Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Дүйнөлүк экономика оңоло баштады


Оливье Бланшар - Эларалык Валюта Корунун башкы экономисти
Оливье Бланшар - Эларалык Валюта Корунун башкы экономисти

Эларалык Валюта Кору дүйнөлүк экономика акырындап кризистен чыга баштаганын, бирок айыгуу процесси оор болоору, узакка созулаары айтылды.

Экономикадагы жандануунун темпин кармап калыш үчүн, дүйнөлүк кордун ишениминде, АКШда экспортту, Азияда болсо импортту кеңейтиш керек.

Эларалык Валюта корунун башкы экономисти Оливье Бланшар “глобалдык экономикадагы кризис оор так калтырганын, ал дагы көптөгөн жылдар бою керектөөчүлөрдүн талабына да, сунушка да таасир этээрин” айтты.

“Азыркы экономикалык кризистен чыгыш үчүн буга чейинки каатчылыктарда колдонулган чаралар жарабайт”, - деди ал.

Баншардын жазышынча, глобалджык экономиканы бутуна тургузуш үчүн эки негизги кадамга өзгөчө көңүл буруш керек. Биринчиден, экономикадагы жылыштар аны стимулдаштырууга багытталган өкмөттүк программаларга эле байланып калбашы зарыл. Бул өңдүү утурумдук чаралар эртеби-кечки токтотулушу абзел.

Экинчиден, дүйнөдө соода-сатыктагы тең-салмактуулук кайра каралып чыгышы лаазым. Башкача сөз менен айтканда, Америка Кошмо Штаттары көбүрөөк экспорттошу керек, Азия болсо, тетирисинче, импортун кеңейтүүнүн жолдорун ойлонсо, дурус болмок. Муну менен Эларалык валюта кору Кытай менен Жапонияга өздөрүнүн жарандарына мүмкүн болушунча көбүрөөк товарды сатып алышы үчүн шарт түзсө, дейт.

Буга чейин АКШнын Ички дүң продуктусунун 70% өзүндөгү эле керектөөчүлөрдөн түшкөн киреше түзчү. Бирок кризистин айынан америкалыктар мурдагыдай деңгээлде мүлк сатып алууга дилгирлигин токтотуп, сарамжалдуу болуп калышкан. Американын экономикасы мунун айынан жоготуп жаткан кирешени толтуруш үчүн эми Кытай менен жалпы Азиядагы керектөөчүлөр көбүрөөк товар сатып ала башташы керек делет. Бирок мындай болоору да азыр анык эмес. Бу чаралар канчалык майнаптуу болоору талаштуу маселе экени экономисттин ушул эле билдирүүсүндө келтирилет. “Азыр жалпы Азиядагы өнүгүп келаткан экономикалардын Ички дүң продуктусу баары бириккен күндө да АКШнын Ички дүң продуктусунун жарымын да түзбөйт”, - дейт ал.

Дүйнөлүк экономиканын оңолушу АКШнын экономикасындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу болоорун айткан Бланшар, Азия азыр Кошмо Штаттарга жардам болчудай аракеттерди көрүшү керек деген ойду билдирди.

“Өнүгүп келаткан рынокторго түшүп турган капитал кризиске чейинкидей деңгээлине жетпейт”, - деп божомолдойт Бланшар.

Өткөн аптада Европадагы ири экономикалар – Германия менен Франция – экономикадагы рецессия токтоп, бир аз болсо да өнүгүү башталганын билдиришкен. Аны менен катар Жапония да өнүгүү байкала баштаганын билдирген.

Анткен менен экономист О.Бланшардын жазышынча, “Айрым мамлекеттер экономикадагы төмөндөө кыскарып, кайра бутуна тура баштаганын айта беришкени менен, ал жумушсуздукту кыскартпайт. Жумушсуздук келерки жылы да өсө берет”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG