Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

ФСБ кимди кармаган?


Талант Онуров.
Талант Онуров.

Кыргызстандык Талант Онуров Орусияда теракт уюштурган деп шек саналып, азыр камакта отурат. Кыргызстандагы ата-энеси, туугандары ага жалган жалаа жабылып жатканын айтып жатышат.

Москвада теракт уюштурган деген шек менен кыргызстандык кармалганын орусиялык басылмалар 5-ноябрда кабарлашкан. Тергөө комитетине таянып, 30 жаштагы Талант Онуровду ФСБ камакка алып, ал күнөөнү моюнга алганы маалымдалган. Москвадагы Черемушкин соту 3-ноябрда Онуровду 2020-жылдын 1-январына чейин камаганын кошумчалаган.

Айрым басылмалар Онуровду «радикал исламчы, жихаддын ашкере жактоочусу» деп атаган. Кээ биринде Москванын метросунда теракт жасоого тогуз айдан бери даярданып жүргөнү айтылса, кээ биринде ал Орусияга сентябрда гана келгени белгиленген. Ошондой эле айрым булактарда күч органдары аны 1-ноябрда кармаганы кабарланса, кээ биринде камакта отурганына бир нече жума болгону айтылган.

6-ноябрда РБК басылмасы Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматына таянып, Талант Онуров Кыргызстандын жараны экендигин кабарлаган.

Талант Онуров деген ким?

Талант Онуров 1989-жылы 11-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Үй-бүлөдө төрт баланын улуусу. Ата-энесинин айтымында, 1998-жылы менингит болуп ооруп, кулагы укпай калган.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги 2007-жылы берген күбөлүккө ылайык, бала кезинен 3-топтогу майып. Балыкчы шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турат, майыптыгына байланыштуу айына 2700 сом жөлөкпул алат.

1998-2008-жылдары Бишкектеги кулагы укпаган балдардын №2 интернатында окуган. Кийин Балыкчыдагы ата-энесинин колунда жүргөн. Үйлөнө элек, мурда соттолгон эмес.

Министрликтен маалымдама.
Министрликтен маалымдама.

Апасы Доктуркан Асанбаева Талант быйыл 23-сентябрда Бишкекке «иштейм» деп кеткенин айтат.

- «Иштеп, кулагыма аппарат алам» деп кеткен. Жөлөк пулу бар. Ошондон топтогон акчасы бар болчу. Анан берки балдарыма Москвадан чалып жатпайбы. «Иштеп алып барам, апама айтпай эле койгула, санааркатпай» дептир.

Талант 24-сентябрда кантип, кандай жол менен Орусияга барып калганы туугандарына белгисиз. Ал биринчи жолу Москвада жүргөнүн 25-сентябрда инисине айткан. Кийин дайыны чыкпай калган.

Ал арада Онуровдун туугандары «Инстаграмдагы» «Москва КЖ» баракчасы аркылуу Таланттын сүрөтүн чыгарып, Москвадагы кыргызстандыктардын арасында издөөгө жарыялашкан. Кээ бир адамдар аны Москванын ар кайсы жеринен көрүшкөнүн, ал жол киреге акча сурап, көрүнгөн жерде конуп-түнөп жүргөнүн жазышкан.

Социалдык тармактагы изи.
Социалдык тармактагы изи.

8-октябрда Талант кайрадан байланышка чыгып, «1-октябрдан 4-октябрга чейин Ясенево районундагы полиция бөлүмүндө камакта болгонун» айтып, «документтерин полициядан алыш үчүн 3 миң рубль акча сурап, өзүн Кыргызстанга алып кетүүнү» өтүнгөн. Үй-бүлө Москвадан жердештерди таап, аны Кыргызстанга кайтаруу аракетин көргөнчө Таланттын дайыны чыкпай калган.

Кийин Доктуркан Асанбаева Москвага уулун өзү издеп барган. Колуна тийген сот протоколдоруна ылайык, Талант 11-октябрдан 29-октябрга чейин полицияда 18 күн камакта болгону расмий катталган. Биринчисинде Москванын Зюзинский райондук сотунун чечими менен 11-октябрда Административдик мыйзам бузуу кодексинин 20.1-беренесинин 1-бөлүгү («Бейбаштык») боюнча, же тагыраак айтканда коомдук тартипти бузганы үчүн 10 күнгө камакка алынган.

Экинчисинде Москванын Преображенский райондук сотунун чемими менен 21-октябрда кайрадан эле Административдик кодекстин 20.1-беренесинин 2-бөлүгү боюнча коомдук тартипти бузганы үчүн Москвадагы №1 атайын кармоочу жайда сегиз күнгө камакка алынган.

Москва сотторунун чечими.
Москва сотторунун чечими.

Апасы Доктуркан баласынын коомдук тартипти бузуп, катуу сүйлөп, тартип сакчыларына каршылык көрсөткөнүн анын майыптыгы менен түшүндүрөт.

- Кулагы укпаган балам өзү катуу сүйлөйт, колдорун жаңсап жиберет. Ачуусу да чукул. Алгач полициянын көзүнө түшүп, бейбаштык үчүн кармалганын ошентип түшүнүп жатабыз. Тигилер жулкулдатып, сүйрөп жөнөсө, катуу сүйлөдү го. Орусча интернатта окуган. Жаза алат. Бирок чала-була сүйлөйт.

Тааныш-билиштер аркылуу баласынын дайынын таап, 29-октябрда полициядан бошотот деп барганда Доктурган уулун Москвада акыркы жолу көргөнүн айтат. Уулу Орусияда терроризм үчүн айыпталып жатканын ал кийин гана уккан.

- Мневский чолок көчөсү беле, ошол жакка бардык. Чыгарышы керек эле. Күтүп турсак, бир автоунаа келди. Эки полиция кызматкери, бир жөнөкөй кийинген адам чыгып, короого кирип кетишти. Анан ал адам уулумду жетелеп чыкты. Балама жулунуп, ал да мага качып, бирок экөөбүздү сүйлөтпөй коюшту. Машинесин кетирбей, себебин сурап жолдо туруп алдым. Анан «Каширский деген жакка алып барабыз» дешти. Биз ал жактагы полиция бөлүмүнө барсак кезекте турган кызматкер «машиненин номуру боюнча биздики, бирок эч кимди алып келишкен жок» деди. Ал жерде күтүп турганда «туугандары бар экен, келишти» деп айтып жатышканын уктук. Эртеси элчиликке барып, ал жактагы юрист менен Тергөө комитетинин бир бөлүмүндө деп издеп бардык. Ал жактан да таппай калдык. Уулумду ошентип колумдан чыгарып жибердим. Өзүм ооруп калып, анан ал жактан мени Кыргызстанга салып жиберишти. Бул жакка келгенде эле баламды терроризмге айыптап калышканын уктум.

Ал эми Москванын Тергөө комитети «2019-жылы сентябрда Кыргызстандан Москвага келген Талант Онуров теракт уюштуруу максатында бир ай бою өзүнө шерик издеп, адабияттарды окуп, үйрөтүүчү видеолорду көрүп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого жер издеген» деп билдирип келет.

Талант апасы менен.
Талант апасы менен.

Онуровдун туугандары мындай айыптардын баарын четке кагууда. Үй-бүлө учурда кыргыз өкмөтүнөн гана жардам күтөт.

- Москвага сентябрдын аягында барса, улам бир изолятордон бир изоляторго камалып жатса, кайдан бомба жасаганды үйрөнүп, кантип шерик издейт?! Жалган жалаа! «Балаң террорист» дегендин бирине да ишенбейм. Анын терроризм, ислам боюнча түшүнүгү жок. «Дааватчы» деп жазып жатышат. Эзелим андайга барган эмес. Жума намазга чанда гана барчу. Үйдө динге берилген эч ким жок. Чоочун адам менен да сүйлөшпөйт. Балам жөн гана тузакка түштү. Президент Сооронбай Жээнбековдон, өкмөттөн жардам сурайм, - дейт ыйламсыраган эне.

Талант Онуров Орусиянын Жазык кодексинин 30-беренесинин 1-бөлүгү, 205-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык теракт уюштурууга аракет кылган деп айыпталууда. Тергөөнүн божомолунда ал радикалдуу исламдын жактоочусу.

Кылмыш иши Москванын Түштүк-Батыш административдик аймагы боюнча Тергөө комитетинде каралууда. Өзү Бутырка №2 тергөө абагында отурат. Адвокаты Вадим Захаряев орусиялык органдарга тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалыматты жарыялабоо тууралуу кат жазып бергенин айтып, Талант Онуровдун учурдагы абалы тууралуу маалымат берген жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG