Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

HRW: Ошто абалды жөнгө салууда дүйнө Кыргызстанга жардам бериши керек


Андреа Берг: "Адамдар азык-түлүк үчүн дүкөнгө да чыга албай калышты. Анткени баары өрттөлгөн"
Андреа Берг: "Адамдар азык-түлүк үчүн дүкөнгө да чыга албай калышты. Анткени баары өрттөлгөн"

“Кыргызстандын түштүгүндө кыргыз-өзбек этникалык кагылышууларын токтотуш үчүн Убактылуу өкмөткө дүйнөлүк коомчулук тез арада жардам бериши керек” деп билдирди Human Rights Watch эларалык уюму. Уюмдун Борбор Азия боюнча өкүлү Андреа Берг ушул күндөрү Ошто жүрөт.

Андреа Берг: Азыр Ошто абал өтө оор. Анткени көбүнчө эмне болуп жатканы жөнүндө маалымат элге жетпей калууда. Биз азыр бул жакта ар кимден алынган ушактарды гана угуп жатабыз. Мен жашаган жерде түн салыштырмалуу тынч өттү. Бирок вокзал жактагы жана облустук ооруканага жакын жердеги райондордо өзбектер жашаган аймактарда тааныштарым түнкүсүн тополоңдор болгонун айтышты. Мага эки башка маалымат булагынан ушул тапта өзбектер жөө да, унаа менен да эптеп Өзбекстандын чекарасына качканга аракет кылып жатышканын билдиришти.

Төрөкул Дооров: Ушул учурда Кыргызстандын убактылуу өкмөтү абалды турукташтырыш үчүн кандай чараларды көрүшү керек деп ойлойсуз?

Андреа Берг
Андреа Берг: Убактылуу өкмөт азыр, эң башкысы, адамдардын улутуна карабай, баарына бирдей коопсуздукту камсыз кылышы керек. Өзгөчө кагылышуу-атышуулар болгон райондордо этият болуп, туруктуулукту камсыз кылыш үчүн аракет көрүшү абзел.

Төрөкул Дооров: Сиздер Оштогу кырдаалды жөнгө салыш үчүн дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнө жардам берүүгө чакырдыңыздар. Ким, кантип жардам бериши керек деп эсептейсиз?

Андреа Берг: Дүйнөдө түрдүү эларалык уюмдар бар жана ушул өңдүү жаңжалдарды чечүүнүн да өзүнүн жол-жобосу болот. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Бириккен улуттар уюму бул жакка көбүрөөк кызматкерлерин жиберип, абалды изилдеши зарыл. Эларалык аскер күчтөрүн киргизүү жөнүндө маселеге келгенде өтө этият болуш керек. Алгач эларалык коомчулук жагдайды калыбына келтирүүгө аракет кылып жаткан убактылуу өкмөткө бүт колдоону көрсөтүшү абзел. Чет-элдик аскерлерди киргизүү аягында, эч башка жол калбай калганда гана жасала турган арга. Дүйнөлүк уюмдар эң оболу кыргыз бийликтери менен байланышып, азыркы абалдан чыгууда кандай жардам бере алышаарын тактап алышса дурус. Маселен, бул жакта талап-тоноочулуктан, өрттөн жабыр тарткандарга, там-жайынан айрылгандарга гуманитардык жардам бере алышмак. Азыр бул жер согуштагыдай абалга окшоп турат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG