Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Грециянын тагдыры саммитте чечилет


Грециянын премьер-министри Ципрас чечүүчү саммит алдында. Брюссель, 22-июнь, 2015
Грециянын премьер-министри Ципрас чечүүчү саммит алдында. Брюссель, 22-июнь, 2015

Брюсселде Европа биримдигинин чукул саммити башталууда. Евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери Грециянын карызы боюнча кризисти жөнгө салууга аракет көрүшмөкчү. Үстүбүздөгү айдын этегине чейин Афины Эл аралык валюта фондунан алган 1,6 миллиард евро кредиттен кутулууга тийиш.

Брюссел жолугушуусу алдында Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас Франция президенти, Германия канцлери жана Еврокомиссиянын төрагасын дефолтту алдын алуу үчүн жаңы сунуштары менен тааныштырды. Айрым аналитиктер муну Грециянын мунасага даярдыгы катары баалашууда. Ал программа грек өкмөтүнүн чукул жыйынында кабыл алынган.

Июндун аягына чейин Афины Эл аралык валюта фондунан алган 1,6 миллиард евро насыядан кутулууга тийиш. Андай болбосо өлкө Евромейкиндиктен, а балким биримдиктен да чыгышы мүмкүн.

Шаркеттин экономика боюнча комиссары Пьер Московиси бүгүнкү саммит “чечүүчү учур” болорун айтып, дефолтко жеткирбөөнүн бир жолу табыларына ишене турганын кошумчалады. Комиссар грек өкмөтүнүн соңку сунушун “туура багыттагы” кадам катары сыпаттады.

Франсуа Олланд
Франсуа Олланд

Франциянын президенти Франсуа Олланд Миландагы маалымат жыйынында Грециянын евро зонада калышы үчүн бар аракет жумшалышы керек деп белгиледи:

- Алексис Ципрастын өкмөтү, гректердин көпчүлүгүндөй эле евро мейкиндикте калууну каалашат. Муну ар дайым айтып келатышат. Ципрастын өкмөтү да бир нече ирет андай ниетин тастыктаган. Андыктан Грециянын бирдиктүү валюта мейкиндигинде калышы үчүн колдогу аракеттин бардыгын көрүүгө тийишпиз. Сүйлөшүүлөрдүн чордонунда дал ушул маселе болуп келатат.

Афины менен талкуу дээрлик жарым жылдан бери туңгуюктан чыга албай келатат. Европа комиссиясы, Европа борбордук банкы жана Эл аралык валюта фонду Греция экономикалык реформалардын программасын кабыл алмайынча, 7,2 миллиард евролук жардамдын акыркы траншы берилбейт деп эскертишүүдө.

Афиныдагы көчөлөрдүн бири
Афиныдагы көчөлөрдүн бири

Грециянын Улуттук банкынын төрагасы Лука Кацели жекшембиде Брюсселдеги бийик жолугушууда мунаса табылбаса, анын арты чоң кесепеттерге алып келээрин белгиледи. Ошол эле маалда башкы банкир евро мейкиндиктен чыгуу сценарийи анча реалдуу эмес, бул кадам евро жүгүртүлгөн калган мамлекеттерге чоң залака тийгизе турганын кошумчалады.

Ал тапта катардагы гректер бир нече күндөн бери банктардагы аманаттарын алып кетүүгө аракет көрүшүүдө. Миллиарддаган доллар акчанын чыгарылышы банк системасына чоң сокку болду.

Жекшембиде миңдеген демонстрант бийликтеги ашынган солчул “Сириза” партиясына колдоо көрсөтүп, баш калаанын көчөлөрүнө чыгышты. Партия жыл башындагы жалпы шайлоодо бюджетти үнөмдөө боюнча катаң чараларга чекит коюуга убада кылган.

Насылар буга чейинки транштарды берүү үчүн койгон шарттардан улам гректердин маянасы кескин төмөндөп, ар бир төртүнчү жаран жумушсуз калган. Грецияны колдоо акциялары Брюссель менен Амстердамда да өттү.

Брюсселде саммит өткөрүү чечими өткөн жумада Люксембургдагы жолугушуу майнапсыз аяктагандан кийин чукул кабыл алынган.

Пенсионерлердин митинги, 2014-жыл, декабрь
Пенсионерлердин митинги, 2014-жыл, декабрь

Бүгүн лидерлер бир чечимге келишпесе, карызды төгүүгө дагы бир жума калмакчы. Бирок акча которуу процесси бир нече сааттык иш эмес, деп белгилешет аналитиктер.

Экономисттер Грециядагы окуялардан улам Аргентина 2001-жылы туш болгон кризисти эске салышат. Ал жылдын этегинде өлкө генералдар диктатурасынан бери топтолуп калган 100 миллиард евро карызын төлөй албай дефолт жарыялаган.

Ошондо бир топ ишканалар жабылып, жумушсуздук өскөн, девальвация карапайым элдин күнүмдүк керектөөсүн камсыздоону катуу чектеген. Дефолт Латин Америкасындагы үчүнчү кубаттуу мамлекетте саясий туруксуздукка алып келип, саналуу жуманын ичинде 5 президент алмашкан. Бирок экспортко багытталган айыл чарба секторунун жардамы менен Аргентина оңолуп кете алды.

Кризистен бери өлкө Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун карызынан кутулууга жетишти, Париж клубу менен болсо насыянын реструктуризациясы боюнча келишим түзө алды.

XS
SM
MD
LG