Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Гүлнара Каримованын Швециядагы кесепети


"TeliaSonera" компаниясы
"TeliaSonera" компаниясы

Швецияда мурунку өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримовага миллиондогон пара берген өкмөттүк компаниянын башчылары соттолууда.

19-декабрда Стокгольмдо швециялык “TeliaSonera” телекоммуникациялык компаниянын мурдагы башкаруучуларынын соту аяктады. Сот жараяны төрт айга созулду.

Акыркы соттук отурумда швед прокурорлору коррупциялык кылмышка барганы үчүн “Telia” компаниясынын мурдагы аткаруучу директорлору Ларс Нюберг менен Теро Кивисаариге, ошондой эле ишкананын мурдагы кеңешчиси Ули Туимага мүмкүн болушунча катаал жаза берүүнү суранышты. Алар “Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага өзбек рыногуна кирүү, аларды бийликтен коргоп берүү үчүн 350 миллион доллар берген” деп айыпталууда.

Ларс Нурберг менен Теро Кивисаари
Ларс Нурберг менен Теро Кивисаари

Швециянын мыйзамдарына ылайык, коррупциялык кылмыштар үчүн алты айдан алты жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. Прокурорлор телекоммуникациялык компаниянын Өзбекстанга кирүү ишин көзөмөлдөгөн Теро Кивисаарини жети жыл сегиз айга кесүүнү суранышкан. Ал эми Ларс Нюберг менен Ули Туимага андан аз жаза берүүнү соттон өтүнүштү.

Кивисааринин адвокаттары 2007-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстанда бийлик өкүлү болбогонун жүйө келтиришип, ал маалда берилген акчалай белек швед мыйзамдары боюнча пара берүүгө жатпастыгын айтышты. Швециянын мыйзамдарына ылайык өлкөдө же башка бир мамлекетте өкмөттүк кызматта турган адамга акча берүү гана коррупция болуп эсептелген.

2012-жылы сентябрда Швециянын коомдук телеканалы Каримовага байланыштуу коррупциялык чырдын чоо-жайын ачыктагандан кийин Башкы прокуратуранын коррупция менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Гуннар Стетлер бул ишти өз көзөмөлүнө алган. Стетлердин айтымында “Telia” компаниясынын Евразиянын рыногуна киришин көзөмөлдөгөн Теро Кивисаари кимге пара берүүнү же бербөөнү жалгыз өзү чечкен.

Бул суроодо Кивисаари "ооба" же "жок" деп гана айта алган. Каримовага пара берүүнү токтотпостон, ал адвокат-кеңешчилеринин жардамы менен пара берүүнү чечкен. Бул процессте контракт түзүү менен буга окшош күнүмдүк иштерди анын юристтери алып барган.

“Teila” компаниясында Евразия бизнес багыты боюнча кеңешчи болгон Ули Туима пара берүүнү мыйзамдаштырууга көмөктөшкөнү, ал эми мурунку директору Ларс Нюберг компаниянын Өзбекстандын рыногуна мыйзамсыз кирүү процессин токтотпогону үчүн жоопко тартылууда.

“Telia” компаниясынын мурунку башчыларына соттун өкүмү 15-февралда чыгат.

Акцияларынын 37 пайызы швед өкмөтүнө таандык “Telia” компаниясы 2017-жылы Гүлнара Каримовага 331 миллион доллар пара бергенин мойнуна алган. Ошондой эле АКШнын Юстиция министрлиги менен келишим түзүп, коррупциялык кылмышты жөнгө салуу үчүн 965 миллион доллар айып төлөөгө макул болгон.

Ларс Нюберг, Теро Кивисаари жана Ули Туимага каршы сот иштери башталганда “Telia” компаниясынын басма сөз кызматы Өзбекстандагы “Coscom” мобилдик операторунун 94 пайыз акциясын өзбек өкмөтүнө 215 миллион долларга сатканын жана Евразия рыногунан толук кеткенин кабарлаган.

Гүлнара Каримова болсо Өзбекстанда бир катар коррупциялык кылмыштар үчүн соттолуп, азыр абакта жазасын өтөп жатат. Ташкенттин сотту Каримованы салыктардан качуу, уурдоо, акча өндүрүү жана офшор компанияларынын документтерин жок кылуу үчүн күнөөлүү деп таап, беш жылга абакка кескен.

Мурунку өзбек президентинин кызына 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда да кылмыш иштери козголгон. Каримова бери дегенде алты телекоммуникациялык компаниядан бир миллиард долларга чейин пара алган деп айыпталууда. Бул акчанын бир бөлүгү – 800 миллион доллар Швейцариянын банктарынан табылып, камакка алынган. 31-июлда Швейцариянын Федералдык соту банктагы эсептерин ачуу боюнча Каримованын апелляциясын канааттандырган эмес. Бул каражаттар жакынкы арада Өзбекстандын өкмөтүнө кайтарылып берилиши мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG