Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Коргоочусу жок калган Гүлнара Каримова


Гүлнара Каримова. 10-сентябрь, 2010-жыл.
Гүлнара Каримова. 10-сентябрь, 2010-жыл.

Өзбек бийлиги Ислам Каримовдун кызы эмне үчүн үй камагынан түрмөгө которулганын түшүндүрдү.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 3-апрелде маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы №21 аялдар түрмөсүндө жаза өтөп жатканын кабарлады. Басма сөз кызматынын маалыматына караганда туңгуч президенттин кызы үчүн түрмөдө «эч кандай өзгөчө шарттар түзүлгөн эмес».

1-апрелде швейцариялык адвокат Грегуар Манжа абактагы Гүлнара Каримова менен жолугушууга аракет кылып жатканын «Твиттерде» жазган. Кийинки күнү болсо түрмөдөн сүрөт чыгарып, бирок жолугушуу болгон-болбогонун жазган эмес.

46 жаштагы Гүлнара Каримованы үй камагынан прокуратуранын кызматкерлери белгисиз жакка алып кеткенин кызы Иман 6-мартта «Инстаграмдагы» аккаунтунда билдирген.

«Өзбек прокуратурасынын кызматкерлери апам 2018-жылдын июнунан бери жашап жаткан Ташкенттеги менин батириме кирип келишти. Алардын бирөө «жетекчилигинин атынан» менин апамды коркутуп, бир нече мүнөттөн кийин башка кызматкерлер менен апамды белгисиз жакка алып кетишти» деп жазган Каримовдун небереси.

Кийинчерээк Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Каримова соттун 5-марттагы чечими менен түрмөгө которулганын бышыктаган.

Каримовага 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда кылмыш иштери козголуп, ал миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп алган деп айыпталган. Бул акча ага Өзбекстанда Интернет менен камсыз кылууну көздөгөн алты телекоммуникациялык компаниядан пара катары берилгени айтылган.

Өзбекстанда Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш үчүн айыпталган. Кылмыш иши атасынын көзү тирүүсүндө 2013-жылы козголуп, 2016-жылы күздө Каримов кайтыш болгондон кийин 2017-жылы декабрда сот Каримованы 10 жылга эркинен ажыраткан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу үчүн күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны 5 жылдык үй камагына өзгөрткөн болчу.

Эми Башкы прокуратура Каримова «үй камагынын эрежелерин сактабай койгонун» билдирүүдө.

«2018-жылдын 22-ноябрында Гүлнара Каримова өз алдынча жашаган жеринен чыгып кеткен. Ага жазанын шарттарын сактоо керек экендиги эскертилген. Эскертүүгө карабай, Каримова үй камагынын шарттарын сактаган эмес. Ал бир нече жолу байланыш каражаттарын колдонуп, Интернетке чыгып, кылмыш иши боюнча ал келтирген чыгымды толуктоого каршылык көрсөткөн» деп жазылган Башкы прокуратуранын түшүндүрмөсүндө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG