Ушул аптада Нью-Йоркто АКШдагы мигранттардын үй-бүлөсүндө туулган 300 бала Американын жарандыгын алды. Мындай балдар жарандык алууга укуктуу болсо да АКШнын Иммиграция жана Жарандык кызматынын атайын текшерүүсүнөн өтүп, расмий жарандык алганга чейин Американын туруктуу тургуну экенин далилдөөсү керек.
АКШ: I'm American

1
7-класста окуган 12 жаштагы Moхаммед Tамим жана анын 1-класстагы иниси 6 жаштагы Мoхаммед Taлха түбү Бангладештен. Алардын атасы Moхаммед Фироз Американын жараны, Нью-Йорк шаарында курулушта иштейт.

2
4 жашар Oливия Брэддок Армениядан

3
10 жаштагы 5-класстын окуучусу Теодор Пончер Францияда туулган. АКШнын жарандыгын алып жатканда ант берип жатып, колун көтөрүүдө. Анын энеси маркетинг боюнча кеңешчи, үй-бүлөсү Нью-Йорк шаарында.

4
5 жаштагы Хаадия Пакистанда туулган. Анын атасы АКШнын жараны, такси айдоочу, Бруклинде жашашат.

5
3-класстын окуучусу 9 жаштагы Нолелис Алмазцар (солдо) 2-класстагы эжеси 7 жаштагы Нореами Алманцар менен. Булардын ата-энеси Доминикан Республикасынан келген.

6
5 жаштагы Ифеозува Oюаниуй Нигерияда. Анын атасы турак жай боюнча инспектор, алардын үй-бүлөсү Нью-Йорк шаарында Бронкста жашайт.

7
18 жаштагы Кимеция Эрнандез Тринидад Республикасында туулган. Студент. Нью-Йорктун Бруклин аймагында энеси Жениффер Эрнандез менен жашайт.

8
11 жаштагы Лейла Хуссаин Нашердин үй-бүлөсү Йеменден Нью-Йорк штатына көчүп барган.

9
17 жаштага Хуан Васкьюз (солдо) агасы Давид менен. Алар Доминикан Республикасынан, Нью-Йорктун Бронкс аймагында ресторанда иштеген энеси менен жашашат.

10
9-класста окуган 14 жаштагы Шифа Жахан Бангладештен. Анын атасы Мохаммед Фироз Американын жараны, Нью-Йоркто курулуш ишканасында эмгектенет.

11
4 жаштагы Хамои Мохаммед Амер Алжирде туулган. Анын атасы - америкалык жаран, Нью-Йоркто такси айдайт.

12
13 жаштагы 8-класстын окуучусу Анастасия Варанецкая Украинада туулган. Энеси АКШ жараны, дарыгар, булардын үй-бүлөсү Нью-Йоркто Бруклинде жашайт.

13
13 жаштагы перулук студент Карлос Эрнандез. Анын энеси Американын жараны, үй кызматкери, Нью-Йоркто Бронкста жашашат.

14
1-класста окуган Мусса Доуков Сенегалдан. Ал жарандык күбөлүктү алгандан кийин АКШнын желектерин булгалоодо. Анын атасы америкалык жаран, такси айдоочу