Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Гаитиге жардам бериле баштады


Урандылар астында калган миңдеген адамдардын ичинен тирүүлөрдү куткаруу уланууда
Урандылар астында калган миңдеген адамдардын ичинен тирүүлөрдү куткаруу уланууда

Гаитиликтер шейшембидеги катуу зилзаладан кийин дүйнөдөн жардам күтүп жатышат. Жер титирөөдөн 10 миңдеген адам өлгөнү кабарланууда. Гаитиде акыркы 200 жылдан бери жер мынчалык катуу силкий элек болчу.

Шейшембидеги зилзала кайталанышы мүмкүн деп чочулан гаитиликтер экинчи түндү да ачык асман астында өткөрүштү.

Жер титирөөнүн күчү 7 баллга жеткен. Набыт болгондордун саны10 миңдеп саналаары айтылды. Урандылар астында калгандардын арасында тирүү адамдар болушу мүмкүн дешет.

Зилзала баш калаадагы имараттарды ойрон кылды
Гаитинин борбору Порт-о-Пренс дээрлик толугу менен эле кыйрап калган. Негизги аба майданында көзөмөл жүргүзчү мунара кыйраганына карабай, аэропорт учактарды кабыл алууда. Алгачкы жардам Кытайдан, Франциядан келди.

Бирок өлкө азыр дүйнөдөн мындан да көп жардамга муктаж. Кабарчылардын айтымында, адамдарды куткаруу иши дурус уюштурулбаганы байкалууда.

Борбор калаадагы тургундардын бири азыр аларга жардам аябай керек болуп атканын айтты: “Канчалаган адамдар өлүп жатат. Бизге эларалык колдоо керек. Жардам тезинен керек болуп жатат, - деди ал. - Азыр электр энергиясы өчүп калган, ооруканалар иштебейт, эч нерсе жок. Тамак-аш, телефон, суу - эч нерсебиз калбады. Канчалаган адамдар көз жумууда”.

Башкы максат - тирүү калгандардын өмүрүн сактап калуу
Шейшембидеги зилзаланын очогу өлкөнүн борбор калаасына жакын жерде болду. Эларалык Кызыл Крест уюму өлгөндөрдүн саны 45 миңден 50 миңге чейин болсо керек деп жатат. Премьер-министр Жан Макс Белрив болсо набыт болгондордун саны 100 миңден ашышы мүмкүн экенин билдирген.

Өлкөнүн парламенти, башка мамлекеттик ишканалардын имараттары, мектептер, ооруканалар, - баары жер менен жексен болду. Телефон байланышы үзүлдү, жолдор тосулуп калды.

Гаитиде жалпысынан 9 миллион калк бар. Кызыл Крест уюму алардын 3 миллиону тез жардамга муктаж экенин билдирди.

Дүйнөдө өкмөттөр, ири уюмдар өздөрүнүн куткаруучуларынан тарта догдур, кийим-кечек, тамак-аш, дары-дармек, чатырларын, издөөчү иттерге чейин жибере башташты.

БУУнун баш-катчысы Пан Ги Мун гаитиликтерге жардам иретинде уюмдун атынан 10 млн.доллар бөлүнөөрүн айтты
Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун уюмдун атынан Гаитиге тезинен 10 млн.доллар бөлө турганын айтты.

Орусия врачтар менен дары-дармектер жүктөлгөн учагын жөнөттү.

АКШнын президенти Барак Обама кечээ теле билдирүүсүндө “Гаитинин эли унутта калбайт”, - деп, АКШ бул өлкөгө жардам иретинде 100 млн.доллар бөлөөрүн айтты.

"Азыр бүтүн дүйнө Гаитиге жардам бергенге аракет кылып жатканын Гаитидеги ар бир адам түшүнүшү өзгөчө маанилүү. Адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн Америкадан көбүрөөк сандагы куткаруучулар, догдурдар, техника, тамак-аш, суу баратат," - деп айтты Обама.

АКШдан 5 жарым миңден ашуун аскер ал жакта урандылар астында калгандарды куткарууга, коопсуздукту камсыз кылганга, тартипти коргогонго жиберилип жатканын кошумчалады Обама. Эларалык Валюта Кору да 100 млн.доллар жибере турган болду.

“Балдарды коргоо” деп аталган эларалык кайрымдуулук уюму жер титирөөдөн 2 млн.дой жаш бала жабыр тарткан болушу мүмкүн деп билдирди.

Улуттар уюмунун Гаитидеги стабилдештирүү миссиясынын 150 мүчөсүнүн дайыны жок. Уюм кеминде 22 кызматкери зилзалада мерт болгонун тастыктады.

“Чекарасыз дарыгерлер” гуманитардык уюму алардын убактылуу бекеттерине жаракат алгандар массалык түрдө агылып жатканын билдирди.

Гаитиде катуу зилзала болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG