди:

- Бүгүн көчөлөрүбүздө жүргөн бул жек көрүү жана террор саясатынын тарапкерлери, бул чагымчылар азыр парламентибизге да кирип алышты. Алар "жөө жүрүш уюштурабыз" дейт. Мен аларга "Жок!" дейм. Жек көрүүгө "Жок!" дейм. Элди бөлүп-жарууга "Жок!" дейм. Биз – тынчтыкта жана ар түрдүүлүктө бирге жашоону каалагандар – аларга каршы бирге турушубуз керек. Биздин коомубуз түрдүү, бирок биз бүгүн Республика аянтында бирге турабыз. Биз бейпил турмушубузду эч кимге алдырбайбыз.

Атаандаштардын митингдери бир топ кызуу болду. Жүрүштөрдө бир киши жабыркап, бирок жалпысынан иш-чара тынч өткөнү кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

XS
SM
MD
LG