Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Байлар көбөйдү, теңсиздик азайган жок


Киевдин чет жакасындагы үйлөр.
Киевдин чет жакасындагы үйлөр.

Соңку бир жылда дүйнөдөгү байлык бир жарым пайызга көбөйдү. Бирок байлыктын басымдуу бөлүгүнө дале болсо бир ууч гана адам ээлик кылаарын швейцариялык Credit Suisse банкы “Глобалдык байлык” жөнүндө жаңы баяндамасында билдирүүдө.

“Глобалдык байлык” жөнүндө соңку баяндамага ылайык, 2016-жылы дүйнөдөгү байлык 3,5 триллион долларга өсүп, жалпы 256 триллион долларды түздү. Бирок планетанын калкы өсүп жаткандыктан, жалпы байлыкты дүйнөдөгү ар бир чоң кишиге бөлө келгенде 2008-жылдан бери биринчи жолу олуттуу өзгөрүү байкалган жок. Натыйжада былтыркы сыяктуу эле быйыл ар бир чоң кишиге 52 800 доллар туура келүүдө.

Кантсе да дүйнөдөгү байлык дале болсо саналуу адамдардын колунда турат. 2000-жылдын башында дүйнөдөгү эң бай кишилердин бир пайызы глобалдык байлыктын 49,6 пайызына ээ болсо, 2016-жылы бул көрсөткүч 50,8 пайызды түздү. Эң бай адамдардын он пайызы жалпы байлыктын дээрлик 90 пайыздайына ээлик кылаары анык болууда.

Дүйнөдөгү бардык кирешенин бөлүштүрүлүшүндө да чоң ажырым бар. Маселен, дүйнөлүк байлыктын 65 пайызы Түндүк Америка менен Европага туура келет. Бул аймакта планетадагы чоң кишилердин 18 пайызы гана жашайт. Кытай менен Индияны кошпогондо чоң кишилердин 22 пайызы байырлаган Азия-Тынч океан аймагына болсо дүйнөлүк байлыктын 24 пайыздайы гана туура келет.

“Байлык жаатында АКШ үчүн салыштырмалуу туруктуу жана жакшы жыл болду. АКШнын байлыгы 4 жарым триллион долларга көбөйүп, жалпы 92 триллионду түздү. Миллиардерлердин саны боюнча да АКШ үстөмдүк кылат. Дүйнөдөгү өтө бай 144 миң адамдын жарымы АКШда жашайт. Андыктан Америка дале болсо глобалдык байлыктын негизги уюгу болуп турат”,-деп билдирди “Глобалдык байлык” жөнүндө баяндаманы жарыялаган Credit Suisse банкынын инвестиция боюнча башкы кызматкери Майкл О’Саливан.​

Бир адамга канча акча туура келерин көрсөткөн таблица. Булак: Credit Suisse, "Глобалдык байлык" баяндамасы, 2016-жыл
Бир адамга канча акча туура келерин көрсөткөн таблица. Булак: Credit Suisse, "Глобалдык байлык" баяндамасы, 2016-жыл

АКШда жалпы байлыктын ар бир чоң кишиге бөлүнгөн үлүшү да жогору. Бул өлкөдө бир кишиге 100 миң доллардан көп байлык туура келсе, Орусияда бул көрсөткүч 25 миңден ашпайт. Кыргызстан, Тажикстан, Казакстанда бир кишиге бөлүнгөн акча 5 миң долларга жетпейт.

Байлыктын көлөмү боюнча быйыл Жапония Кытайдан озуп, АКШдан кийинки экинчи орунга чыкты. Деген менен Credit Suisse банкынын өкүлү Майкл О’Саливандын айтымында, Кытайдын көрсөткүчү барган сайын жогорулап баратат:

“2000-жылы Кытайдын байлыгы 1939-жылдагы АКШнын байлыгына барабар болчу. Бирок Кытайда мындай өсүш улана берсе, келечектеги беш жылда анын көрсөткүчү АКШ 1995-жылы ээ болгон байлыкка жетет. Кытай бул жаатта чоң секирип жасап жатат”.

Мамлекеттердин ички дүң продукциясы менен ал өлкөдөгү миллиардерлердин байлыгынын айырмасы. Булак: “Форбс”, Эл аралык валюта фонду, 2015-жыл.
Мамлекеттердин ички дүң продукциясы менен ал өлкөдөгү миллиардерлердин байлыгынын айырмасы. Булак: “Форбс”, Эл аралык валюта фонду, 2015-жыл.

“Глобалдык байлык” баяндамасына ылайык, дүйнөдө миллионерлердин да саны өстү. Мисалы, 2000-жылы 12 миллиондон ашык миллионер болсо, андан бери бул сан 20 миллионго көбөйгөн. Миллионерлердин 95 пайыздайы өнүккөн өлкөлөргө туура келет. Бирок акыркы жылдары өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн да 2,5 миллиондон ашык миллионер чыккан.

Эсептөөлөргө ылайык, дүйнөлүк байлык алдыңкы беш жылда дагы 31 пайызга өсүшү мүмкүн. Бирок бир жылга белгиленген өсүү темпи алгач жоромолдонгондон бир пайызга аздык кылат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG