Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Германияда ок атуу теракт катары бааланды


Ханаудагы ок атылган жер. Германия, 20-февраль, 2020-жыл.
Ханаудагы ок атылган жер. Германия, 20-февраль, 2020-жыл.

Немис полициясы Майндагы Франкфурт шаарынын жанындагы ок атууну «ксенофобиядан келип чыккан теракт» катары карап жатат.

20-февралга караган түнү болгон окуяда кеминде 10 киши каза тапты. Маалыматка караганда, Ханаудагы барда жана кафеде ок аткан кишинин cөөгү бейшембиде өз үйүндө табылды.

«Associated Press» агенттиги Германиянын коопсуздук кызматтарына таянып жазганына караганда, кылмышка шектүү киши болжол менен «ашынган оңчулдардын» көз караштарын бөлүшчү.

Ал тапта Түркияysy президенти Режеп Тайып Эрдогандын басма сөз катчысы өлгөндөрдүн арасында түрк жарандары бар экенин билдирди.

Ибрагим Калындын айтымында, Анкара немис бийлигинен кылмыштын бетин ачууга колдон келишинче аракет кылат деп күтөт.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Франкфуртка жакын жердеги Ханау шаарчасында куралчан адам шиша барда (кальян чеге турган чылымкана) жана кафеде туш келди ок аткан. Андан кийин парктардын биринде кетип бараткан кишилерди аткылай баштаган.

Буга чейин сегиз кишинин өлүмү тууралуу кабарланган. Бирок кийин оор жарадар болгон бир киши ооруканада көз жумганы белгилүү болду. Бир нече киши жабыркаган.

Полиция кол салганды издөө операциясын баштап, бир нече сааттан кийин шектүү адамдын сөөгү Ханаудагы үйүндө табылды.

«Биз азыр Ханау Кесселштадтдагы дагы бир кылмыш болгон жерге келдик. Буга чейинки кылмыштарда колдонгон машине тууралуу күбөлөрдөн маалымат түшкөндө полиция келип, машиненин номерин тактады. Анын негизинде атайын күчтөр ушул дарекке жөнөтүлгөн. Батирден эки кишинин сөөгү табылды. Бирөө болжол менен шектүү кылмышкер», - деди жергиликтүү полициянын басма сөз катчысы Михаэл Малкмус.

Тартип коргоочулардын маалыматына ылайык, шектүү өзү жанын өзү кыйган болушу мүмкүн. Ошентип, жалпысынан бул окуяда 11 киши ажал тапты.

Кол салуунун себеби азырынча белгисиз. «Bild» гезити «шектүү адам - Германиянын жараны, анын курал-жарак алып жүрүүгө уруксаты бар болчу, машинесинде ок-дары табылды» деп жазды.

Полиция башка шектүүлөр жок экенин билдирди. Коопсуздук органдары ок атууну «ксенофобиядан келип чыккан теракт» катары карап жатышат.

Бутага алынган эки жайга негизинен күрд улутундагылар барышчу. Франкфурттан 20 чакырым жерде орун алган Ханау шаарында 90 миңдей киши жашайт.

Былтыр күзүндө Германиянын Галле шаарында ок атуудан эки бейкүнөө киши өлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG