Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Азизбек Келдибеков: Азизбектин кезектеги азил кеби (3-шиңгил)


«Азаттыктын» тамашакөй окурманы Азизбек Келдибеков “Күлкү кербенине” жаңы азилдерин сунуштайт. Бул жолу ал кыска, нуска ылакаптары менен бөлүшөт.

* * * * * * *

Көз ирмемдеги сөз ирмемдер (1-бөлүк)

Кыргыз сатириги жана жазуучусу Азизбек Келдибеков. 2011-жылдын 6-январы.


Бир партия баш кошсо - позиция,
Эки партия баш кошсо - оппозиция,
Үч партия баш кошсо- коалиция,
Төрт партия баш кошсо - революция.


Жеңең билсе, бүт айыл билет,
ЖК билсе, бүт өлкө билет.


Мамиле кетсе кетсин, мамлекетибиздин бүтүндүгү кетпесин.

Жылкы кишенешип, коалиция «тиштешип» таанышат.

Эки дөө партия кармашса, ортосунда кара «Мерседес» минген министр чабылат.

Жыланга чактырган аргамжыдан коркот,
Революцияга чактырган бийлик, митингден коркот.

Уктаган жыландын куйругун баспа да,
Шайлоодон өтпөгөн партиянын куйругун баспа.

Ачууланган алгач өкүрөр,анан өкүнөр.
Бийлигин алдырган ажо алгач аттырар, анан капчыгын кактырар.

Ата болуп көрбөгөн ата кадырын билбейт, ажо болуп көрбөгөн партлидер элбашы кадырын билбейт.

Бийлик баалуу эмес, элге кадырлуу болгон баалуу.

Махабаттын мыктылыгын көз билдирет,
Депутаттын мыктылыгын сөз билдирет.



Азизбек Келдибеков
(«Азаттыктын» окурманы).
XS
SM
MD
LG