Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Германияда карнавалга чогулгандарды машине сүздү


Фолькмарзен шаарындагы карнавал өтүп жаткан жер. 24-февраль, 2020-жыл.
Фолькмарзен шаарындагы карнавал өтүп жаткан жер. 24-февраль, 2020-жыл.

Германиянын Фолькмарзен шаарында уюштурулган карнавалга чогулгандарды машине сүзүп, он киши жарадар болду.

Полиция «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу камалганын билдирди. Азырынча ал бул ишке атайылап барганы же кокустан болгон кырсык экени белгисиз.

HNA агенттиги күбөлөрдүн сөздөрүнө таянып, «айдоочу атайылап «газды катуу басып» балдарды сүзгөндөй» деп жазды.

Жабыркагандардын арасында балдар да бар. Окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат.

20-февралга караган түнү Германиянын Ханау шаарында куралчан адам туш келди ок атып, кеминде 10 киши каза тапкан. Немис полициясы ал окуяны «ксенофобиядан келип чыккан теракт» катары карап жатканы маалымдалган.

XS
SM
MD
LG