Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

Көлдөгү "көркоолук" православдарды ыза кылды


Ананьеводогу православ көрүстөнүндөгү сынып жаткан кресттер.
Ананьеводогу православ көрүстөнүндөгү сынып жаткан кресттер.

Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү тергөө тобун түзүп, иликтөө иштерин баштады.

Көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы 11-январда белгилүү болгон. Алгачкы болжолдуу маалыматтарга караганда, Ананьево айылына караштуу көрүстөндө токсонго жакын эстелик талкаланып, кресттер сындырылган. Окуянын изин алгачкылардан болуп сыйынганы келгендер 11-январь күнү көрүп, милицияга кабарлашкан. Жергиликтүү чиркөө кызматкери Виктор Журавлев көрүстөндөгү көрүнүштү сүрөттөп жатып кейиди:

Виктор Журавлев.
Виктор Журавлев.

- Биз эртең менен сыйынганы келип, сынып жаткан кресттерди көрдүк. Мен мүрзөнү аралап чыкканда байкадым, муну кылгандар жапайы, адам эмес. Бул биздин жалпы көйгөйүбүз. Себеби бул келечек муунду мектепте, мечитте, чиркөөдө жакшы тарбия бербей, көзөмөлдөбөгөндүктөн болуп жаткан нерселер.

Бул көрүнүш маркум жакындары жаткан жергиликтүү тургундарды айрыкча дендароо кылды. Алардын бири Александр мындай жорукту ашынган бейбаштар жасады деп шектенип турат.

- Бул кадимки эле вандализм, муну кылган адамдар акылынан айныган. Себеби акыл-эстүү адам мындайга барбайт болчу. Бул иште эч кандай улут аралык кастык жок, - деди ал.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы боюнча тергөө тобу түзүлүп, иштеп жатат. Бирок шектүүлөр табыла элек. Мекеменин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов бул кылмыш боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кыскача айтып берди:

Сталбек Усубакунов.
Сталбек Усубакунов.

- Бул факты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Жоруктар жөнүндө кодекстин 131-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Азыр бул факты боюнча бардыгы катталып, тийиштүү кызматтарга муну кылган адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча тергөө тапшырылган.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, райондук милициянын жетекчиси Нургазы Увалиев 12-январь күнү Ананьево айылынын тургундары менен жолугушту. Райондун акими күнөөлүүлөрдү табууга колдон келишинче аракет көрүлөрүнө убада берди:

Данир Иманалиев.
Данир Иманалиев.

- Буюрса табабыз, бейбашпы, вандалбы... Таап туруп, толугу менен чара көргөнгө аракет кылабыз. Бул жерде улут аралык жана дин маселеси жок. Көрүнүп турат, бир гана бейбаштык.

Православдардын кескин сынына кабылган бул окуяны бийлик өкүлдөрү бейбаштык катары баалап, «диний жана улут аралык кастыкка байланышкан маселе жок» деп жатышат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эстеликтерди талкалагандарды эртерээк таап, жазалоону ишемби күнү жергиликтүү бийликке тапшырды.

Ананьево - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы көп улуттуу ири айыл өкмөттөрүнүн бири. Ал Ананьево, Чет-Байсорун жана Көк-Дөбө айылдарынан турат. 14 миңден ашык калкы бар. Алардын 2500дөн ашыгы славян улутундагылар.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG