Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Меркел: Берлинде теракт болду


Германиянын канцлери Ангела Меркель жүк ташуучу машинанын Рождество жармаңкесиндеги элди тебелетип кетиши “террордук акт” болгон деген оюн ортого салды. Полиция ал окуяны теракт деп сыпаттоо үчүн жетиштүү далилдер бар экенин билдирди.

Окуя 19-декабрда Берлиндеги борбордук аянтта болгон. Майрам алдындагы салттуу жармаңкеге адатта жүздөгөн киши келип, белек алып, түрдүү тамак-аштан даам татып, көңүл ачып кетишет.

Полициянын маалыматына ылайык, оор машинанын айдоочусу унаасын атайлап элди карай айдаган. Кеминде 12 киши өмүрү менен кош айтышып, элүүдөн ашыгы жаракат алды.

Адегенде тартип коргоочулар базардын жанында кармалган 23 жаштагы пакистандык мигрант ошо машинанын айдоочусу болчу деп маалымдашкан. Ал Берлиндеги качкындар үчүн жайда жашап келгени да айтылган. Бирок кийин "кармалган киши чындап эле айдоочу болчу деген факт так эмес" деген кабар тарады.

Айдоочунун жанында отурган дагы бир киши, болжолу менен Польша жараны дарыгерлердин аракеттерине карабай окуя болгон жерде жан берген.

Ал эми польшалык TVN 24 телеканалы маалымдагандай, кол салууда колдонгон машина Польшадагы жүк ташыган компанияга таандык. Анын кожоюну Ариель Журавски машинанын айдоочусу анын тууганы экенин, Берлинге болот ташып барганын жана чабуул болгон күнү түштөн кийин байланышка чыкпай калганын айтып берди. Полиция машинаны уурдап кетишкен деген версияны текшерип жатат.

Германиянын канцлери Ангела Меркель кайгылуу окуя “террордук акт” болгон деген оюн ортого салды:

- Биз окуянын чоо-жайын дагы жакшы биле элекпиз. Бирок ал теракт болгонун боолголой алабыз. Ал кылмышты жасаган адам Германиядан баш калка алууну көздөгөнү чын болуп, тастыкталса, бардыгыбыз үчүн чоң сокку болмокчу. Көптөгөн немистер, өзгөчө күнүгө качкындар менен иштеген, аларга көмөктөшкөн адамдар, чындап биздин жардамыбызга муктаж мигранттар, коомубуз менен жуурулушуп жашап кетүүгө аракеттенгендер үчүн өтө оор болоору калетсиз.

Германия бир жылдын ичинде бир миллионго жакын мигрантты кабыл алган. Канцлердин качкындар саясаты болсо өлкө ичинде көптөгөн сынга кабылып келатат.

Ушундай эле окуя быйыл июлда Франциянын Ницца шаарында болгон. 14-июлда өлкөнүн улуттук майрамынын урматына өткөрүлгөн иш-чараларды көрүүгө келген элди оор машина сүзүп, 86 киши мерт кеткен. Ал терактты “Ислам мамлекети” радикал тобуна жан тарткан киши ишке ашырганы аныкталган.

Берлиндеги кол салуудан кийин Германия жана Европанын бир катар шаарларында Рождество базарларын кайтаруу күчөтүлдү.

Ак үй “теракт деп болжолдонгон окуяны” айыптап, “үрөй учурган кол салуу” “биздин жашоо ыраатын бутага алгандай” деп комментарийледи.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп “Ислам мамлекети” радикал тобу жана “исламчыл башка террористтер глобалдуу жихаддын алкагында христиандарды ыйык жерлерде өлтүрүүнү улантышууда. Террорчулар, регионалдык жана дүйнөлүк уюшмалары жер жүзүнөн жок кылынууга тийиш, биз бул миссияны эркиндикти жакшы көргөн өнөктөштөрсүз эле ишке ашырабыз", - деп айтты.

Үстүбүздөгү жылы Германия полициясы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун ондогон мүчөсүн камакка алып, бир нече теракттын алдын алууга жетишкен. Бирок бир нече кол салууну болтурбай коё алышкан жок.

18-июлда 17 жаштагы оогандык качкын Баварияда поезддин жүргүнчүлөрүнө балта жана бычак менен кол салып, төрт киши оор жарадар болгон. Колго түшүрүү учурунда кылмышкер атып өлтүрүлгөн. Ошондон бир жума өтүп өтпөй баш паанек сураган 27 жаштагы сириялык Ансбах шаарындагы музыкалык фестиваль маалында өзүн өзү жардырып жибергенде ондогон киши жараат алган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG