Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Индиядагы шайлоодо азыркы премьер утууда


Шайлоодо добуш берип жаткан аялдар.
Шайлоодо добуш берип жаткан аялдар.

Индиядагы парламенттик шайлоодо азыркы премьер-министр Нарендра Модинин «Бхаратия Жаната» партиясы алдыга чыкты.

Бул шайлоо Моди жана анын партиясы үчүн референдум катары бааланып жаткан. 1 миллиард 340 миллионго жакын калкы бар бул өлкөдө добуш берүү дээрлик алты жумага созулду.

23-майда жарыяланган баштапкы жыйынтыктарга караганда, өкмөт башчы Нарендра Модинин «Бхаратия Жаната» партиясы Индиянын 543 орундуу парламентинен 294 мандат алат. Бул Модинин партиясы парламенттеги 50 пайыздан көпчүлүктү сактап калганын билдирет. Буга чейин «Бхаратия Жаната» партиясы парламентте 282 орунга ээ болуп келген.

«Нарендра Моди кайрадан премьер-министр болот. Бул беш жыл ичинде жасалган иштердин жыйынтыгы экенин баарыңыздар көрүп турасыздар. Ар бир маселе боюнча иш-аракеттер жасалганын баарыңыздар көрдүңүздөр», - деди «Бхаратия Жаната» партиясынын өкүлү Минакаши Лехи.

Модинин буга чейинки экономикалык реформалары ойдогудай жыйынтык берген эмес. Ошентсе да ал эл арасында кадыр-баркын сактап калды.

«Моди - абдан күчтүү адам, анда күчтүү сапаттар бар. Ал бүт дүйнөнүн жана уюмдардын алдында Индияны жогору коёт. Моди Индияны күчтүү жана кубаттуу өлкө кыла алды», - деди банк кызматкери Мужлеб.

Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин шайлоодо утушуна февраль айында Индия менен Пакистан бири-биринен талашып келе жаткан Кашмир аймагында индиялык 40тан ашуун полиция кызматкеринин өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусунан кийинки батыл аракеттери да себепкер болду. Адистер бул чабуулдан кийин Моди Пакистандагы жоочуларга абадан сокку урууга буйрук бергени, бекем позицияда турганы анын шайлоочулар алдындагы кадыр-баркын көтөргөнүн белгилешкен.

Нарендра Моди.
Нарендра Моди.

Нарендра Модинин башкы атаандашы Рахул Ганди жетектеген оппозициядагы Индия улуттук конгресси шайлоонун жыйынтыгына ылайык 50дөй мандат алышы күтүлүүдө. Рахул Ганди - Индиядагы таасирдүү саясий династиянын өкүлү. Анын партиясы шайлоодо утулуп жатканын мойнуна алды.

Индияда парламенттик шайлоого бул эки партиядан тышкары да ондогон партиялар ат салышты. 1 миллиард 340 миллионго жакын калкы бар бул өлкөдө добуш берүү дээрлик алты жумага созулду.

Индияда 900 миллиондой шайлоочу бар болсо, анын 600 миллиону добуш берди.

11-апрелде башталган Индиядагы парламенттик шайлоо жети баскычка бөлүнгөн. Акыркы баскычтагы добуш берүү 19-майда аяктады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG