Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Гондурас: Бири куулган, экинчиси мыйзамсыз


Мануэл Селайянын колдоочулары аны Тегусигальпеде кучак жайып тосуп алышты
Мануэл Селайянын колдоочулары аны Тегусигальпеде кучак жайып тосуп алышты

Гондурастын өлкөдөн куулган президенти күтүүсүз жерден кайра мекенине кайтып келди. Өлкөдө кайрадан саясий кризис курчушу ыктамл экени айтылууда.

Шейшембиде Гондурастын баш калаасындагы Бразилиянын элчилинин айланасына миңдеген адамдар чогулган. Алар өлкөдөн куулган президент Мануэл Селайанын ысымын чыкырып, колдоо көрсөтүп атышкан. Полиция адамдарды көздөн жаш чыгарчу газ менен таркатты.

Селайя дүйшөмбүдө жашыруун жолдор менен кайра мекенине келип, Бразилиянын элчилигинде жашынып алган эле. Бийликтер массалык башаламандыктан чочулап, коменданттык саат киргизишти.

Быйыл июндун этегинде Гондурастын Жогорку Соту Селайяны өлкөнүн Конституциясын өзгөртүп, кайра президент болууну самап жатат деп айыптады. Президент таң эртелеп өлкөдөн куулган болчу.

АКШ, Евробиримдик, Бириккен улуттар уюму жана Латын Америкадагы регионалдык топтор муну “мамлекеттик төңкөрүш” деп айыптап, Селайянын бийлиги кайра орнотулушу лаазым деп чыгышты.

Андан кийин Гондурастын Улуттук конгресси мамлекет башчынын калган мөөнөтүн аткарыш үчүн Роберто Мичелеттини шайлайт. Гондурастагы жаңы бийликти дүйнөдө бир да мамлекет тааныган жок. Ошого карабастан, президенттик шайлоо 29-ноябрга белгиленди.

Мичелетти эгерде Селайя ноябрда өтө турган шайлоону тааныса, аны менен сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирди.

“Албетте, мен азыркы саясий кризисти Гондурастын Конституциясынын алкагында жөнгө салууга даярмын, - деп айткан Мичелетти. - Эгерде Селайя мырза 29-ноябрда өтө турган президенттик шайлоону тааный турганын ачык билдирсе, мен саясий кризисти жөнгө салуу боюнча аны менен сүйлөшүүгө даярмын”.

Вашингтондо болсо президент Барак Обаманын администрациясы бийликтен куулган Селайяны колдоп, өлкөдө “мамлекеттик төңкөрүш” болгон деп билдирген. Республикачыл конгрессмен Конни Макк муну “натуура чечим” деп атады.

“Айрымдар ал жерде “бийлик күч менен алынды” десе эле АКШ Гондураска акчалай колдоосун токтотуп койду. Баарын жакшылап таразалап, ойлонуп көрбөй, АКШнын бийлиги Венесуэланын, Боливиянын жана Никарагуанын президенттери аралашкан нерсени жактырганын көрсөттү. Кандай гана колдоо болбосун, аны токтотуп коюунун өзү туура эмес”, - дейт конгрессмен Конни Макк.

Селайяны сындап жаткандар ал экинчи мөөнөткө президент болуш үчүн өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөрткөнгө аракет кылган дешет. Гондурастын Конституциясына ылайык, президент бир гана мөөнөткө шайлана алат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG