Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Өкмөт сунуштаган "Жаңы доор" корпорациясы эмне иш аткарат?


Өкмөт башчы Сапар Исаков Мамлекеттик каттоо кызматынын Автоунааларды каттоо департаментинин иши менен таанышууда. 6-февраль, 2018-жыл
Өкмөт башчы Сапар Исаков Мамлекеттик каттоо кызматынын Автоунааларды каттоо департаментинин иши менен таанышууда. 6-февраль, 2018-жыл

Кыргыз өкмөтү Мамлекеттик каттоо кызматынын алдында мамлекеттик корпорация түзөрүн жарыялады. Корпорация түзүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, азыр ал коомдук талкууга коюлду.

Кыргыз өкмөтү түзүүгө ниеттенип жаткан корпорация “Жаңы доор” деп аталмакчы. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоевдин айтымында, мекеме корпорация түзүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду:

Дастан Догоев.
Дастан Догоев.

- Башкы максат - калкка сапаттуу, социалдык багыттагы кызмат көрсөтүү. Ошол эле учурда бул корпорациянын негизги кирешеси - бизнес-чөйрөгө кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражат болот. Башкача айтканда, биздеги маалыматтарды колдонуп, жеке түзүмдөргө, компанияларга бизнес-аналитика жана кайсы бир кадамдарды иштеп чыгуу боюнча талдоочу материалдарды даярдайбыз.

Өкмөттүн сайтындагы негиздеме-маалыматта “идея улуттук каттоо системасын жакшыртуу, кызматтардын сапатын көтөрүү, материалдык базаны өз учурунда алмаштыруу үчүн иштелип” чыкканы жазылган.

Дастан Догоев мамлекеттик корпорация түзүлсө жарандарга көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапаты оңолуп, бирок баасы кымбаттабай турганын айтты.

Азыркы тажрыйбабыз көрсөткөндөй, биздин системаны, технологияны, инновациялык кадамдарыбызды башка өлкөлөрдө да колдонсо болот.

- Бул система кирешелүү боло баштаганда анын эсебинен биз калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын чыгымын жаап, элге бекер кызмат көрсөтө алабыз. Азыркы тажрыйбабыз көрсөткөндөй, биздин системаны, технологияны, инновациялык кадамдарыбызды башка өлкөлөрдө да колдонсо болот. Ошондуктан бул корпорациянын негизги кирешеси ишкерлик түзүмдөргө кызмат көрсөтүүдөн жана эл аралык рынокко чыгуудан түшө турган каражат болмокчу.

Өкмөттүн ишкер чөйрөгө кызмат көрсөтүүчү корпорация түзүү тууралуу чечимин талдоочулар ар кандай талкуулап жатышат.

Кыргызстандагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов түзүлө турган мамлекеттик корпорациянын ишин консалтинг компаниясына салыштырды:

Темирбек Ажыкулов.
Темирбек Ажыкулов.

- Мамлекеттин негизги милдеттери бар да. Алар, мисалы - чек араны коргоо, коопсуздук, жарандардын саламаттыгына кам көрүү, билим берүү иштери. Анан кийинки милдеттери - ишкерлерге, инвестицияга шарт түзүп берүү. Болду, ушуну менен токтошу зарыл. Мамлекет андан ары кетпеши керек. Анткени Мамлекеттик каттоо кызматы айткан функциялар коммерциялык иш-аракет болуп жатпайбы. Негизи эле бул милдеттер - жеке компаниялардын иши.

Ал эми экономист жана талдоочу Искендер Шаршеев мамлекет ишкер чөйрөгө колдоо көрсөтсө, жеке ишкерлерге инвестиция тартууга жеңил болмок деген ойдо.

- Инвестициялар эч качан мамлекеттик линия менен келбейт, алар жеке сектордун демилгеси менен келет. Ошондуктан ишкерлик чөйрө менен иштешиш керек. Мамлекеттик каттоо кызматынын ишин стратегиялык кадам десек болот.

Мамкаттоо ишкана түзүү реформанын алкагында жасалып жатканын, корпорация түзүлсө мекемедеги 700дөй кызматкер кыскарарын билдирди. Учурда бул системада 9284 адам эмгектенет.

Мекеме ошондой эле корпорация киреше таба баштаса азыр бюджеттен мекемени каржылоого жумшалып жаткан 500 млн. сом үнөмдөлөрүн кошумчалады. Мындан тышкары, демилгечилер келечекте корпорация Кыргызстандагы ири салык төлөөчү ишканага айланат деп ишенишет.

Ушу тапта Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу төрт департамент, бир агенттик, эки мамлекеттик ишкана жана бир мамлекеттик мекеме бар.

Сапар Исаков башында турган өкмөт алдыдагы беш жылда "Жаңы доорго кырк кадам" программасы, "Таза коом" долбоору аркылуу өлкөнү өнүктүрүүнү убада кылган.

Ал эми 2018-2040-жылдарга эсептелген өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн «Таза коом – Жаңы доор» стратегиясы экс-президенттин катышуусунда былтыр 15-ноябрда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында талкууланып, жактырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG